Кримчөйрөнүн өкүлү, «Карышкыр» деген каймана атка ээ Мурсалим Өмүрзаков 15-ноябрь күнү Орусиядан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматтарга караганда, Мурсалим Өмүрзаков ушул жылдын август айында «мыйзамдагы ууру» статусун алган. Ал мөөнөтүнөн мурда бошоп, Чеченстанга учуп кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишенимдүү адамы экендиги айтылып жүрөт. Өмүрзаков буга чейин талап-тоноочулук, каракчылык фактысы боюнча соттолуп, абактагы мөөнөтү аяктаган соң Кыргызстандан чыкпоо шарты менен эркиндикке коё берилген. Бирок Азиз Батукаев Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенден кийин көп өтпөй Өмүрзаков да өлкөдөн чыгып кеткен.
Айрымдар «эми түрмөлөрдө баш аламандык күчөйт» деп кооптоно башташты. Алар бул жүйөнү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу бир нече жыл мурда «Карышкырдын» колу-бутун сындырып кыйнашканына негиздешүүдө. Ошондуктан эки кочкордун башы бир казанда кайнабай, Көлбаев менен Өмүрзаков ортосунда чыр чыгып, абакта отургандар үчүн «эки дөө жөөлөшсө, ортосунда кара чымын өлөт болбосо эле...» деп чочулашууда.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg