Ала-Букада 18-ноябрь күнү Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Издөөдө жүргөн Н.АЛИБЕКОВ кармалып, райондук убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Өкмөт «МЫКТЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ» сынагын жарыялады. Мыктыларды аныктоо үчүн атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия бир ай аралыгында тиешелүү материалдарды карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.
УКМКнын кызматкери 19-ноябрь күнү Бишкектин Фрунзе көчөсүндө ТАПАНЧА МЕНЕН өзүн көзгө атып алган. Өз өмүрүнө кол салган бул жаран учурда республикалык ооруканада дарыланууда.
Бишкек шаарындагы №4-ТӨРӨТ ҮЙҮНҮН жетекчиси ымыркайдын уурдалышына байланыштуу тергөө иштери жүрүп жаткандыктан кызматтан четтетилди.
Депутат ИСМАИЛ ИСАКОВ «Кумтөрдөн» жабдуулар чыгарылууда» деп билдирип, бул фактыны текшерүү керектигин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнө айтты.
Жыл башынан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы тарабынан 238 АДАМДЫН өмүрү сакталды.
Билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВДУН маалыматына ылайык, быйылкы жылы мектептерди окуу куралдары менен камсыздоо 73 пайызды түзгөн.
Европа өнүгүү банкы Ош шаарындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 8,5 МИЛЛИОН евро бөлөт.
Бишкек шаардык мэриясы Нарын шаарына ЭКИ ТРОЛЛЕЙБУС берет. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары чыгарышты.
БАЭнын Ажман эмиратынын башкаруучусу Кыргызстанга 5 МИЛЛИОН доллар кайрымдуулук кылды. Бул акчага Кадамжай районундагы оорукананын оңдолушу жана ал мекеменин заманбап медициналык каражаттар менен камсыздалышы күтүлүүдө.
Таласта «Себат» кыргыз-түрк кыздар лицейи окуучулар арасында САРЫК ООРУСУ күч алгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Маалыматка ылайык, талап боюнча ар бир окуучуга 6 чарчы метр болсо, лицейде бир окуучуга 2 чарчы метр аянтындагы бөлмө берилген.
Энергетика жана өнөр жай министри ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВДИН айтымында, 2013-жылы электр энергиянын 1 киловаты 4 центтен сатылып, жыйынтыгында Казакстанга 14 миллиондон ашуун долларга электр энергиясы экспорттолгон.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, Кыргызстанда 552 МИҢ пенсия жашындагы адамдар жашайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.