ЛЕГЕНДАРЛУУ АННА ГЕРМАН ТАЛАСТА ОКУГАН

«Надежда – мой компас земной,
А удача – награда за смелость.
А песни довольно одной,
Чтоб только о доме в ней пелось»...
Бул ыр баарыбыздын эле эсибизде болсо керек. Легендага айланган, дүйнөнү кайталангыс назик, ошол эле учурда күчтүү үн менен багындырган ырчы Анна Герман Таластын Бакай-Ата районунун Орловка (азыр Ак-Дөбө) айылындагы мектепте окуган. Бул жаңылык ырчынын өмүр баянын иликтеп жүргөн жазуучу Иван Ильичёвдун иликтөөсүнөн улам белгилүү болду. Атүгүл жазуучу 2013-жылдын август айында жергебизге келип кеткен. Анна Германдын «Сүйүү жаңырыгы»(«Эхо любви»), «Үмүт» («Надежда») деген ырлары бүгүнкү күнгө чейин хит болуп келет.

«АННА ГЕРМАНДЫН БАЛАСЫ ЖАЗЫНДА КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ»
Окуяны бизге Таластын Бакай-Ата районундагы Орловка (азыр Акчал уулу Дүйшөн атында) орто мектебинин кызматкери, тарбия иштери боюнча директордун орун басары ИЗРАИЛ КОНДУБАЕВ айтып берди.
– Анна Германдын өмүр баянын жазган Иван Ильичёвго жолукканга чейин деле атактуу ырчынын күйөрманы болчумун. Иван Аннанын баскан жолун изилдеп, Варшавадагы үйүндө бир топ убакыт жашаган экен. Ошондо жазуучу ырчынын апасы Ирма Мартенстин нике күбөлүгүнөн экинчи жолдошу Бернер менен Таластагы Орловка ЗАГСында каттоого турганын көрөт. Эмгек китепчесинен Орловка мектебинде мугалим болуп иштегени да тастыкталган. Ошондон улам кошумча маалымат аламбы деп Иван биздин (Анна Герман окуган, апасы иштеген) мектепке келген. Иван экөөбүз райондук архивден көп убакыт издедик. Көп жыл өтпөдүбү, колго илинерлик документ таппадык.
Германдын уулу Кыргызстанга апрелдин аягында келет экен. Анткени ал апасынан Таластын кызгалдактары тууралуу көп угуптур. Апасынын балалыгы өткөн жерди, кызыл гүлдөрдү көрүүгө келерин айтыптыр.

АННАНЫН БИРИНЧИ МЕКТЕБИ КЫРГЫЗСТАНДА
Атактуу ырчы Анна Герман 1936-жылы Өзбекстандын Үргөнч шаарында жарыкка келген. Атасы Ойген Герман менен апасы Ирма Мартенс көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Анна жаңыдан басып калганда эсепчи кызматын аркалаган атасы 1937-жылдагы репрессияга кабылып, алгач сүргүнгө айдалып, кийин атылып кеткен.
Ирма карыган энеси, Анна, жаңы төрөлгөн уулу Фредерик менен калат. Жер которууну туура көргөн ал Кыргызстанга келип, Орловка айылына отурукташкан. Анна 1943-жылы Таластагы Орловка орто мектебинин босогосун аттайт. Апасы поляк офицери Герман Бернер менен таанышып, чогуу жашап калышат. Бернер Ирманын кыйналганын, бийликтен корунганын көрүп Польшага кетүүсүн суранган. Ирманын улуту немис экени билинип калса, үй-бүлө толугу менен жок болмок. Андыктан алар улутун жашырып,
полякпыз деп келишкен. Бернер согушка аттанып, ошону менен дайынсыз кеткен. Катаал күндөрдүн биринде Аннанын иниси Фредерик чарчап калат.

Анна Германдын апасынын эмгек китепчесинде анын Кыргызстанда иштеп кеткендиги бадырая жазылып турат.

ҮЛПӨТ ТОЙДО ТАЛАНТЫ АЧЫККА ЧЫККАН
Бернер жанында жок болсо да, анын кеңешин туура көргөн Ирма согуш бүткөндөн кийин үй-бүлөсүн алып Польшага сапар тартат. Бернердин жазып берген дарегин жоготуп алган Ирма сураштырып жүрүп анын согуштан курман болгонун уккан. Алар Вроцлав шаарынан чакан бөлмө алып жашап калышат. Ирма мугалим болуп орношот, Анна мектепке кирет. Анна мектепти бүткөндө сүрөтчү болуу тууралуу оюн ортого салган. Апасы «Сен келечектеги энесиң, сүрөтчүлүк менен балдарыңды бага аласыңбы?» деп каршы чыккан.
Геология факультетинде окуган Аннанын «геолог болом» деген максаты түп-тамыры менен курбусунун үлпөт тоюнда өзгөрөт. Анын жакшы ырдаарын билген курбусу тойдо ырдап берүүсүн суранган. Өзгөчө авазы элдин назарына түшөт. Ошондон тарта болочок ырчы студенттердин «Каламбур» театрында иштеп, репетицияларга лекциядан качып бара баштайт. Көп өтпөй алгачкы тушоо кесүү концертин берет.

ФИЗИКТИН ЖҮРӨГҮН БАГЫНДЫРГАН
Анна жайкы каникулдардын биринде жаш физик менен таанышып калат. Ал Варшавадан Вроцлав шаарына практикага келген эле. Кийин эки жаштын ортосун жылуулук аралайт. Жигитти үйүнө конокко чакырып, апасы, чоң энеси менен тааныштырган. Збигнев Аннанын геолог эле эмес, ырчы экенин ошондо билет. Ортодогу тартылуу баш кошууга алып келген.

КАРГАШАЛУУ ЖОЛ КЫРСЫК. 3 ЖЫЛ ТӨШӨКТӨ...
Анна итальянча ырларды сүйүп уккан. Ошондуктан италиялык үн жаздыруучу компаниянын үч жылдык келишимине дароо эле макул болгон.
1967-жылы Анна Герман Сан-Ремо шаарында өткөн фестивалда Италияны багындырды десек болот. Ошол замандын атактуулары Доменико Модуньо, Далида, Сонни, Шер, Клаудио Вилланы ашып өтөт. Атак-даңк курчап турганда каргашалуу автокырсыкка кабылат. Анна жол жүрүп бараткан машина жол жээгиндеги тосмого катуу урунуп, ырчы алыска ыргып, бели, эки буту, сол колу сынат. 12 күн эсине келе албай жаткан ырчы улам бир оор операцияны башынан өткөргөн. Үч жылдан кийин гана Анна ооруну жеңип, үй ичинде акырындан баса баштаган. Төшөктө жаткан жылдары жолдошу жанынан карыш жылбай караган.
1972-жылдан тарта ырчы гастролго чыга баштайт. Ушул эле жылы «Үмүт» («Надежда»), «Бакча гүлдөгөн маалда» («Когда цвели сады»), «Сүйүү жаңырыгы» («Эхо любви»), «Күйүп-жан, менин жылдызым» («Гори, гори, моя звезда») жана башка орус тилиндеги ырларды Польшада жашап, СССРге келип ырдап жүрүп бүткүл Советтер Союзунда атактуулукка жетет.
Илдет менен айыгышкан күрөшкө түшкөн ырчы 1975-жылы уулдуу болот. Атасынын урматына Збигнев-кичүүсү деп ысым ыйгарган. Ошентип, атагы таш жарып турган ырчы кайрадан турмуш сыноосуна кептелип, 1980-жылы ракка кабылганын билген. Элди, чыгармачылыгын катуу сыйлаганын ушундан билиңиз, аты жаман ооруну билсе да, «мен күйөрмандарымды күттүрө албайм» деп гастролго Австралияга барган. Кайтып келери менен ооруканага жаткан Германга үч оор операция жасалып, бирок ийгиликтүү болбой, 1982-жылы 46 жашында көз жумат. Легендарлуу ырчынын сөөгү Варшавага коюлуп, өзү менен кошо музыкалык ачкыч жана ноталары да көмүлгөн. Өмүрлүк жолдошу Збигнев Аннадан айрылгандан кийин үйлөнгөн эмес. Учурда уулу Збигнев-кичүүсү Варшавада инженер болуп эмгектенет. Апасы Ирма Мартенс 2007-жылы 97 жаш курагында каза болгон.

Анна Германдын уулу, апасы жана жолдошу. Апасы Ирма Мартенс 97 жашка чыгып каза болгон.

Анна жолдошу Збигнев менен.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Elnuram090
2013-11-25 11:24:31
Киносун коргом,омур тагдырын корсоткон экенда,ырлары жагымдуу.
0
Zarema94
2013-11-25 12:14:03
бир кем дуйно!
0
kuba-mer
2013-11-26 10:13:02
бир жагынан берип бирок бат эле алып койгон экен да
0
Kumpulu
2013-11-26 17:11:08
Негизи атактуулардын көбүнүн тагдыры тайкы болот.
0
jaina13
2013-11-28 13:14:15
Мага да абдан жагат бул улуу ырчы.Өчпөс-өлбөс ырларды аткарыптырда,түбөлүктүү хит деп,мына ушуну айт!
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан