Жакында «этноакын Тата Улан «Санжыра» радиосунун жетекчиси болуп дайындалды» деген маалымат чыккан эле. Улан мырзанын жаңы жумуш орду менен куттуктап байланышсак, ал бул кабарды төгүнгө чыгарды. Көрсө, Тата Уланга аталган радионун жетекчиси болуу сунушу айтылыптыр. Бирок рэпердин айтымында, бул кыйла түйшүктүү жумушту азырынча эптеп кете алуусуна көзү жетпей жатыптыр. «Мен радионун аки-чүкүсүн түшүнбөйм, анын үстүнө радиону өзүмдүн башка жумуштарым менен айкалыштыра албайм. Ошондуктан жетекчи болууга даяр эмес экенимди айттым»,- дейт Тата Улан.