Казак ырчылары үчүн акыркы убакта Кыргызстан эргүү издөөчү борбор болуп калгандай. Дегеним, нечендеген казак аткаруучулары мекендештерибиздин чыгармаларын которуп ырдап келишет. Мындай салтты эми Ержигит Жандаров аттуу казак ырчы мырзасы «Кеңеш» тобунун «Сирень гүлү» аттуу ырын аткаруу менен улаптыр. «Бул ырды жакында тааныш инилеримдин телефонунан угуп калдым. Интернет аркылуу Ержигитти таап, уруксат сурабаганына капа экенимди жазсам, жооп жазбай койду»,- дейт «Кеңеш» тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов. Ага кошумча, жакында эле Нурлан Насип да ушундай окуяга дуушар болгон. Ал «Менин да сүйүүм ушундай», «Унута албайм» аттуу ырларынын казакча вариантын кокустан угуп калган. «Даяр эмгекти алып которуп алып жыргай бербей, уруксат сурап койсо ичибиз жылып калат эле»,- деп Нурлан мырза да боордошторубузга капачылыгын билдирди.