«Чоро» тобунун көркөм жетекчиси Марат Абылов:«ТҮРКИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫ УЯТ КЫЛБАЙБЫЗ»

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын супер тобу» наамын алган «Чоро» тобу «Turkvizyon-2013» фестивалында Кыргызстандын намысын коргой турганы белгилүү болду. «Супер топ» аталганда «Булар кайдан чыга калышты?» дегендер болгон. Мындай кептерди бүгүнкү күнү «Чоро» тобу жокко чыгарды. Топтун көркөм жетекчиси Марат Абылов менен болгон маегибиз төмөндө.

– Марат мырза, «Turkvizyon-2013» фестивалынын тандоо туруна кантип катышып калдыңыздар?
– Биздин башкы солистибиз Нурболот Теңизбек тандоо туруна аз калганда сыналгыдан көрүп «катышып көрбөйлүбү» деп сунуштап калды, «көрсө көрөлү» деп барганбыз. Фестивалдын талаптары тууралуу жакшы билбей эле катышып алыптырбыз. Биздин стилди билесиңер да, көбүнчө олуттуу ырларды ырдайбыз, ал эми фестивалдын талабы боюнча заманбап ырларды ырдаш керек экен. Ыр тандоодо шашылып бир аз даярдыгыбыз начар болуп калды. Бирок эл бизге ишенип СМС-добуш берүүдө алдыга чыгып кеттик.

– Калыстар тарабынан кандай сын-пикирлерди уктуңуздар?
«Чоро Кожомжаровдун атын алып жүргөнүңөр чоң сыймык» деген пикирлер айтылды. Анан курамдагы жигиттерге «бир аз күлгүлө, музыканын ыргагы менен кыймыл-аракет жасаганга үйрөнгүлө» деген сындар айтылды.

– Фестивалдын алкагында түркчө да ырдасаңыздар керек?..
– Бизге «өз тилиңерде эле ырдайсыңар» деп айтышкан, эми көрөбүз го. Ал жакка продюсер Канат Култаев менен барабыз. Учурда Канат байке түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өзүбүз да улуу агайларыбыз, мугалимдерибизге кайрылып, кеңеш сурап жатабыз. Эл аралык фестивалга алгачкы жолу катышып жаткандыктан, алардын кеп-кеңеши абдан керек болот.

– Сиздер үчүн жеңиш маанилүүбү же катышуубу?
– Биз үчүн бийик деңгээлдеги искусствону көрсөтүү маанилүү. Эгер чындап эле ошондой деңгээлди көрсөтүп жатсак, анда жеңебиз да.

– Былтыр «Супер-Инфо» тарабынан «Жылдын супер тобу» деп табылгансыңар. Силердин чыгармачылык демиңерге таасир бердиби?
– Бизге наам чоң стимул болду, күчтөнүп иштешибизге түрткү болуп берди. Бул өңдүү наамдар ар бир чыгармачыл адамга дем берип шыктандырса керек.

– Фестиваль жакындаган сайын толкундануулар болуп жатабы?
– Учурда элдин үмүтүн актайлы деп кызуу даярдануудабыз. Чынында, биздин башыбызда ушундай чоң жоопкерчилик турат, фестиваль жакындаган сайын «Кыргызстанды татыктуу көрсөтүшүбүз керек!» деген гана ой менен жашап калдык. Буюрса, Кыргызстанды уят кылбайбыз!

– Топто 7 жигит экенсиздер, сахнага дайым толук курамда чыгасыздарбы?
– Жок, ал ырдын аранжировкасына жараша чечилет, мисалы, аранжировкада комуз жок болсо комузчу чыкпайт, барабан жок болсо барабанчы чыкпайт.

– Силерди сахнадан көп жолуктура бербейбиз. Эмне менен алектенип жүрөсүздөр?
– Биз өзүбүздү жандуу музыканын жактоочусу катары көрсөтүп келебиз. Ошол жандуу музыкага татыктуу бололу деп жыл бою тажрыйба топтоп жүрдүк. Акча табуу үчүн эмес, элге руханий байлык тартуулоо үчүн жайында Ысык-Көлдүн пансионаттарын кыдырып концерт койдук. Кызыгы, быйыл Нарындын Куланак жана Учкун айылдары биригип Арпа жайлоосунда чоң той өткөрүшкөн. Бизди чакырышыптыр, аппаратураларыбызды көтөрүп барып жандуу концерт коюп бердик. Аябай жыргап бийлешти.

– Ырчылар тойлордо мини дисктерин көтөрүп барып, фонограмма менен ырдап, тыйынын алып кете беришет. Сиздерде бул жаатта кандай?
– Башка ырчылар мини дискти көтөрүп барышса, биз аспаптарыбызды көтөрүп баруубуз керек болот. Тойлорго чакыруулар көп болот, бирок биз алдын ала талаптарыбызды айтабыз. Аспаптарды жайгаштырганга шарт болуш керек. Чынында, көп эле тойлордон баш тартып коёбуз, анткени аппаратураларды ташуу убаракерчилиги көп убакытты алып коёт. Топтогу жигиттер мамлекеттик оркестрде ойношот, мамлекеттик иш-чараларга катышышат, андан сырткары окуулары бар. Андыктан убактыбыз ченелүү.

– Аспаптарга кандай кам көрөсүздөр?
– Биз пайдаланып жүргөн аспаптар аябай кымбат, улам жаңысын, жакшысын сатып алганга туура келет. Болушунча аяп, аяр мамиле жасайбыз.

– Топ Күмөндөр Абыловдордун династиясынан куралган дешет...
– Ооба, мен Күмөндөр Абыловду «ата» дейм. Өзүмдүн атам Таалайбектин бир тууган агасы. Ал эми топтогу башкы солистибиз Нурболот Күмөндөр атамдын Теңизбек деген инисинин баласы. Башкаларынын тууганчылыгы жок.

– Кандай учурда эргүү аласыздар?
– Залда отургандар менен сахнадагы артисттердин ортосунда байланыш түзүлгөндө. Биздин музыканттар черткен комуздун ар бир кылынын, барабанчынын ар бир соккусунун үнү угармандын жүрөгүнө жетсе байланыш түзүлөт. Угармандар жыргап угуп отурса сахнадагылар да жандана түшөт эмеспи. Биз мына ошол процесстен эргүү алабыз.

«Быйыл топтон эки солистибиз кетип, орду гитарист Азамат Имашев жана клавишник Нурбек Болотбеков деген жигиттер менен толукталды».

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Чоро” тобу: “Turkvizyon-2013" фестивалына даярдык күч”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
EMILI
2013-11-25 11:10:33
Iygilik jigitter!
0
kushtar-bek
2013-11-25 11:25:17
Кантри стильде ырдашат го,азаматсынар!
0
Kumpulu
2013-11-25 13:20:30
фестивалда "Чоро" тобунун жеңиш менен келээрине ишенимим күч. Булардын адамды өзүнө тарта турган магниттик күчү бар сыяктуу. Алардын "Тоолук кыз" аттуу ыры чоңдордун да,кичинелердин да купулуна толот.
0
Diana92kg
2013-11-25 14:18:47
КТРКдан "толук кызды" ырдаганынарды коргом , чынында эле жакшы чыккансынар,теликтен силер ырдап бийлеп жатканынарды коруп мен да бийлегим келип кетти хехехе))) азаматсынар женишке жеткиле
0
Gsuita
2013-11-25 18:48:43
Ваау мага аябай жакты финалда ырдаганы.Ушул топтун женгенине аябай кубанычта болдук.
0
MaRmeLaDka
2013-11-27 11:31:09
Азаматсыңар жигиттер! Былтыркы концертте соонун чыккансыңар. Ийгилик жар болсун!
0
Smileboy
2013-11-27 15:11:29
en sonun top!iygilik jigitter!...
0
tilek-x
2013-11-29 19:09:18
азаматсынар!туркиядан жениш менен кайткыла ийгилик силерге.
+1
SuLuWkA
2013-12-01 22:03:03
Ийгилик жигиттер азаматсынар алга.
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан