Өткөн күнү – 17-ноябрь
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:35 (35 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 85 пайызы
Алпаруучулар – Нурзат Токтосунова, Нурлан Насип
Билет баасы – 200-350 сом
Данияр Эрматов бул жылы концерттерден калбай катышып, бир нече клиптерди тарттырып, ырлары радиолордон байма-бай жаңырып жатса эле буга чейин концерт берип жүргөндөй элестетиптирмин. «17-ноябрь күнү студенттердин майрамында тушоо кесүү концертин берет» дегенди угуп жетип бардым. Концертти
«We’ll be» бий тобу ачып берди. Андан соң алпаруучулар Нурзат Токтосунова жана Нурлан Насип сахнага чыга келишти. «Нурзатты го макул, Нурланды эмнеге алпаруучу кылып койгон?» деп оюмду жыйгыча, меникине окшогон таңыркаган ооздорду жаап, «досумдун концертинде кызмат кылайын деп чечтим. Бүгүн мен 3 кызмат аткарам – алпаруучулук, келген гүлдөрдү ташуу, анан албетте, ырдап берем» деп түшүндүрдү.
Сөздүн гүлүн таап сүйлөгөн Нурзат «Атанын уулу, аргымактын кулуну» деп концерттин күнөөкөрүн сахнага чакырганда аппак кийинип Данияр чыга келди. Бийчилердин коштоосунда 2-3 ыр аткарган соң «Даниярдын сахналаш досу» деп Нурмат Садыровду чакырса, али концертке келе элек окшобойбу, сахнага чыкпай алпаруучуларды оңтойсуз абалга калтырды. Конок катары концертке келгендер Алтынай Нарбаева, Анжелика, «Кыз-Бурак» тобу, Mr. Baha, Нурмат Садыров, ошондой эле коңшулаш өлкөлөр Тажикстандан Парвизи Азиз жана Казакстандан Кайсар Кукишов аттуу ырчылар болушту.
Залдын басымдуу бөлүгү эле ошол күнкү майрамдын ээлери – студенттер экен. Ырас, ырчы мынча тушоо кесүү концертин берип жаткандан кийин оригиналдуу сахна жасалгасын да кошо ойлонот эмеспи. Менимче, мындай ой Даниярга келбеген өңдүү. Сахна жалаң жарыктар менен кооздолуп, залдагы көрүүчүлөр түнкү клубда отургандай эле болушту окшойт. Башка шар, жалтыр-жултур, сүрөт сыяктуу кошумча нерселерди көрө алган жокмун. Чыгармачылыктагы агасы Нурлан Насиптин концерттерине окшоштук жараталы дешкенби, бул ирет Данияр да гитара, комуздун коштоосунда жандуу үн менен ыр аткарып берди. Албетте, мындайда толкундануулар болуп, ырлардын ортосунда тыным, жымжырттык өкүм сүрүп жатты. Башында «жардам берип гүл ташыйм» деп жеңин түрүп жүргөн Нурлан гүлдөрдү унутуп калды окшойт, конокко келген Анжелика тыпылдап жөн кетпей жердеги гүлдөрдү жыйнай кетти.
Баарынан кызыгы, Нурлан Даниярдын концертине келгенин унутуп, залдагы көрүүчүнүн баарын «менин күйөрмандарым» деп энчилеп алды эле, кезеги келип сахнага чыккан Данияр гүлгө кыстарып кат алып келген күйөрман кыздарга карап «Нурлан, маякчы карындаштарыңды мен тартып алдым» деп тамашалай кетти. Карындаштары гүл берсе берсин, көнүмүш нерсе дечи, бирок Данияр концертин «чү» деп баштаганда эле жигиттер гүл көтөрүп сахнага каттай баштаганы жылмайтты. Данияр менен кол алышып, баштарын тийгизип кетип жатышканына мен эле эмес, өзү да «концертим башкача башталды го» деп таң калганын жашырган жок.
Концертте Данияр апасына эркелеп гүл берип, ал эми жердеш эжеси Алтынай Нарбаева «чүрпөбүз» деп эркелетип ыр арнады. Бир эмес, эки өлкөдөн бери сахналаштары ат арытып келип катышканын эске алганда, Даниярды айланасындагылар жакшы эле колдоого алып эркелетишти. Эки жарым саатка созулган тушоо кесүү концертке «жакшы» деген баа берип кайттым.
Толик Сынчы
star@super.kg