СУЛУУЛАР БАССЕЙНДИН КӨРКҮН АЧЫШТЫ

Учурда Супер концертке даярдык күч. 13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүчү концертте жылдын мыктылары гана аныкталбастан, жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан «Супер сулуу-2013» сынагынын жыйынтыгы чыгып, сулууга берилүүчү таажы өз ээсин табат. Финалчылар катуу десек жарашпай калат, өтө катуу даярданышууда. Алар келбетине кам көрүү үчүн сууда сүзүү менен машыгып жатышат. Төмөндө ошондой даярдыктын бир үзүмү.
Концертке келип, жагымдуу ырларга сугарылып, сулуулардын ажарына суктанганды эстен чыгарбаңыз.

Буга байланыштуу борборубуздагы 69-бассейндин администратору АКЫЛБЕК ТЕМИРБЕКОВду кепке тарттык.
– Акылбек мырза, сынактын катышуучулары бул жерде келбетине кам көрүп жатышат. Бассейндин ден соолукка пайдасын айта кетсеңиз...
– Сууда сүзүү адамдын чыйрак, сымбаттуу болушуна жардам берет. Андан тышкары кардарларыбыздын арасында дарыгерлердин жолдомосу менен келгендер да бар. Бассейнде сүзүү сколиозго, грыжасы барларга өтө пайдалуу. Ал көп кыймылды талап кылгандыктан, көп энергия сарпталып, арыктоого алып келет. Организмде зат алмашуу жакшырат. Ошондой эле адамды психикалык чарчоодон арылтат.

– Жабык бассейн менен ачык бассейндин айырмасы эмнеде?
– Жабык бассейн асман алдындагыга караганда таза болот. Анткени көчөдө чаң-топурак көп болуп, суу тез кирдейт. Бишкек боюнча суусу тез-тез алмаштырылган таза бассейн биздики болуш керек. Төрт сезон бою  токтобой иштейт. Бассейндин четинде чыпкалар турат. Ичиндеги сууну эки жумада бир алмаштырабыз.

– Сууда сүзүүнү үйрөтөсүздөрбү?
– Эгер адам таптакыр сүзгөндү билбесе, эки жумада өздөштүрөт. Эң негизгиси, суудан коркпош керек. Анан тең салмактуулукту жана денени бош кармоону, буту-колду иштетүүнү үйрөтөбүз.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таажы үчүн ат салышкан сулуулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (61)
sensei
2013-11-28 03:23:45
Керемет.
-2
jaina13
2013-11-28 12:45:09
Айзуура менен Керемет жылдыздуу экен.Ал эми барынан Орункүл сулуу болгону менен жүзү эмнегедир муздак көрүнөт.
+1
jaina13
2013-11-28 12:56:58
Кыздар,бирок чынында эле жок дегенде халат же платок жамынып алсаңар болмок экен.Купальник деп эле түшө бербей.Аял деген авраат жерлерин күйөөсүнөн башка эч кимге жарыялабаш керек,атүгүл жаман ой менен болбосо дагы...
+3
rs7777777
2013-11-28 21:04:51
Алия отдуши жаткан экен аттин денеси толук корунбой калыптыр менимче Алия женет болуш керек
0
Kumush_94
2013-11-29 09:06:38
Айзура Иманалиевага +5 абдан ыймандуу кыз, мумкун конкурстун шарты ушундайдыр ким билет
0
admin_media
2013-11-29 10:38:36
Кимдир-бирөөнү чектен мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
Баарыңар эске алып койгула, кайталанса чара көрүлөт!
0
klassika
2013-11-29 14:06:50
чын эле арыдан берирээк эле болушпайбы ж-дай болуп ото эле жаман корунушот экен
0
adilet_3234
2013-11-29 15:07:19
Мага Орункул жакты
0
janybek93
2013-12-01 01:09:58
Албетте динибиздеги нормаларды аткарбай койушуптур бирок, кыздар баарибир аял затыда апакай, балыктай сулайган денелери менин шилекейимди агызды )))) Анан силер коментаричилер абдан эле кошоматчыларсынар угуп алгыла. андай мындай деп нарактагысы зынкыйып турганын жон эле сездирбейт(())))) ким жазса демек кызыгып коргону кирген. аны менда мойнума алам))) Айзуура мага кобуроок жакты анын денесиле эмес баары жакты ийгилик сага мен сени суйом)))))))))))
-1
omur2105
2013-12-01 19:23:42
Не дейбиз кыргызымдым кылча бел сулуулары кыздары ушуларда!
0
mr.Ada
2013-12-05 19:38:02
Айзууранын унундо соз жок. журналистка болчудай. Керемет атына заты жарашкан керемет. Бассеинде да башка кыздардай ачык журбоптур.
0
botanik
2013-12-08 12:57:54
сонункен а
0
tariel01
2014-01-06 00:00:01
айзуура жакты
0
tariel01
2014-01-06 00:06:46
э дабдырлар.ыймандуу тарбиялуу дебейле жазгылачы.ыймандуу болсо жыланач тушушобу?!
0
salamat.2010
2014-04-26 11:23:03
Эми купальникчен сууга тушконун корсотпой эле койсо болмок)))
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан