Кыргыз киносунун уламдан-улам алдыга өсүп баратканы кубандырбай койбойт. Мына жакында гана белгилүү режиссёр Сүйүн Откеевдин «Миллиондук мелдеш» тасмасы тартылып бүтүп, 21-ноябрь күнү бет ачары болуп өттү. Буга чейин көп көрөрмандардын бүйүрүн кызытып күттүргөн бул тасманын бет ачарына атактуу казак актёру, «Рэкетир» тасмасында Саяндын ролун жараткан Саят Исембаев келип, конок болду. Актёрду көрүүчүлөр катуу кол чабуу менен тосуп алган соң Саят мырза кино сүйүүчүлөрү менен
«саламатсыздарбы?» деп кыргызча учурашып, жалпыга көңүлдүү маанай каалап, элдин назарын тасмага бурду.
Андан сырткары кыргыз киносунун көрүнүктүү актёрлору Темирлан Сманбеков, Эгемберди Бекболиев да келишти. Миллионго бааланган мелдештин негизги каармандарынын бири Бектемир Мамаюсупов учурда Кытайда экендигине байланыштуу бет ачарга катышпады. Белгилей кетсек, тасма бир кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн миллиондук мелдешке түшкөн 4 жигит тууралуу.
Жагымдуу тасмадан соң чогулган чыгармачыл инсандар атайын уюштурулган чайлашуу үстүндө өз ойлорун ортого салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.