«БИР БОЛ» – ИЛБИРС СЕКИРИГИ

«БИР БОЛ» ЖАҢЫ СИСТЕМ КИРГИЗЕТ
Шайлоо жакындаган сайын жаңы партиялар өздөрүн билдирип, жыйындарын өткөрө башташты. Ак илбирстин образын эн тамга кылып алган «Бир бол» саясий партиясы да II съездин өткөн жуманын аягында өткөрдү. Салт болуп калгандай съездде лидер шайланып же саясий кеңештин курамы аныкталган жок. Партияны адаттагыдай бир лидер же тең төрагалар эмес, саясий кеңештин президиуму башкара турганы партиялык системдеги жаңычылдык, съезддеги жаңылык болду. Мындай кадамга партия жетекчилиги жөн барбагандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Анткени бизде бир лидердин бийлиги партиянын бүтүндүгүнө зыянын тийгизип келген учурлар болгон эмеспи.
Демократиялык коомдо жамааттык башкаруу жемишин гана бербесе, зыяны болбойт. Ошондуктан съездде ар облустан, Бишкек, Ош шаарларынан 2ден адамды шайлоо менен саясий кеңештин курамын түзүү чечими кабыл алынды. Ал эми саясий кеңеш аймактарда өткөрүлчү партиянын жыйындарынын соңу менен 3 айдан кийин шайланат.

ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН КОЛДООСУ…
Адатта, партия съезддерине саясатчылар, ири ишкерлер, депутаттар же мурдагы, кийинки аткаминерлер катышкандыктан, ага көнүп калыптырбыз. «Бир болдун» съездине буга чейинкилерден айырмаланып, интеллигенция өкүлдөрү да келишти. Алардын катарынан белгилүү акын Кыялбек Урманбетовду, Эл артисти Жамал Сейдакматованы, профессор, жазуучу Абдыкерим Муратовду, тарыхчы-журналист Кыяс Молдокасымовду, саясий-коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкуловду, Мамат Айбалаевди, Жалгап Казакбаевди көрдүк. Элдин көп жылдан берки сүймөнчүктөрү Бек Борбиев, Өмүрбек Андарбеков (Ома), Дүйнөнүн чемпиону, атактуу жаш балбан Нурбек Аканов да делегаттардын арасында отурушту. Бул көрүнүш коомдогу бардык катмардын өкүлдөрүн өзүнө камтыганга аракет кылган партия экенинен кабар бергенсиди.

МАМЛЕКЕТТИК БИРИМДИК ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИК – ӨЛКӨ ИДЕОЛОГИЯСЫ
Съезддеги башкы маселе болгон партиянын программасына токтолсок, аны менен тарыхчы Кыяс Молдокасымов тааныштырды. Буга чейин биз социалдык, социалисттик, либералдык, демократиялык, улутчулдук аталышындагы партияларды угуп жүргөн болсок, «Бир бол» мамлекеттик биримдик жана мекенчил партия экенин Молдокасымов баса белгилеп айтты. Өлкөбүздүн элинин биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн туу тутат. Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо улутуна, диний ишенимине карабай элди бир болууга чакырат. Улутчул-мекенчилдикке каршы, мамлекеттик-мекенчилдикти колдойт.
Эгерде дүйнөлүк тарыхты карап көрсөк, дал ушул мекенчилдик, биримдик идеясы мамлекеттердин, улут, элдердин өсүп-өнүгүүсүн шарттаганын көрөбүз. Алыс барбай Малайзия, Сингапур, Түркияны алсак, мекенчилдик саясаттын аркасы менен бүгүнкү экономикалык өнүгүүгө жетишип отурушат. Кезинде Ататүрк түрктөрдү мекенчилдик идеясына сугарган болсо, АКШда да бул нерсе мамлекеттик саясаттын, жүрүм-турумдун негизи. Улутуна, расасына, тегине карабай америкалыктарда мекенчилдик сезим болуп көрбөгөндөй калыптанган. Тилекке каршы, Кыргызстанда мекенчилдикке караганда аймактык, уруу-урук болуп бөлүп-жаруучулук күчтүүлүк кылары турмуш чындыгы.

«ИЛБИРС СЕКИРИГИ» ПРОГРАММАСЫ
Биримдик, мекенчилдик партия программасынын негизги өзөгүн түзсө, жогорку маянаны, жашоого жетиштүү пенсияны караган майнаптуу социалдык саясат, сый, кошуначылыкты жактаган тышкы саясий доктрина, инвесторлорду коргоо менен элдик ишкерликти колдоо, табиятты көздүн карегиндей сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү, коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукту, тартипти орнотуу, демократиялык принциптерди өнүктүрүү деген маселелер да стратегиялык платформанын негизин түзөт. Программада айтылгандарды ишке ашыруу үчүн «Илбирс секириги» аракет программасы иштелип чыгат. Кыргызстан азыр илбирс сымал жогору көздөй секирик жасабаса, дүйнөлүк агымдан четке сүрүлүп калышыбыз да абзел. Ал эми секирикти дагы эле мекенчилдиктен жаралган ынтымак, биримдик менен гана ишке ашыруу мүмкүн.

ПАРТИЯНЫ ЖАШТАРСЫЗ ЭЛЕСТЕТИП БОЛОБУ?
Жаштар канаты жок партиянын ийгиликке жетиши кыйын. Себеби жаш муун өкүлдөрү – келечек ээлери. «Бир болдун» катарында жаш саясатчы, активисттер жетишерлик экени делегаттардын курамынан эле көрүндү. Келген делегаттардын аз эмес бөлүгүн жаштар түздү.
Партиянын Жаштар комитетинин төрагасы Атай Бейшенбек уулу 2 ай ичинде жаштар канатынын кылган иштери жөнүндө маалымат берип, жаштар партия жетекчилиги менен тыгыз иш алып барып жатышканына токтолду. Баса белгилеп койчу нерсе, бир канча жаштардын коомдук уюмдары – «Ариет» демилге тобу, «Мекеним» жаштар кыймылы, «Тамга» коомдук уюму, «Келечек» студенттик жаштар союзу, «Позитив» кыймылы партиянын Жаштар комитетинин алдына биригишкен.

ШЕРИМКУЛОВ, АЙБАЛАЕВ БАТА БЕРИП…
Акыркы учурларда эл көзүнө көп көрүнбөй калышкан, саясий оюндардан алыс, эл арасында кадыр-баркы жогору аксакалдар, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов менен Баткендин мурдагы губернатору, саясий-коомдук ишмер Мамат Айбалаев съездге конок катары катышышты. Партиянын ишине ийгилик каалап, ак баталарын беришти. Медеткан Шеримкуловдун «Эч качан кыргыздарга гана таянбагыла, башка улуттун өкүлдөрүн катарыңарга тарткыла, ошондо ийгилик силердики болот. Кыргызда «эки шумкар кармашса, бир каргага жем болот» деген макал бар. Партия лидерлерине айтарым, кармашпагыла, бир болгула!» деп айтканы партия идеологиясына үндөшкөн насаат, кеңеш болуп калса, Мамат Айбалаев партияга кең келечек каалап, Кыргызстан, кыргыз эли үчүн кызмат кылган партия болуусуна тилектештигин билдирди.

«БИР БОЛГОНУҢАР ТУУРА БОЛОТ»
Партиянын идеологиялык программасында руханий-маданий жактан Манаска, Барсбек каганга жана Чыңгыз Айтматовго таянары баса бегилениптир. Манас дайыма биримдик идеясын карманып, бөлүнбөөгө, бир болууга чакырып келген, Барсбек каган кыргыздарды бириктирип, кыргыз мамлекетин кураган. Ал эми Чыңгыз Айтматов ойчул, гуманист катары өз чыгармаларында биримдик идеясын көтөрүп келген. Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолундагы» Жер эненин атынан «бир болгонуңар туура болот» деп айтканы – генийдин бүгүнкү муун, биз үчүн айтылган осуяты, ибараты.

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aziz1990
2013-11-26 03:09:55
Егемендик алгандан кийин биринчи чек араны ушул шеримкулов тосуш керек болчу Жиндиге теетиги жер сеники десен биринчи 4 жагына таш койот Партиянар башынан еле сасып баштаптыр
+1
kuba.kq8705
2014-07-08 19:47:01
alga altynbek baike ar daiym bir bololu kyrgyzstan
0
№ 577, 22-ноябрь-28-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан