«Бодибилдинг» деген сөздү укканда булчуңдуу, кан тамырлары көөп чыккан «дөөнү» элестетет эмеспизби. Ал эми бодибилдинг менен кыздар да машыгат десе, кандай ойдо каласыз? Бүгүнкү биздин каарманыбыз бодибилдинг менен машыгып, бир нече мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон АЙСУЛУУ КАРЫНБАЕВА болмокчу.
КАРЫНБАЕВА АЙСУЛУУ ТҮЛӨКАБЫЛОВНА
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 14-январь.
Бою – 160 см, салмагы – 55 кг.
Жетишкендиктери – Пауэрлифтинг боюнча КРнын 3 жолку абсолюттук чемпиону (2010, 2011, 2012); Бодифитнес боюнча КРнын чемпиону (2013); Бодибилдинг жана бодифитнес боюнча Азия чемпиондугунда 3-орун (2013).
Жактырган спортчусу – Ронни Коулмэн, Кевин Леврон, Кай Грин (үчөө тең америкалык профессионал бодибилдерлер).
Билими – Жусуп Баласагын атындагы КМУнун юридика факультетин аяктаган.
«КИЧИНЕМДЕН СПОРТКО ЖАКЫНМЫН»
– Мен кичинемден эле спортко жакынмын, гимнастика, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча машыккам. Спорттук түзүлүштөгү денелер жаккандыктан, денемди чыңдоо үчүн бодибилдинг менен машыга баштагам. Бодибилдинг жана бодифитнес боюнча мелдештер сулуулар сынагын элестетет. Кыздар кооз купальник кийип, макияж жасатып, чачтарын жасалгалап сахнага чыгышат. Көрктүү басып, жылмайып судьяларга жана көрүүчүлөргө таасир калтыруу керек. Судьялар кооз иреттелген булчуңдарына, сулуулугуна, сымбаттуулугуна жана басыгына карап баа беришет.
«МЕЛДЕШ АЛДЫНДА КҮНҮНӨ 2 МААЛ МАШЫГАМ»
– Мелдештер ортосунда жумасына 3-4 жолу 1,5 сааттан, ал эми ага даярдануу учурунда күнүнө 2 маал машыгам. Даярданып жатканда үй-бүлөңө, досторуңа көңүл бөлгөнгө убакыт болбой калат. Убактыңдын көбү машыгууга жана организмди калыбына келтирүүгө кетет.
«СЫРТКЫ КЕЛБЕТ ДИЕТАДАН КӨЗ КАРАНДЫ»
– Ар бир бодибилдердин өзүнүн тамак ичүү рациону болот. Белгилүү бир чектөөлөр гана болбосо, мен кадимкидей эле тамактарды ичем. Жемиштерден жашыл алма, грейпфрут жана лимон гана жейм. Бодифитнес менен машыгып баштагандан бери көбүрөөк эт колдонуп калдым. Куурулган тамактардан баш тартып, кайнатылган тамактарды ичем. Сулу боткосун, айран жана быштакты аябай жакшы көрөм. Мелдеш өтүүчү мезгилдерден башка убакта эмне кааласам, баарын жегенге өзүмө мүмкүндүк берем, бирок диета кармайм, себеби сырткы келбет диетадан көз каранды. «Сушка» (ашыкча майлардан арылуу, бирок булчуңдарды сактап калуу) кылуу да жеке өзгөчөлүктөн көз каранды. Меники болжол менен жарым жылга созулат.
«МАШЫГУУ МЕНЕН АЯЛ КЕЛБЕТИН БУЗБАЙТ»
– Протеин булчуңдун өсүшүнө жана калыбына келиши үчүн өтө зарыл. Ал кишинин организминдеги клеткалардын түзүлүшүн камсыздоочу аминокислоталарды ташыйт. Протеин деп белокту аташат, ал быштакта, айранда, жумурткада жана башка бардык эле тамактарда ар кандай өлчөмдө болот. Эң башкысы, организмди туура тамактанууга жана тамактануу режимин сактоого үйрөтүү керек. «Эркектердей машыгуу аялдын сырткы келбетине терс таасир тийгизет» деген – болбогон сөз. Аял менен эркектин гормоналдык структурасы ар башка. Ошол себептүү аял «машыгуу менен кебетемди бузуп алам» деп коркпой эле койсо болот. Аял канчалык машыкса деле, эркектердикиндей чоң булчуң чыкпайт.
«КИЙИН МАШЫКТЫРУУЧУ БОЛОМ»
– Мелдештерге даярданууну күндө залга барып машыгуу, туура тамактануу, мелдеш үчүн керектүү купальниктер, грим жана спорттук кошулмалар деп түшүнсөк болот. Мунун баары көптөгөн каржыны талап кылат, ошондуктан спортчу үчүн демөөрчүсү жок оор. Бизде бодибилдинг менен машыккан, мелдештерге катышып жүргөн кыздар бар, бирок кыргыз кыздарынан жалгыз эле менмин. Карьерамды аяктагандан кийин машыктыруучулук менен алектенсем деген оюм бар. Жеке жашоом тууралуу айтсам, турмушка чыга элекмин. Аны ойлоого убактым да жок, бардык убактымды негизги жумушума жана машыгууга жумшайм. Бардык эле кыздардай мен да үй-бүлө күткүм келет, бирок, «биз божомолдосок, Кудай жайгаштырат» демекчи, бардыгы Кудайдын эркинде.
Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg