Биз социалдык тармакта

«ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРДҮ» ДЕП УУЛУ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

«Өз энесин өлтүрдү» деген шек менен Талас шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Талас ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрь күнү Талас шаарынын Манас көчөсүнө «Тез жардам» кызматы чакырылган. Алар барган учурда 1945-жылы туулган Галина аттуу айым оор абалда болчу. Ал алган жаракаттарынан улам «Тез жардам» унаасынын ичинен каза тапкан.
Көп узабай кылмышка шектелип маркумдун уулу, 1971-жылы туулган Евгений кармалды. Милиция кызматкерлери анын батирин тинтүүгө алганда 150 грамм баңгизаты табылган. Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
karo
2013-12-07 04:38:29
Тооба кылдым, Кудайым озу сактасын ушундай жаман нерселердер. Биздин убакта мындай иштер жонокой эле болуп калды.
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан