2013-жылдын 25-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоо саат 13:15тер чамасында болгон. Өрт өчүрүүчүлөр айтылган дарекке барышканда турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 40 чарчы метр жыгач полу, эмеректери жана төшөнчүлөр күйгөн. Ошондой эле бөлмөдөн 1936-жылы туулган С.А. аттуу адамдын жансыз денеси табылган. Маалыматтарга караганда, ал түтүнгө ууланып калган. Ал эми өрттүн келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg