«НАРКОЗДОН КИЙИН «МАНАС» АЙТЫП БАШТАДЫМ»

«Түндө жатып түш көрдүм,
Түшүмдө мындай иш көрдүм:
Түшкө кирди Сагымбай,
Андан кийин Саякбай.
Жетелеп экөө алыптыр,
Так колтуктан көтөрүп,
Оозума «Манас» салыптыр.
«Оорубагын, балам, деп,
«Манасты» айтып жакшылап,
Элиңе тартуу кылгын деп»... Ар дайым жогорудагы саптар менен ырымдап улуу эпосту айтып баштаган жаш манасчы Нурбек Калыбек уулу бүгүн биздин төрдө. Анын бул өнөргө ээ болушу да өзүнчө кызык баян.

«КАЙДАНДЫР КАСИЕТТЕР ПАЙДА БОЛДУ»
-Балалыгым Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында өттү. Улуу манасчы Саякбай Каралаев атабыздын айылынан болом. «Жараткан жакшы көргөн пендесинин бир жерин кем кылып жаратып коёт» дешет эмеспи. Төрөлгөндөн эле оң бутумдун тарамышы тартылып, бутумдун учу менен басчумун. Ага карабай өзүм теңдүү балдар менен футбол, волейбол ойноор элем.
2010-жылы Саякбай Каралаев атындагы орто мектептин жетекчиси мени Бишкекке, Сабырбек Жумабековго бутумдун тарамышын түздөтүү үчүн операция жасатканы алып келди. Так ошол операциядан кийин менде кайдан-жайдан экени белгисиз, манасчылык өнөр пайда болду. Дарыгерлер, жанымда жаткан бейтаптар «каталка ыргалып келе жатат, үстүндө сен көзүңдү жумуп алып «Манас» айтып келаттың» дешти. Операциядан кийин таманым менен бассам да, чуркай албай калдым, бирок Кудай тилиме берип, манасчылыгым ойгонду. Ага чейин бир эле жолу китептен жаттап, мектептен үзүндү айткан элем. Манас ааламы чалкып жаткан мухиттей, ал эми мен жаңыдан гана бир тамчысын айтып, элге жеткирип келаткан жаш манасчылардын биримин. Түшүмө көбүнчө Шаабай ата, Саякбай ата кирет. Манасчылык дүйнөсүн алып кетиш оор. Көп эмгектенип, көп варианттарды окуш керек.
Ошол операциядан кийин манасчылык өнөргө гана ээ болбой, Манас атабыз өзүнүн да баатырдык жактарын кошо берсе керек деп ойлоп кетем. Себеби ошондон тарта 80 килограмм салмакка чейинки жүктү тишим менен, ал эми 12 литр сууну кулагым менен көтөрө баштадым. Эң алгач студент кезимде бир нанга мелдешип, 50 килограмм салмактагы бир баланы тишим менен көтөрүп, керебеттин үстүнө ыргыткам. Азыр болсо туугандарым, келинчегим «бутуң ооруйт» деп тыйып калышты. Бирок «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп кээде балдар намысыма тийгенде сүйрөчүсүн сүйрөп калам.

«КИШИНИ УКТАТАСЫҢБЫ?» ДЕШИП ЫЗЫ-ЧУУ ЧЫГАРЫШЧУ»
-Мага эргүү көбүнчө түнкү саат 3төрдөн кийин келет. Кээде тоолорго барып, кыргыздын кереметтүү жерлерин көргөндө ичимдеги бугум батпай, «Манасты» өзүмдөн өзүм айтып жиберем. Кенен жер болуп, үнүм жаңырып турса эле «Манас» айткым келе берет. Ал эми тар бөлмөлөрдөн кысылып кетем. Мурда, операциядан кийин №20-кесиптик лицейдин жатаканасында жашачумун. Ал жактан түн ортосунда уктап жатып эле тура калып «Манас» айта баштачу экенмин. Өзүм деле билбейм. Жанымда жаткан балдар көнүп калышкан. Алар «окуяларды чаташтырып айтасың» дешчү. А кыздар болсо «Нурбек, кишиге уйку бересиңби?» деп башында кыйкырып, даттанышчу. Вахтадан бери келишип «бул жак деген лицей, эл уктап жатат» дешип ызы-чуу чыгарышчу эле. Азыр Улуттук консерваториянын манасчылык бөлүмүндө окуп, жатаканасында жашагандыктан, коридордон кенен-кесири улуу баянды айтам. Эч ким деле даттанбайт, себеби бир бөлмөдөн сыбызгы, бир бөлмөдөн комуздун үнү жаңырып турат. Бири-бирибизди түшүнөбүз.
Апам кошокчу, ошондон улам манасчылык өнөргө ээ болсом керек деп ойлойм. Айылда жүргөндө апамдын кошогун көп барктачу эмес экенмин. Кийин чыгармачылыкка аралашканда бул жактан кошокчуларды көрүп, ошондо апамдын өнөрүнө баа берип калдым. Эсимде, таятам каза болгондо апам эки сиңдиси менен боз үйдө отуруп:
«Ата!
Жаткан жериң кудукпу,
Эки кызың дудукпу?»- деп кошок кошкон эле, себеби эки сиңдиси кошок кошпой отурушкан.

«УСТАТТАРЫМ ЖАНА ИЙГИЛИКТЕРИМ»
-«Манас» айта баштагандан тарта жакшы эле ийгиликтерге жетишип келатам. Эң алгач «Кыргыз тил майрамына 20 жыл» деген сынакта Бишкектеги лицейлер арасында 1-орунду алгам. Андан кийин дастанчылык, манасчылык, акыйнек айтуу боюнча жаш таланттардын сынагында Бишкекте 1-орунду, ал эми Кыргызстан боюнча 3-орунга ээ болдум. Эгемендүүлүк майрамына карата чоң манасчылар арасындагы сынакта орунга илинбей калдым, бирок «Эл купулуна толгон манасчы» деген өзүнчө сыйлык алгам. Кийин да анча-мынча сыйлыктарга илинип, кээде тойлордо өнөрүмдү тартуулап, үй-бүлөмдү багып келем. Келинчегим Айжан белгилүү манасчы Улан Исмаиловдун карындашы. Жакында кыздуу болуп, атын ырымдап эпостон алып Арууке деп атадык. Эркек болсо Айкөл деп коёюн деп жүргөм, эми кийинкисинде.
Чоң манасчыларды көргөндө аябай сүрдөйм. Айрыкча Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов сыяктуу агайларым жол көрсөтүп, устатчылык кылып келатышат. Манасчылык Кудайдын берген таланты, ар кимге эле мындай өнөр бере бербейт. Ал эми устатчылык – өзүнүн оозундагы «Манасты» башка бирөөгө салып берүү эмес, жол көрсөтүү. Саякбай атанын биринчи устаты Дыйканбай, экинчи устаты Чоюке болгон да. Саякбай атанын бир жакшы сөзү бар, айта кетейин. Тайторуну чапкан жерин ал Чоюкеден өздөштүрүп алыптыр да. Анан:
«Чоюке – көл, мен – тамчы,
Чоюке – бүркүт, мен – чымчык,
Чоюке – чынар, мен – чырпык»,- деп ырдаган экен. Илгери ушундай болгон да. Оту менен кирип, күлү менен чыгып, устаттарынан манасчылыкты өздөштүргөн. Кыргыз башка улуттардан «Манасы» менен өзгөчө, бийик турат. Кыргыздын баары манасчы болуп кетпейт, бирок жок дегенде үч сап «Манас» билиши керек. Жаштарга айтарым, Манас атабызды тааный жүрсөк.

«Апам ийгиликтериме кубанып, мага колдоо көрсөтүп турат».

Каарманыбыз досун тиши менен кыйналбай эле көтөрүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Наркоздон кийин "Манас" айтып баштадым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Zverchik
2013-12-02 22:28:52
азаматсын
+1
belosnejka1
2013-12-04 10:33:10
Манастын ыйыктыгына айтып соз жетпейт. Азамат экенсиз!
+1
Nurak
2013-12-06 15:04:25
Онорун оркундой берсин. Ийгилик каалайбыз.
+1
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан