Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн спорттун самбо түрү боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка катышкан спортчуларыбыз 26-ноябрда кайтып келишти. Аталган спорттук иш-чара 22-ноябрдан 25-ноябрга чейин өтүп, ага дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн спортчулар катышкан.
Ош калаасынан 3 спортчу барып, жыйынтыгында Курманбек Адил уулу 82 килограммдык салмакта таймашып, коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт комитетинин адиси Фарух Сыдыков билдирди.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg