ОШ ШААРЫ КӨМҮР МЕНЕН ТОЛУК КАМСЫЗДАЛДЫ

Ош калаасындагы билим берүү жана медициналык 85 мекеме көмүр менен толук камсыз болду. Ош мэриясынын чарба, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романовдун билдирүүсүнө караганда, жайында шаар калкынын кышка көмүрдү камсыздап алуусу тууралуу баракчалар таратылып, тургундарга маалымат жайылтылган.
Шаардыктар үчүн 14 жерде көмүр сатуучу орундар түзүлүп, тоннасы 4500-5000 сомдон сатылууда. Мэрия тарабынан 15 200 тонна көмүр камсыздоо керек болсо, учурда 15 361 тонна даярдалган. Шаарда көмүргө байланыштуу жетишсиздик таптакыр болбой тургандыгын Урали Романов белгилеп өттү. Ош шаардык монополияга каршы жана жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн баасынын кескин көтөрүлүп кетпөөсүн көзөмөлдөп турмакчы.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
tilek-x
2013-12-04 13:13:49
Кымбат эмеспи 5000сом тоннасы.
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан