Кеңсебизге башынан ар кандай тагдырды кечирген адамдар келишет. Бул ирет Бермет Жусубалиева аттуу айымдын көз жашын тыя албай айтып берген тагдырын угуп, сөз айтууга жарабадым. Анын баянына сиз да күбө болуңуз.
«БАТИРДЕН БАТИРГЕ КӨЧҮП ЖҮРДҮК»
-Мен Кара-Кулжа районунун Терек айылында туулгам. 2 эжем, 2 агам бар. Үйдө кенжеси элем. 4 жашымда апам каза болуп, өгөй энемдин колунда чоңойдум. Ал өз баласындай бакты. Окуучулук күндөрүм да жакшы өткөн. Атам согушка катышкан, 1-топтогу майып болсо да, бизге жетим ашын жедирип, жетим кийимин кийгизбеди. Бактылуу элем. Бирок жогорку окуу жайына тапшыра албай калдым. Ата-энем мен жактырбаган балага мени турмушка беришти. Тагдырдын көр азабы ошондо башталды.
Күйөөмдүн чечкинсиздигинен 6 ай гана жашап, 6 айлык боюмда бар кезде ажыраштык. Кыз төрөдүм. Жолдошумду күттүм, бирок келген жок. Үмүтүм үзүлүп, бала бакчада иштеп, кызымды жалгыз тарбиялай баштадым. Кийин кызымды апамдарга таштап, өзүм шаарга келдим.
Шаарда иштеп жүрүп бир жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Ал да жетим бала экен. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп турсак да, кыйынчылыкты көп тарттык. Үйүбүз жок, батирден батирге көчкөн күндөр көп болду. 5 балалуу болдук, эркек киши эрксиз болот экен, турмуш кыйынчылыгын көтөрө албадыбы билбейм, ичкиликке берилип кетти. 5 баланы багуу, алардын келечегин ойлоо жалгыз менин мойнумда калды. Бирок балдарымды ачка калтырып, жыртык кийим кийгизген жокмун.
«АЛТЫ БАЛАМДЫ КАНАТЫМА КАТЫП КАЗАКСТАНГА ЖУМУШ ИЗДЕП КЕТТИМ»
-1991-жылы таянар атам каза болду, өгөй энем туугандарына кетип калды. Алардын колундагы кызымды өзүмө алдым. Аябай кыйналганымдан, 6 баламды таштаарга адам жок, канатыма катып иштегени Казакстанга жол алдым. Ал жакта 4 жыл тамеки өстүрүп иштедим. Казактар акыбызды жарытылуу деле төлөшпөгөндүктөн, жыргап кеткен жокпуз. Балдарымды ар жерде сүйрөп иштеп жүрдүм. Кыргызстанга келсем баягы эле көрүнүш экен, жолдошумдан дайын жок. Туугандарынан сураштырсам, алар да билишпейт. Жумуш жок, жашоо кыйын. Казакстанга кайра кеттим.
Улуу кызымды казактар ала качып кетишти. 7 ай жашап, бирок көнө албай кайра келди. Ал да көз жарды. Төрөт учурунда дарыгерлер жакшы карабай, төрөгөндөн кийин ичинде шишик пайда болуп, операция жасашты. Ал учурда бир казактын колунда иштеп жаткам, ал киши жакшы эле, акыбызды өз учурунда берип турчу. Баары өз нугуна түшө баштаганда кызым ооруп калып, тапканымдын баары ага жумшалды.
«МЕНИ БАГАТ ДЕП ҮМҮТТӨНГӨН УУЛДАРЫМ КАЗА БОЛУШТУ»
-Кыргызстанга келип, бир жылдай жүрдүк, турмушубуз жакшы жакка бурулбады. Казакстанга кетүүгө мажбур болдук. Ижарага жер алып капуста эктик. Ошондон бир аз көтөрүлө баштадык. Экинчи кызымды сүйлөшкөн жигитине турмушка бердим, балалуу болушту. Баласы 9 ай болгондо күйөө балам кан басымы көтөрүлүп каза болуп калды. Анын да апасы өгөй экен. Кыйналып-кысталсам да неберемди өзүм багып алдым. 4 кыз, 2 уулум бар болчу, азыр 3 кызым турмушта, 1 кызым мени менен жашайт. Мени багат деп үмүттөнүп жаткан эки уулум тең каза болуп калышты.
«ЖАКШЫ КҮНДҮ КҮТКӨН САЙЫН АЗАП-КАЙГЫДАН АРЫЛБАДЫМ»
-Мен турмушта кыйынчылыктарды көп көрдүм, уулдарымды жоготкон учурлар адам көтөргүс азап болду. Биринчи турмушка кадам койгондон баштап жакшы күндөрдү, бактылуу жашоону күтүп келем. Жакшы күндү күткөн сайын кыйынчылык, азап биринин артынан бири келип жатат. Аялды алсыз кылып жаратканы менен, жаны темирдей тура. Баарын көтөрүп келатам.
Чоң уулумду Казакстанда жүрүп үйлөндүргөм. Казакстандан келип, Орусияга иштегени кеткем. Ал учурда экинчи уулум Мухаммед Бишкекте иштеп жүргөндө Нуржамал деген кыз менен сүйүшүп калыптыр. Келсем «апа, мен үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар» деди. «Коё тур» дегениме көнбөдү. Биз Ош шаарында жашап калдык. Анан былтыр декабрда жолдун алыстыгына карабай ал кыздын туугандарынын астына барып, макулдугун алганбыз. Эмнегедир туугандары кайра каршы болушту. 10 күн өткөндө кыз өзү балама телефон чалып «мен сени менен кетем, алып кет» дептир. Балам «апа, чакырып жатат, барып алып келейин» деп оолугуп алган. Анан өздөрүнүн макулдугу менен ала качып келип үйлөндү. Туугандары да келип, сыйыбызды көрүп кетишти. Экөө жакшынакай жашап жүрүшкөн, базарда самса жаап иштешчү. Орусияга кетебиз дешкенинен төркүлөтүп коёлу деп төркүнүнө алып барып келдим. Бир күнү базарга кетсем, келиним буюмдарын алып үйдөн качып кетиптир.
«МЕН БАСКАН ЖОЛДО АЗАПТЫН ГАНА ИЗИ КЕЛАТАТ»
-Келиниме эч ким эч нерсе деген эмес. Качканына эмне себеп болгонун билбей калдык. Балам аны угары менен жумушун таштап, Бишкекке кетүүчү таксилерден издеди. Таппадык. Ызы-чуудан кан басымым көтөрүлүп, ооруканага жатып калдым. Келиним курбусунун үйүнөн табылды. Ооруканадан чыксам уулум «Нуржамал кетем деп жатат, салып жиберейин» дейт. Келиним менен сүйлөшсөм «мени кечириңиздер, кетейин» деп чыгып кетти. Балам кетиргиси келбей, экөө шаар айланып эки күн жүрүштү. Узатып келип, уулум аябай ыйлады. «Артынан барып жашайм. Сиз кабатыр болбоңуз, иштеп, акча салып турам» деп аялынын артынан кетти. 10 күндөй жүрүштү. Батир даярдап, экөөнө тең жумуш таап, келинчегине барса, «мен үчүн убара болбо, башка жигитим бар» дептир. Балам аны көтөрө албай асынып алыптыр. Анын азабын тартып, жылдыгын өткөрөлү деп жатканда чоң уулум жол кырсыгынан каза болду. Жакында эле кыркын бердик, эч нерседен үмүтүм калбады...
Улуу уулумдун артында келинчеги 2 уул, 2 кызы менен калды. Ушул күнгө чейин балдарым деп жашап келсем, эми неберелерим деп жашап калдым. Кайсы күнөөм үчүн мынчалык азап тартып жатканымды түшүнбөйм. Мен баскан жолдо ар бир кадамымдын артында азап менен кайгынын изи калып жатат...
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg