Ырчы Анжеликанын кызы Айыма:«МАМАМДА АКЧА КӨП, ПАПАМ АНДАН АКЧА СУРАЙТ»

Ырчы Анжеликанын тун кызы Айыма менен сүйлөшүү үчүн ал барган бала бакчага баш бактым. Бийлеп, ырдап тосуп алган Айыма быйыл 5 жаштан өтүп, көп нерсени түшүнүп калыптыр. Дегеним, суроолорума жооп берерден мурун апасынын көзүн бир карап алып жооп берип жатты.

Туулган жылы, күнү – 2007-жыл, 14-декабрь
Мүнөзү – Боорукер, үйдө катуу урушту жаман көрөт, себеби аябай сезимтал
Кимге жакын? – Апасына да, атасына дагы
Жакшы көрүп жегени – Туздалган бадыраң, суши, роллы
Жакшы көргөн кийими – Өткөн жылы чоң энеси Таластан алып келген көйнөгү
Жакшы көргөн оюнчугу – Апасынын Телефону

– Кандайсың, Айыма? Өзүңдү бизге тааныштырчы.
– Атым – Айыма. Жакында 6га чыгам. Менин сиңдим бар. Аты – Элима, ал 3 жашта. Элима Омарды жакшы көрө-өт. Ал Омарга оюнчук берген да, анан «Омар меники, он мой муж» деп кыйкырган.

– Элима экөөңөр урушпайсыңарбы?
– Жо-ок, ал мени урат, мага кыйкырат. Дептерлеримдин баарын чийип салат. Оюнчук талаша берет.

– Айыма, сонун бийлейт экенсиң. Кайдан үйрөндүң бийлегенди?
– Садиктен.

– Бала бакчага сени ким алып келет?
– Папам.

– Апаң алып келбейби?
– Мамам бир эле жолу алып келди, бүгүн.
Анжелика: – Папам алып келет, мамам алып кетет дебейсиңби (күлүп).

– Мамаңдын жумуштары көп окшойт. Үйдө ким көп иштейт?
– Эжем.
Анжелика: – Кайсы эже-ең?
– Айзада, ал менин эжем.

– Папаң мамаңды кантип эркелетет?
– Эркелетпейт.
Анжелика: – Папаң мени «жанка» деп чакырабы-ы? :)

– Сени үйдө кантип эркелетишет?
– Солнышко, лапочка.

– Элиманычы?
«Томпоська, помпоська» деп.

– Папаңда акча көппү же мамаңдабы?
– Мамамда.

– Мамаң папаңа акча береби?
– Ооба, сурайт. Алган соң папам «рахмат» дейт. Папам бизди күндө садиктен алып кеткенде дүкөнгө киребиз. Анан сала-ат, пирожки сатып алат. Мен көбүнчө жвачка алам, а Элима «Чупа-Чупс» алат.

– Папаң үйдө тамак жасап, үй жыйнайбы?
(Көпкө ойлонуп турду) Жок. Ал үйдө телевизор көрөт.
Анжелика: – Дагы шахмат ойнойт силер менен, ээ?
Мени менен бир да жолу ойногон эмес го.
Анжелика: – Ойнойсуңар го...
– Ооба, бирок мени менен ойнобойт. Айтайынбы папам кайсы жакка көп барат? Бильярд ойногону.

– Ким менен ойнойт?
– Эч ким менен ойнобойт. Ал шашки эле ойногонду билет.

– Тамакты ким жасайт?
– Мамам папам жакшы көргөн тамакты жасайт. Папам болсо камырды жакшы көрөт.

– Папаң кир жууйбу?
– Ооба, кийимдерин жууйт.
Анжелика: – Колу менен жууйбу? Кача-ан? Сен көрдүң беле?
– Ыкы.

– Үйдө мамаң папаңа таарынабы?
– Жо-ок (күлүп). Экөө урушпайт. Папам менен мамам телевизор көрүшөт. Дагы-ы (көпкө ойлонуп туруп калды, акырында эмнени ойлонуп жатканын да унутуп калды окшойт)...

– Мамаң үйдө ырдайбы?
– Ооба.

– Анан силер эмне кыласыңар?
– Атам, Элима, мен болуп бийлейбиз.

– Папаң мамаңа белекти көп береби?
– Жо-ок, акыркы жолу өзүнүн машинасын берген.
Анжелика: – Дагы гүл берет го...

«Мамамды мени төрөп, көп кийим алып берип бакканы үчүн жакшы көрөм».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Мамамда акча көп, папам андан сурайт" дейт ырчы Анжеликанын кызы Айыма
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (75)
netsa
2013-12-06 14:20:32
бар болсо баарыбыз мактанат элек! Ушу адамзаты неге мынча ичибиз тар? Анжелика азаматсын,бактылуу бол!
+1
kg90.2012
2013-12-06 19:54:09
мактанаарлык баары бар мактана берсин.
-1
rianna
2013-12-07 00:10:29
Журналистер озу кызын издеп интервью алышыптыр го Анжеликаны эмне жамандайсынар тушунбойм силердин башка ишинер жокпу буроону жамандаштан башка озунор Анжеликадай болуп андан кийин соз кылсанар болмок уят ушакчыларга
+1
almaz1979
2013-12-07 09:24:09
anjelikanyn kopiasy go
0
nurik838383
2013-12-07 10:48:18
оозу кыйшык болсо жа байдын уулу суйлосун-деген макалды озгортпосок болбой калды хехехе
+6
Kymyzkyz
2013-12-07 11:14:17
aibek93 аябай ичин тар окшойт э, эркек киши да ушундай коралбас болобу катындардай болуп. Кыздарды го эми тушунсо болот ич куйдулуктон суйлошот. Карачы ушундай ич куйдулуктон Таттыбубу да коп жашай алган эмес. Анжелика да укмуш сулуу аялзаты.
-3
kg90.2012
2013-12-07 22:31:41
эмнеси сулуу баары краска.супер ырчыга татыктуу эмес айжамал турганда ага эмне бар.
-2
byityk
2013-12-07 23:48:45
Ичинер куйуп куйкаланып атсанар Туз жалагыла ))) Коро албай оозуна келгендерин жазып атышат Кудайга тобооо....
+1
mi-li-na
2013-12-08 15:31:24
Анжелика кыр-кырдын кылактаган,куйругун булактаткан кыпкызыл тулкунун нагыз озу,кайсыл жерден эмнени алышты билееет..,ошондуктан ал баарына успевать этип келе жатат;)Эми мындай караганда азыр бир эле Анжелика эмес башкалары деле ар-кандай айла-амал мн "выживать" этип келе жатышпайбы.Ушундай денгээлге албетте устатынын салымы тийди,Айчурок эже болбосо ал "эч ким эмес" болмок.А бала тили бал деп коет,кызы айяка экен,омурун берсин.
+2
sadykov88
2013-12-09 00:22:06
Кыргыздар ушундай калкпыз,эч кимди коро албайбыз.Анжелика айым жаркын жылдыз,суйуктуу жар,мээримдуу эне.Аялзаттын бардык мыкты сапаттарына ээ.Кыздары да озуно окшош татынакай.Колунардан келсе силер да ошондой болуп алгыла.Анжелика сага уйбулолук бакыт чыгырмачылык ийгилик каалайм.
+1
miku
2013-12-09 02:48:54
Ээээ, кудайым тобоооо!! Адамдар кайда баратабыз?! Эч качан коралбастык кылбаш керек жана бироонун жашоосуна кийлигишпеш керек деп эсептеймин. Алла Таалам баардыгыныздардын журогунуздорго ыйман берсин! Ар бириниздердин синдиниздер, эжелериниздер бар, жаман нерсе каалабаныздар, эстегиле БУМЕРАНГ деген бар!
Ал эми Супер Инфодогу журналистерге кайрылаарым, -Эмнеге бул жакта Айыманы кыргызча суйлой алюайт экен, - деп жатышса, унчукпай жооп кайтарбайсыздар? Бул видеону тартып жатканда Айымакырг
+1
miku
2013-12-09 02:50:20
.. кыргызча жакшынакай суйлоп берген, бирок эмнгедир Супер Инфо анын орусча суйлогонун коюп коюшуптур!
0
belosnejka1
2013-12-09 09:05:41
Кыргыз эстрадасында жалгыз сулуу айым деп Анжеликаны билем. Кызы да озундой татынакай болуп чоноюп жатат экен. Дайыма, кыргыз колоритиндеги кийимдерди кийип жургонун коруп суктанып калчум. Бул айымга ийгилик , уй булолук бакыт, ден соолук каалайм. Балдарыныздын убайын корун, Анжелика!
+1
Nargiz1985
2014-01-11 04:32:01
Ии Кызы Анжеликага куюп койгондой окшош го,үй булолук бакыт каалайм!
0
k_nargizou
2014-05-11 18:57:15
Абдан сулуу кыз экен.
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан