ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

– Колдоруң эмнеге муздак?- деген Илимбек колумду кармай салды. Мен куду ток ургандай селт эте түшүп, колумду жулка артка кетенчиктей бердим. Дароо жоругумду кимдир бирөө байкап калдыбы деп эки жагымды тиктеп алдым. Алыста турса да Аскат гана байкаптыр, көзүбүз чагылыша түштү. Жакындай түшсөм жини келе баш буруп кетип жаткан, караанымды көрсө качып кеткиси келген Аскат тез адымдай мага келе жатты. Эмнеге мындай кылды билбейм, жаныма жакын келип, колумду колдоруна алды. Бир жиндилик кылып жибербесе экен деп чый-пыйым чыгып кетти, көздөрүнө жалбарып тигилдим. Элден обочолой түштүк.
– Коркпо, колдоруңду эле жылытып берем...
Чын эле дирилдегеним басылып, жылый түштүм. Колумду көпкө кармап туруп коё берип, жүзүмө тиктеп калды. Өрттөнүп кеттим, баарын таштап, жалгыз гана ушул адамдын аркасынан кетким келди. Ак көйнөк кийгенимди да, элди да, баарын унутуп көздөрүнө чөгүп кетким келди. Колдорун күчүмдүн жетишинче кармап алып коё бербей турдум. Ал менин жан дүйнөмдө эмне болуп жатканын билди. Акмак кызмын, кандай акым бар эле, аны ушунча кыйнаганга, анын менден башка көргөн азабы аз беле? Аскат тез бурулду да, шарт чыгып кетти. Мен анын экинчи бул жерге да, менин жашоомо да кайра келбесин түшүндүм. Той өтүп жатты. Эмнегедир баары мага суз сыяктуу сезилди. Атам да, апам да кабактары салыңкы, ал тургай Илимбек да бул тойдо өз ордун таппай жаткандай, бир нерсеге кыжалат болгондой. Аскат чыгып кеткенден кийин эле мага баары бир болуп калган. Болгону жүрөктү мыжыккан бир оору турат. Кыйноом бүттү окшойт, той аягына чыкты.
Мен жаңы келин катары Илимбектин үйүнүн босогосун аттадым. Бир-эки күн өтүп келгендердин аркасы сээлдей, Илимбек экөөбүз эле кала турган болуп калдык. Аны менен жалгыз калгандан катуу коркор элем. Жаныма отуруп, саамайыма колу тийгенде шарт четке жыла бердим.
– Тийбеңиз мага!- дедим ал жакындайын дегенде эле калтырап.
– Чачыңдан гана сылайын дегем...
– Жок! Мен сизден корком.
Чынында коркуп калган экем, ал болбой эле мага кадам таштаганда жапайы үн менен чаңырып жибердим. Дароо баягы каргашалуу күн көз алдыма тартылып, сыртка кача турган болуп калдым. Ал селдейе катып калды да, артка чегине берди.
– Данек, мен эми эч качан сенин эркиңен тыш колумду тийгизбейм. Менин акмакчылыгымды кечир, мен эми эч качан... Мен...
Оозуна башка сөз келбеди окшойт, ушинтип айтты да, эки колу менен башын мыкчып туруп калды. Мен да шалак эте отуруп калдым. Эрксизден көзүмдөн жаштар ага баштады.
Жаңы үйлөнгөн эки адамдын бири минтип башын мыкчып, экинчиси көз жашын төгүп отурганы кинодо же китепте боло турган көрүнүш. Бирок бул менин чыныгы турмушум эле. Биз бир үйдө эрди-катын аталып жашап калганыбыз менен, чыныгы жубайлар болгон жокпуз. Коркунучу кетсин дедиби же мени аядыбы, же жумшарышымды күтүп жүрдүбү, Илимбек экинчи мен жакка жакындаган да жок. Ооба, сабыры түгөнгөндө окуп жаткан гезитинин аркасына жашынып алып менин ар бир кыймылымды тиктеп отурганын байкачумун. Ал мени ээрчитип жүргөнүнө, кечинде жумуштан келсе анын үйүнүн жарыгы күйүп турганына гана бактылуу.
А мен шордуу такыр көнө албай койдум. Анчалык деле акылсыз жан эмесмин, үйлөнгөндөн кийин чогуу жашашыбыз керектигин, аялы-күйөөсүнүн ортосунда боло турган мамиле экенин түшүнүп турам. Бирок...
Күндөр ушинтип уланып, таңдар ушинтип атып жатты. Анан жашоомду дагы бир жолу аласалдырган окуя болду. Өзүмдүн чыныгы атамды жолуктурдум. Мен анын жашоосуна капысынан келип чаң-будуң салсам, ал дагы менин жашоомдо капысынан пайда болду. Илимбек мени бир сыйлуу жерге кошо барышым керек экенин айтты.
– Ал жерге баары аялдары менен барышат. Сенден өтө көп нерсе сураган жокмун. Бир аз отуруп келе беребиз,- деди өтө олуттуу үн менен.
Бир аз жашасам да көнүп калгам, мындай үн менен кайрылганда баш ийбеске арга жок. Көндүм. Жалаң министрлер, депутаттар чогулган чөйрө экен. Эсимде жок, кайсы бир белгилүү адамдын юбилейи болуп жаткан. Бир аз отуруп, акырын чыгып кетем деген ой менен Илимбек бир адам менен сүйлөшүп калганда эшикке чыгып бара жаткан элем. Шашып бараткан жаным алдымда келе жаткан ак чач адамды сүзүп алдым.
– Кечиресиз...
Ыңгайсыз боло четке чыга берген мени тиги киши таң кала тиктеп калды. Жок, таң калуу эмес, бул өлүп калган адам кайра маңдайына пайда боло калганда коркунучтан чоңоюп кеткен көздөр болчу.
– Гүлай?!
– Жок, мен Айданекмин!- дедим.
– Токточу, кызым, сен... Сен анда Гүлайдын кызы болбо?..
– Жок, менин апамдын аты Алина...- деп ийинимди куушуруп коюп чуркап кеттим.
Тиги киши аркамдан көпкө тиктеп турганын, мен түшүп кеткен машинанын номерин да карап жатканын көрдүм. Ким бул? Эмнеге атымды Гүлай деди? Бул окуя унутулуп калган эле,
бир нече күндөн кийин үйдүн босогосунда ошол ак чач адам турду.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, мен Илимбекке келген элем.
– Ал бул учурда жумушта болот.
– Күтүп турсам болобу?
Таң кала жол бошото бердим. Анткени түштө аны эч ким сурап келчү эмес, болгондо да күтүп турам дегени эмнеси?
Ал диванга коомай отурду да, менин жүзүмөн бир нерсе издегенсип көпкө тигиле берди.
– Сен Азирет Аскаровдун кызы экениңди уктум...
– Ооба...
– Канча бир туугансыңар, кызым?
Эки дейин деп бара жатып Аскатты эстегенде эч сөз сүйлөгүм келбей кетти. Үн катпай кутулууну чечтим. Бирок тиги абышка мени жөн коё тургандай эмес, кыжалат болгон көз
карашы менен тиктеп, мен аны карап калсам көзүн ала качып жатты. Көпкө отуруп, менден эч кандай сөз чыгара албай койгондуктан түз сөзгө өтө турган болду.
– Мен сени бир адамга өтө окшоштуруп жатам. Балким, жаңылышкандырмын, бирок мынчалык окшоштук жакын адамдарда гана болот.
– Сиз мени ким деген адамга окшоштуруп жатасыз?
– Менин бир жакын адамым болгон. Бирок тагдырданбы же менин коркоктугуманбы, ал адамды жоготуп алган элем. Жолугуп, кечирим сурагым келет. Анын сенин курагыңдагы
кызы боло турган...
Жүрөгүм сайгылашып кетти. Апамдын өлүм алдында жатып мага жазган катын эстедим. Демек, бул... Жок! Жок! Оюма келген нерседен өзүм чочуп кеттим. Тиги адамдын көзүнөн
жаш сызылып турган экен. Үмүт менен караган көздөр мени жалынычтуу тиктеп турду.
– Сиз Гүлайды жакшы таанычу белеңиз?
– Ооба, мен аны катуу сүйгөм. Өмүр бою сүйдүм. Адамдардын бир келесоолугу чыныгы сүйүүнүн баркын билбей учуруп жиберет турбайбызбы... Кийин зар болуп, темселеп ошол
жылуулукту дербиштей издейт экенбиз. Сүйүүгө да эрдик керек экен.
Дагы бир бактысыз сүйүүнүн баяны. Жок, уккум келбейт, адамдар ушунчалык алсызбызбы?

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
lyblyego
2013-12-02 18:15:29
jok jok dagy bir suiuunun armany ukkum kelbeit.....
0
angelo4ka_96
2013-12-02 19:16:04
мага жакпай калдыы((баарын мынча эле кыйнап бактысыз кылып(
0
N.Bakazova
2013-12-03 01:48:05
Kelip kelip Danek Ilimbekke tiyip kalgany jakkan jok, kalgany murunkudai ele oz kyzygynda.
0
wwwww
2013-12-03 06:36:36
фантастика :-)
0
osh93
2013-12-03 08:18:31
кутуу кутуу жана кутуу...
0
Sweet-Lika
2013-12-03 09:26:08
Форумчуларга жана башка дагы куткондорго сабр, сабр, сабр...)
0
Argymak007
2013-12-03 10:01:39
Эээээээ десе, тийип кетти го күйөөгө..
0
O.nuri
2013-12-03 16:27:57
Кызыксыз болп атат.мааниси жок.
0
Ramina
2013-12-03 18:32:15
Эми бутот деп ойлогом
0
urmat1992
2013-12-04 04:51:35
ех такгдыр ойуну
0
Altyndai
2013-12-04 22:47:56
Бул чыгармада дагы ар кандай бурулуштар болуп кетиши мумкун.анткени баарын эле бактысыз кылып койбосо керек.Ушу Данек менен Аскатты бир болот деп ойлодум эле! Эх...тагдыр экен да
0
vangolu
2013-12-07 12:07:16
тажап баратам акыркы кундору.
0
aqua-94mema
2013-12-07 15:05:04
орустардын киносуна окшош екен две судьба сериялындагыдай екен
0
Kanishai
2013-12-08 20:37:42
Менимче Данек оз омурун кыятко.
0
bema161194
2014-01-07 16:18:28
Ehh suiuu kandai keremet ee))menim4e Askat menen Danektin svad'balary bolot okwoit.SOONUN BOLMOK
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан