ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (2-декабрдан 8-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада эргүү менен иштейсиз, бут тоскон адамдар да чыкпайт. Мындан тышкары кызматтан көтөрүлөсүз же айлыгыңыз көбөйөт. Бирок жаңы иш, жаңы долбоор баштайм дегендер аны аягына чыгарууга даремети жетерин так билүүсү кажет. Болбосо карызга батып калуулары мүмкүн. Жеке жашоодо өзгөрүүлөр күтүлбөйт, демек, баары өз нугунда өтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кызматыңызда маселелер чыгат, аны менен катар чөйрөдөгүлөрдүн түшүнүксүз мамилелери жүдөтөт. Бирок бирөөлөрдөн абалды түшүндүрүүнү талап кылбаңыз. Кимде күнөө экени билинип, өзү кечирим сурайт. Шейшембиде алыс жолго чыкпай туруңуз. Унаа бузулуп, азап тартууңуз ыктымал. Бейшембиден тартып жолуңуз шыр кетет. Жакындарыңыздын бири колдоо көрсөтүп, эс алууну жакшы өткөрөсүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада тобокелчиликке барууга болбойт. Антпесе жок жерден кайгы таап каласыз. Жакын адамдар менен болбогон нерседен кыйкым таап урушуунун да кажети жок. Ошондой эле бирөөлөргө алданып калбоого аракет кылуу керек. Жеке жашоодо жарк эткен жагымдуу мүнөттөрдү баштан кечирүүңүз күтүлүүдө.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Апта натыйжалуу өтөт. Кээ бирөөлөргө туугандары үй-бүлөлүк бизнес ачууга жардам беришет. Бирок чогуу иштешүүгө шериктерди кылдат тандабаса, чоң жүк өзүнө эле артылат. Бейшемби күнү акчалуу болосуз же сыйлыкка татыйсыз. Жекшембиде бирөөлөр менен ачык сүйлөшүүгө барып, аягы таарыныч менен бүтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Маселелерди оригиналдуу чечүүгө жетишесиз. Бул менен кыйын тоскоолдуктардан оңой чыгып кете аларыңызды далилдейсиз. Жеке жашоодо сизди кээ бир адамдардан кол үзүү, жаңы тааныштар менен байланыша баштоо күтөт. Жума күнү үйүңүз коноктордун опур-топуруна толуп, жекшембиде жекече эс аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иште ийгиликтер күткөнү менен, үй-бүлө маселелери тынчыңызды алат. Туугандар жашооңузга кийлигишүүсү мүмкүн. Эмнеси болсо да тил табышып, туура чечим чыгарууга бел байлаңыз. Айрымдар юридикалык документтер менен алаксыйт. Дүйшөмбүдө келечекте пайдасы тие турган адамдар менен таанышасыз. Бейшемби – олжолуу күн, белекке ээ болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башталышында демилге көтөрүп, жетекчинин мактоосуна татыйсыз. Жакындарыңыздын муктаждыгын чечүү үчүн кенен отуруп сүйлөшүү талап кылынат. Жума күнү үй-чарба иштери бир топ убактыңызды алат. Ишембиде мурунку сүйүүңүзгө жолугасыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жолугушуулар көп болот. Бойдоктор мына ушундай жашоосунун кайнаган учурунда келечектеги сүйүүсүнө жолугуулары мүмкүн. Каржылык абалыңыз туруктуу болуп, келечекке бир топ пландарды түзөсүз.
Апта аягында жакын адамыңыз чырлуу ишке кириптер болуп, сизди бир топ чуркатат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жума ичинде максаттарыңызды, дегеле өзүңүздү өзгөртүү керектигин сезесиз. Ишенимдүү өнөк тапсаңыз, жаңы ишке кирише берүүгө болот. Апта ортосунда буюмдарды шашылыш сатып алууга туура келет. Жума күнү жүрөгүңүзгө жакын адамыңыз менен келечектеги пландарды талкуулап, чогуу болуу тилегиңиз ишке ашат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кээ бир кызматкерлер иштеги оор абалдан улам жумуштан кетүүнү пландашат. Жеке ишкерлер башкаларга таасирдүүлүгүн сактап кала алышат жана бир топ ийгиликке жетишишет. Иштин айынан сүйүктүүңүздүн кыжырына тийип, мамилени бузуп албаңыз. Апта аягында ата-энеңиз менен акылдашчу маселе чыгат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада улам бир тоскоолдуктар жаралат. Бирок сизге жардамга колун созор күйүмдүү адам табылып, экөөлөп маселелерди чечүүгө жетишесиз. Шаршембиде чоң буюм сатып алуу кыялыңыз орундалат. Бейшембиден тартып ийгиликтүү күндөр башталып, жыл аягына чейин созулат. Жеке жашоодо сүйүктүүңүз талаптарды коюп, ойлонууга түртөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Таасирдүү тааныштардын арты менен планыңызды ишке ашыра баштайсыз. Көптөр үчүн кеңешчи, демөөрчү да болуп, алкышка бөлөнүүңүз күтүлүүдө. Бирок таттуу убадаларды берген чала тааныштар менен мамиле түзбөө кажет. Жактырган адамыңыздан кол үзгүңүз келбесе, башкаларга көз артууну токтотуңуз. Апта аягында жакшы жаңылыкты белгилейсиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан