ЭЛ КЫРГЫЗ КИНОЛОРУН КӨРӨ БАШТАДЫ

Улут сыймыгы жана таянычы – эне тили. Эне тилин унуткандар эл катары майдаланып, ар кайсы тилде сүйлөп, бирин-бири түшүнбөй, бирдиктүүлүгүн унутат. Каада-салты, үрп-адаты, поэзиясы менен санжырасы кумга сиңген суудай дайынсыз жоголот.

Даракты дарак кылып турган, анын денесине ным чуркаткан тамыры болсо, элди эл кылып турган, бири-бирин ымалалаш кылган эне тили экени талашсыз. Буга мисал катары дүйнөдөгү эң зор жана кубаттуу өлкөлөрдүн алдыңкыларынан болгон Кытайды, Японияны алсак болот. Бул өлкөлөрдө эне тили ыйык жана эң кымбат. Айтсак, Кытайда тээ байыркы замандардан баштап жогорку кызматтарга алууга эне тилин жогорку деңгээлде билүүсү талап кылынып, атайын сынак жүргүзүлгөн. Сөз өнөрү жогору бааланып, таланттуу акындарды теги кул болсо да ак сөөктөрдүн деңгээлиндеги чинге чейин көтөрүп, кадырлашкан.
Биздин да бактыбыз бар экен, ата-бабаларыбыз бизге дүйнөдөгү эң кудуреттүү, эң бай, анан өнүгүп-өсүүгө абдан жөндөмдүү эне тилибизди мурас кылган.
Мына ошол мурасыбыздын баркына жетпей, ага кайдигерлик кылдык, эне тилибиздеги мектептерден орус тилиндеги мектептер көп болуп, жыйындар жалаң орус тилинде өтүп, кызматкерлерди орус тилди билер-билбесине жараша кызматка алып, кинотеатрларда фильмдер дээрлик орус тилинде коюлуп калган абал, жаңы кино чыгып, эне тилибиз ар тараптан колдоого, көтөрмөлөөгө жана атуулдук сүйүүгө муктаж болуп турган учур.
Ушундай шартта «Кыргыз киносу» кинотеатрлар тармагы түзүлүп, эне тилибизде сүйлөгөн фильмдерге шарт түзүү, жол ачуу деген максат койгон.
«Кыргыз киносу үчүн театр ачкан жатабыз, имарат бергиле» деп мэрдин эшигин жыртышпады. «Кыргыз тилинин өнүгүүсү үчүн аракет кылып жатабыз, каражат бөлүп бергиле» деп маданият министринин кыжырына тийишпеди.
Болгону өз күчү менен, өз каражаты менен «Кыргыз киносу» кинотеатрын ачып, кыргыз кинолорун элге көргөзүүгө киришти. Батыштын ыплас фильмдеринен тажашкан экен, «эми өз театрыбыз бар» деп кыргыздар кинолорду өз тилинде көрүп, кыргыздын мүнөзүнө, тамашасына күлүп, «биздики, кыргыздыкы» деп кыргыз фильмдерин сүйө башташты. «Качан, кайда, ким тартып жатат?» деп жаңы кыргыз фильмдерин күтүп жатышат!
Ооба! Бул кинотеатрга депутаттар, губернаторлор же болбосо министрлер келбейт. Ага кыргыз жаштары, студенттери, интеллигенциясы жана карапайым калк келет! Демек, кинотеатр эл менен! «Кыргыз киносу» деген кайык турмуштун оргуштаган толкунуна моюн бербей 2 жыл жашады. Ушул эки жылда кинотеатрдан 200 миңге жакын адам кино көрдү. Азыр 6 облуста «Кыргыз киносунун» тармагына кирген кинотеатрлар иштеп жатат.
17-ноябрда Кыргыз кино күнүнө карата кинотеатр кыргыз тасмаларын үгүттөгөндүгү үчүн диплом менен да сыйланды.
Кымбаттуу окурман, кыргыз сценарийин жазган, кыргыз режиссёр тарткан жана ролдорун кыргыздар ойногон кыргыз киносуна келиңиздер, анткени ал сиз менен биздин турмушту чагылдырат, сиз менен биздин көйгөйлөрдү козгойт, анан да жан дүйнөбүздү байытып, дүйнөгө болгон көз карашыбызды кеңейтет. «Кыргыз киносу» кинотеатрынан жолугушканча сак-саламат болуңуз, ардактуу окурман!
Жакында «До+Фа-2» музыкалык комедиясы, «Мачо» экшн-комедиясы, «Көк салкын-2» жана башка тасмаларын «Кыргыз кино» кинотеатрынан көрө аласыздар деп кулак кагыш кылабыз.

Дареги: И.Ахунбаев көчөсү (Совет көчөсүнүн кесилишинде), 92А.
Телефондор: (0312) 510399, 474716

Асия Алиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aijamal1985
2013-12-03 21:00:26
Ишиниздерге ийгилик ылайым коп-коп кыргыз кинолору жарала берсин.
0
tilek-x
2013-12-04 16:19:22
Азаматтар онуктуро бергиле "Кыргыз киносун" ийгилик силерге!
0
aizi85
2013-12-09 01:03:06
Эне тилин билбеген элин суйуп жарытпайт,эси жогун аныктайт. Бар болгун кыргыз тили!!!
+1
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан