Бул жылы да «Супер тасма» наамы үчүн бир нече кино ат салышты. Жыл ичинде өзгөчө эсте калгандары «Салам, Нью-Йорк!», «Салам, Бишкек!», «Карт бойдок», «До+Фа», «Сүйөм дечи», «Президент жана бомж-2» тасмалары болду.
«ДО+ФА»
Фильмдин режиссёру – Эрнест Абдыжапаров
Сатыкка чыккан маалы – 2013-жылдын март айы
Сценарийин жазган – Эрнест Абдыжапаров
Сарпталган каражаты – Болжол менен 40 000 доллар
Тартылган убактысы – Үч ай
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – 20дан ашык кыска метраждуу, 7 толук метраждуу тасма
Баш каармандардын ролдорунда – Самат Эркинбеков, Чолпонай
ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ фильм туурасында кызыктар тууралуу төмөнкүчө баяндап берди.
– Тасма Кыргызстандын аймагынан чыгып, Алматыга чейин барып келгенин мактаныч кылсам болот. Интернеттеги «тентек» колдонуучуларды эске албаганда, кино жаатындагы аттуу-баштуулар «чоң ойлор камтылыптыр» деп макташты. Тасманын элге берген пайдасы, шаардык «киргиздер» менен «мырктардын» ортосундагы мамиле оңолду деп ойлойм.
«САЛАМ, БИШКЕК!»
Фильмдин режиссёру – Тынчтык Бугучиев
Сатыкка чыккан маалы – 2012-жылдын октябрь айы
Сценарийин жазган – Тынчтык Бугучиев
Сарпталган каражаты – Сыр
Тартылган убактысы – Төрт ай
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – 3 толук метраждуу, 10 кыска метраждуу тасма
Баш каармандардын ролдорунда – Канат Абдырахманов, Болот Тилек, Сапар Сайназаров
ТЫНЧТЫК БУГУЧИЕВ «тасмадагы окуялар турмуштан алынган» дейт.
– Кино негизи 2009-жылы тартылып баштаган, анда Сашка каратисттин ролун мен ойногом. Тартуу иштери ортолоп калганда менин сүйгөнүмдү ойногон кыз ролунан баш тарткан, ошондуктан мен дагы четтешим керек болгон. Жигиттердин кызга айланышы турмуштан алынган. Чынын айтсам, классташтарым турмушта кинодогудай көрүнүшкө туш болушканын билем. Киши тонойбуз деп түнкүсүн көчөгө чыгышып, спортчуга кабылып өздөрү тонолушкан. Анан кермеде жайылып турган кыздардын кийимин кийип үйлөрүнө жетишкен. Комедия бир нече жанрга бөлүнөт эмеспи. Биздин комедия боюнча кино сынчылар «гротескке жаңы кадам» деген жакшы пикирлерин айтышты.
«СҮЙӨМ ДЕЧИ»
Фильмдин режиссёру – Алмаз Жангазиев
Сатыкка чыккан маалы – 2013-жылдын март айы
Сценарийин жазган – Нургазы Саралиев
Сарпталган каражаты – Болжол менен 7000 доллар
Тартылган убактысы – Жарым жыл
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – 2 толук метраждуу тасма
Баш каармандардын ролдорунда – Бакыт Тынайбеков, Рахат Божокоева
АЛМАЗ ЖАНГАЗИЕВ «тасма баш байгени жеңип алды» деп сүйүнүп турган чагы.
– Биздин тасма жакында эле Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классын бүткөн жаш режиссёрлордун эмгектеринин арасында өткөн сынакта баш байгени жеңип алды.
Тартуу учурунда камераны коюп, эми иш кызыгына кирип баштаганда күн батат, анткени Кегетиде тарткан элек. Эки тоонун ортосу болгондуктан, түшкү саат 11де күн чыгып, 3тө күн батат экен. Ушуга көнө албай бир топ кыйналдык.
«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ-2»
Фильмдин режиссёру – Аскат Сулайманов
Сатыкка чыккан маалы – 2013-жылдын март айы
Сценарийин жазган – Өмүрзак Төлөбеков
Сарпталган каражаты – Сыр
Тартылган убактысы – Бир жарым ай
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – Алгачкысы
Башкы каарман – Тимур Маматкулов
Актёрлуктан режиссёрлукка кадам таштаган АСКАТ СУЛАЙМАНОВ алгачкы эмгеги туурасында төмөндөгүлөргө токтолду.
– Башкы каарман Азатка чоңдор тарабынан кысым көрсөтүлгөндө жардамчысы экөө суу кечип качкан жери бар эмеспи. Ошол кадрды Казакстандын талаасынан кар, көк жалтаң болуп тоңуп калган сууну кечирип тартканбыз. Сүймөнкул Чокморов «Караш-караш» фильминде сууда аккандай эле кадрлар чыккан. Сүйүнүп, шашылып келип баягыны карайлы десек эле жок. Өчүп калыптыр. Эмне себептен жок болуп кеткенин эч ким билбейт. Ичим туз куйгандай ачышып калды.
Көрүүчүлөрдүн, менимче, 90 пайызы «жакшы болуптур» дешсе, 10 пайызга чукулу «Президент жана бомжго» жетпей калыптыр» дешти.
«САЛАМ, НЬЮ-ЙОРК!»
Фильмдин режиссёру – Руслан Акун
Сатыкка чыккан маалы – 2013-жылдын февраль айы
Сценарийин жазган – Сергей Кролевич
Сарпталган каражаты – 100 000 доллар
Тартылган убактысы – Бир жарым жыл
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – 2 толук метраждуу, 5 кыска метраждуу тасма
Баш каармандардын ролдорунда – Бектемир Мамаюсупов, Аида Тулебаева
РУСЛАН АКУН «фильмдин «Жылдын супер тасмасы» наамына көрсөтүлгөнү чоң кубаныч» дейт.
– «Салам, Нью-Йорк!» Кыргызстандын бардык аймактарында коюлду. Эң негизгиси, Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалында атайын сыйлыкка татыды. Ошондой эле Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок» фестивалы «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы менен ачылды. Эми «Жылдын супер тасмасы» наамына көрсөтүлүп отурат. Бул биз үчүн сыймык.
«КАРТ БОЙДОК»
Фильмдин режиссёру – Акжол Бекболотов
Сатыкка чыккан маалы – 2013-жылдын май айы
Сценарийин жазган – Үсөн Дайырбеков
Сарпталган каражаты – 40 000 доллар
Тартылган убактысы – Жарым жыл
Режиссёрдун буга чейинки эмгектери – 2 кыска метраждуу тасма
Баш каармандардын ролдорунда – Адинай Кемелова, Камчы Сарыбаев, Съездбек Искеналиев
Тасма тууралуу режиссёру АКЖОЛ БЕКБОЛОТОВ менен маектештик.
– Сыймыктана турган нерсе, сентябрдын башында Орусиядагы Анапа шаарында өткөн «Киношок» фестивалына катышып келдик. Бишкекте 2 жолу коюлду. Эң негизги пайдасы, фильмден кийин көптөгөн карт бойдоктор үйлөнгөнүн билем.
Кинодо турмушка чыгып жаткан Адел «Жеңиш» аянтынан гүлүн ыргытат. Ошондогу кыздардын көптүгүн сурабаңыз. 100дөн ашыгы бийчи кыздар эле. Калган 100гө чукулу киного кызыккан, кантип тартыларын билгиси келген селкилер болду. Ичимден ушул кадрга аябай ыраазы болдум.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg