Кыш мезгилинде капустадай каттанып кийинебиз. Бирок ага карабай айрым учурларда үшүйбүз. Эмнеге? Анткени кийим тандоодо «сулуулуктан жылуулук» деген нерсеге басым жасабай, модалуусуна качырабыз. Кычыраган кыш кылычы менен ден соолукту кыя чапса, сулуулуктун кунары бат өчөрүн эске алуу зарыл. Андыктан суукта туура кийинүүгө аракет кылалы.
ТУУРА ЭМЕС КИЙИНҮҮ...
Башка тыкыс отурган баш кийимдер чекедеги майда кан тамырларды кысат. Анын натыйжасында кан айлануу начарлап, үшүйсүз жана баш ооруйт.
Сулуулукка карап баш кийими жок жүргөндөргө эскертүү! Кышкы суук чачтын тамырына доо кетирип, анын түшүүсүнө алып келет.
Жумшартуучу кремдерди сыртка чыгарда колдонбоңуз. Себеби анын курамындагы суюк элементтер кристаллдашып, теринин клеткаларын жабыркатат.
Синтепон (синтетикалык була) салынган күрмөлөрдөн баш тартыңыз. Көчөдө жүргөндө жылуулукту жакшы сактабайт, ал эми жер төлөдөгү бөлмөлөрдө абдан тердетет. Этеги кыска спорттук күрмөлөр белиңизди сууктан коргой албайт. Денеге чыпталышкан кийимдерден оолак болуңуз, кан айланууну бузат.
Таманы резинадан жасалган бут кийимден качыңыз. Ал кышкысын бутуңузду муздатып, сыйгалак да болот.
Кыска юбка, жука колготки, чыпталышкан жана бели кыска шымдарды кийбей эле койгонуңуз оң.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg