Турмушта эки келиндин башы бирикти дегиче кайненени жамандап кирген жагдайлар көп. «Кайнененин камырынан» дегендей, башка бүлөгө жуурулушуп, өз кызындай болуп, боор тартып калган келиндер да жок эмес. Биздин апта каарманыбыз Айжамал Кабылова келиндердин кайсы түрүнө кирет болду экен? Анда кайнене-келиндин маеги назарыңыздарда.
– Айжамал, ар бир үйдүн өзүнүн жазылбаган мыйзамдары болот эмеспи. Жаңы келин болуп барганда кыйналган эмессизби?
– Туура айтасың, бөлөк үй-бүлөдө жашап калуу, батып кетүү оңой эмес. Кээде байкабай туура эмес иш жасап койсом, апам «муну мындай кыл, бул идишти бул жакка коюш керек» деп айтып жүрдү. Анан да тойдун эртеси эле «атаң баш болуп баарыбыз камыр тамакты жакшы көрөбүз» деген (күлүп). Ошондон бери үйгө барган сайын манты, оромо жасап, кесме кесип катырып даяр кылып коём. Ден соолугуна байланыштуу апамды оор иш жасатпаганга аракет кылабыз.
– Кайненеңиз сизге кандай акыл-насааттарын айтып келет?
– Аял кишиге тиешелүү нерселерди, мисалы, «Сабырдуу бол, жолдошуң менен айтыша кетсең сеники туура деп, баш ийе билиш керек. Себеби акылдуу аял үй-бүлөнү сактай алат» деп көп айтат. Казан-аяк кагышуу деген нерсе бизде деле бар. Мушташып-тытышпасак да, менин айтканым жолдошума, аныкы мага жакпай таарынып калабыз. Бирок мындай майда нерселерди кайненемдерге арызданып айтпайм. Аларды кыжалат кылгым келбейт.
– «Бара-бара энеден дагы кайнене жакын болуп кетет» деп айтышат. Ошол чын бекен?
– Болушу мүмкүн. Себеби Ошко барганда өзүмдүн үйүмө караганда кайненемдикинде көп жүрөм. Кайненем «чоң келинимсиң» деп мага көп кеңештерин айтып турат.
– Кайненеңизди «апа» деп бат эле көнүп кеткенсизби?
– Ооба, бирок апа деп айтканым өзүмдүн апама оор тиет болуш керек. Негизи эле бардык энелер балдарын кызганышат деп ойлойм. Апам «Энеңден кабар алдыңбы, жакшыбы?» десе, мен «ооба, апам жакшы» деп жооп берем (күлүп). Улуулардын заманында баары кайненесин эне дешчү эмес беле, азыр апа деп калбадыкпы. Келинге караганда эркек балдарга кайненесин апа деп айткан кыйыныраак болот экен. Азаматтан бул нерсени көп байкайм. Ал менин жашаган жеримди кошуп «Отуз-Адырдагылар кандай экен?» деп тергеп сүйлөйт. Ага мен «Апам, атам деп коё бер, кыйынбы?» деп жинине тийип калам.
– «Келиндин келгени эстен кетпейт» демекчи, унутулгус окуялардан айта кетсеңиз...
– Үйлөнгөндөн кийин Азамат Москвага кетип, ал жакта жайгашканча 2-3 ай кайненемдер менен жүрүп калдым. Эсимде, аны Москвага узатып коюп эле бөлмөмө кирип уктап кетиптирмин. Жоолугум жерге түшүп калган экен, апам жумуштан келгенде эшиктин алдында жаткан жоолугумду көрүп, «катуу ыйлап капаланып жатат го» деп ойлоп калыптыр. Кийин «Эшикти ачсам тим эле бүрүшүп жатып алган экенсиң, аябай боорум ооруду. Баламды «Ушундай жашоо кантип болсун, экөөңөр эки жакта жашаганыңар жарабайт. Алып кет» деп уруштум» деп айтып берген эле. А биз мындай жашоого көнүп калганбыз да. Кыз-жигит болуп жүргөндө деле Азамат Түркияда, мен Ошто жүрүп, кез-кезде эле көрүшчүбүз. Ал эми кайненем менен кайнатам – классташтар, дайыма чогуу жүрүп, такыр ажырашкан эмес. Ошого өздөрүнө салыштырып жаман болсо керек.
Кезек Айжамалдын кайненесине келгенде, ал «келиним көз алдымда чоңойгон» деп кеп баштады.
– Салкын эже, элибизде «артисттер турмушка туруксуз келишет» деген түшүнүк бар. Айжамалды келин кылар алдында бул нерсе сиздерди чочулаткан жокпу?
– Айжамал мен иштеген мектепте окуп, көз алдыбызда өскөн кыз. Ошон үчүн Азамат аны менен сүйлөшүп жатканын айтканда каршы болгон жокпуз. Ар кимдин сүйгөн кесиби болот, биз Айжамалдын ырчылык кесибин түшүнүү менен кабыл алдык.
– «Кайнененин камырынан» дегендей, келиниңизден өзүңүзгө окшош сапаттарды байкайсызбы?
– Айжамалдын да мага окшогон шайыр мүнөзү бар. Кызыгы, жаңы келин болуп келгенде жылдыз белгиси Чаян экенин билбейбизби. Мен өзүм да Чаянмын да. Абышкам аны угуп «үйдө бир Чаян бар эле, эми экинчиси келген турбайбы. Балам экөөбүз кантер экенбиз, эки Чаян менен...» деп күлүп калган.
– Келиниңиз элге таанымал ырчы болгонуна сыймыктансаңыз керек?
– Албетте. Бирок Айжамал айылга барганда, жамандык-жакшылыктарда «артист элем» деп чиренбей, тескерисинче, кадимки келиндердей чуркап кызмат кылат. Аны көрүп баары эле «келиниңиз аябай жөнөкөй экен» деп кызыга беришет. Жакында апамдын жылдыгын өткөргөнбүз. Аш басыш керек болуп Айжамалга айтсам, «эки килограмм эле басчумун» дейт. «Эки килограмм баскан киши андан көбүн деле жасай берет» десем дароо макул болду.
Ушу келинимдин бир сапаты жакшы да, жок дегенди такыр билбейт. Эмне десең «колумдан келбейт» дебей, «макул, кылам» деп турат. Ошентип, чоң казанга аш басып, айылдын баарын ыраазы кылды. Элдин баары «Тобо, Айжамал ошонун баарын жасадыбы?» деп таң калышты.
– Белек-бечкектерди да берип көңүлүңүздү алып турабы?
– Ооба, өзүмдүн кызымдай эле болуп калды. Чачымды боёп, өзүнө алган косметикаларды «муну койсоңуз жакшы болот» деп берип турат. Концерт же той-топурларга барып келгенде»тим эле кой, менде бар» десем болбой «меники башка да» деп акча карматып да коёт (күлүп).
– Маегиңиздерге рахмат.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg