КЫШКЫ ДАСТОРКОНГО ТҮРКҮН ТАМАК

Сыртта кыш. Жай-күз мезгилиндегидей жер жайнаган жашылча-жемиштер жок. Бирок даамдуу тамакты бөтөнчө эңсеп турган мезгил. Анткени суукка туруштук бериш үчүн организмди мыкты азыктандыруу керек. Анда эмесе, кышында колдо бар азыктарды колдонуп витаминдүү жана даамдуу тамак жасап жейли.

«АПЕЛЬСИН» САЛАТЫ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Краб таякчалары – 200 грамм
Апельсин – 2 чоң даана
Консерваланган жүгөрү – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сарымсак – 2 тишче
Майонез – 2-3 аш кашык Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Апельсиндердин чокусун кесип, ичин оюп алуу керек. Бул салат салгычтын ордуна колдонулат. Эгер тик турбаган болсо, түбүн да бир аз кесүүгө туура келет.
2. Анан краб таякчаларын, оюлуп чыгарылган апельсинди, жумуртканы жана сарымсакты майдалап туурап алабыз.
3. Ага туз, майонез жана жүгөрүнү кошуп аралаштырабыз.
4. Даяр болгон салатты апельсиндин кабыгынан даярдалган идишке салып койсоңуз өзгөчө көрк тартуулайт.

«ОАЗИС» ПИРОГУ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Каймак май
(же маргарин) – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер – 2 аш кашык
Ун – 2,5-3 стакан
Кыям (данеги жок мөмө-жемиштен жасалган бардык түрү) – 4-5 аш кашык
Камыр көптүргүч – 1 чай кашык Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач каймак майды эритип, аны жумуртка менен аралаштырып алуу керек. Андан соң унду акырындан себелеп камыр жууруп алабыз. Камыр катуу болушу шарт. Даяр болгон камырды 15-20 мүнөт муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүндө кармап туруңуз, бул анын сүргүчтөн оңой өтүүсү үчүн керек.
2. Эми камырды эки жайымга бөлүп алабыз.
3. Камырдын бир бөлүгүн жайып, алдын ала майланган жана пергамент кагазы төшөлгөн көмөч казанга кырын чыгарып жайгаштырып алуу керек.
4. Ага кыям тегиз салынат.
5. Камырдын экинчи бөлүгүн сүргүчтөн өткөзүп, кыямдын үстүн тегиз жапкыдай кылып себебиз.
6. 180 градус ысыктыктагы электр мешине кызгылт сары түскө келгенче (20-25 мүнөт) кармоо абзел.

«ДААМДУУ ТИЛ»

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Уйдун тили
– 150 грамм
Суюк сыр (ордуна сыр кошулган майонез колдонууга болот) – 150 грамм
Сарымсак – 2 тишче
Туздалган бадыраң – 1 даана
Ашкөк – 2-3 тал

Даярдоо ыкмасы:
1. Алдын ала сууга бышкан тилди узунунан жука тилкелерге тилип алабыз.
2. Ага суюк сыр менен майдаланган сарымсактын аралашмасын салуу керек.
3. Андан соң ичке тууралган бадыраң жана ашкөк салынат.
4. Этият ороп, таякча менен бекитип, тарелкага тизип коюңуз.

«АЛМА» ДЕСЕРТИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Алма
– 3-4 даана
Малина кыямы – 3-4 (ар бир алмага бир чай кашыктан) чай кашык
Грек жаңгагы – 3 даана

Даярдоо ыкмасы:
1. Таза жуулган алманы этият оюп, капталын вилка менен бир ирет сайып тешик жасап алуу керек.
2. Майда жанчылган жаңгак менен кыямды аралаштырып алабыз.
3. Эми ар бир алманын оюгуна бир чай кашыктан даяр болгон аралашманы салып чыгуу керек.
4. Алмаларды түбү терең идишке оозун өйдө каратып тизүү абзел.
5. Идиштин түбүнө бир аз суу куюп, 10 мүнөт кармайбыз.
6. Андан соң үстүнө кумшекер сээп, алдын ала 220 градус температурада ысытылган электр мешинде 5 мүнөт кармап, дароо дасторконго койсоңуз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Витаминдүү кышкы салаттар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Barika
2013-12-02 11:13:03
Апелсин салаты жакты, жасап көрөм.
Рахмат!
+1
uvay
2013-12-02 22:00:04
апетиттер ачылып кеттиго...
0
titi.petti
2013-12-03 00:50:03
зайтун майы ?кандай май????
0
Jamalym
2013-12-03 00:59:53
titi.petti, оливковое масло
0
titi.petti
2013-12-04 00:03:26
Jamalym, рахмат
0
vangolu
2013-12-03 11:43:19
ашкок деген эмне.суперчилер?
0
Huntress
2013-12-03 12:38:50
vangolu,
Укроп да
0
Gulichka.milichka
2013-12-03 23:25:44
аш кок не деп боорду эзесинер да
0
saya4ka
2014-02-20 16:21:00
Gulichka.milichka, кыргызча созу уксаныз боорунуз эзилеби? ))) Жакшы экен анда. А мен кыргыз болуп туруп кыргызча созду билбей, орусчасын колдонгондорду короуп боорум ооруйт, бакуш, темселеп ботон элдин созун колдонуп журот жетим козудай боуп деп :)
0
Баян
2013-12-03 23:42:46
Кыям-вареньеби?
0
tilek-x
2013-12-04 17:06:20
Сонун салаттар экен бирок жасап берер адам жок!
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан