«ЖИГИТИМ БОЛОЧОК КҮЙӨӨМӨ ӨЗҮ УЗАТЫПТЫР»

«Мен сени ар дайым күтөм. Сен үчүн бардык нерсеге даярмын...» Ушул ырды уккан сайын жүрөгүм ооруп кетет. Студент кездеги армандуу сүйүүм эсиме түшөт. Алгачкы сүйүүм мага азап алып келсе деле ал адамды жек көрө албаганыма таң калам.

Дамир экөөбүз биринчи курска жаңы келгенде эле таанышканбыз. Биздин тагдырыбызды студенттик жатакана бириктирди. Жатаканага жайгашып, секция башчыларын шайлоого чогулуп калдык. Четте отурган бейтааныш жигиттин көз албай мени карай бергенин байкап, мен дагы көз кырымды салып отурдум. Чогулуш аяктап, бөлмөмдүн эшигин ача албай убараланып турсам баягы жигит келип эшигимди ачып берди. Кашы-көзү кара, узун бойлуу, жымыңдаган мырза жүрөгүмдү ээлеп алды.
Ошентип, Дамир экөөбүз таанышып калдык. Олуттуу сүйлөп, көп сыр бербеген, оор басырыктуу жигит менин кыялымдагы ханзааданын өзү эле. Көз ачып жумгуча ушунчалык бири-бирибизге жакын болуп кеткенибизге чочулап, бирок артын жакшылыкка жоруп койчумун. Дамирди сүйүү азап, сүйбөй коюу мүмкүн эмес эле...
28-ноябрь – Дамирдин туулган күнү. Ал менден жөн гана жанында болуумду суранды. Болжошкон жерден жолугуп, чакан бөлмөдө, шам жагылган кечки тамак үстүндө сырдашып отурдук. Өздүк майрамын жалгыз мени менен тосууну каалаганына ыраазы болуп, ишеничим ого бетер артты. Ал түндү бирге өткөрдүк...
Мен Дамирге биротоло байланып, жашоомду ансыз элестете албай калдым. Бир күнү Дамирге үйлөнүшүбүз керек экенин кабарлап, колумдагы эки бүктөм кагазды сундум. Ал кагазды карап, баарын түшүнгөндөй мени бооруна кысып, эртеси ата-энесине барарыбызды айтты. Баарына көздү жумуп, Дамирдин жетегинде кете бердим. Мени сыртка калтырып, өзү үйүнө кирип кетти. Бир маалда бир киши машинага келип отурду. «Дамир адашып калган. Мен анын агасы болом. Ал баарын айтты. Сен бул акчага курсагыңдагыны алдыр. Таксинин акчасы да бул жакта. Бар эми кет!»- деп колума бир тутам акча карматты да, түшүп кетти. Нес болуп кала бердим. «Мен сени ар дайым күтөм. Сен үчүн бардык нерсеге даярмын...» Баягы менин бактылуу күндөрүмдү элестеткен ыр машинадан жаңырып жатты.
Шаардагы кафелердин бирине ишке орноштум. Жанымды карч уруп оор идиштерди көтөрүп, жууп жүрүп бир күнү ооруп калдым. Ооруканага барсам, ичимдеги баланы алып салышты. Бир чети «ырас болду, атасы жок, никесиз наристенин келечеги кандай болмок...» деп кубанайын дейм, бир чети энелик сезимим козголуп, абийир муунтат.
Бир күнү Дамир экөөбүз капилеттен кезиктик. Болгон окуяны айтып бердим. Ал менин түйүлдүктөн ажыраганымды угуп, суз гана «ата-энеңе барып учурашып келчи» деп айылга
узатып жиберди. Ата-энеме барып, сагынычым тарай электе мени ала качып кетишти. Күйөө боло турган адамды чакырып, жигитим бар экенин, ага өзүмдү арнап койгонумду айттым. Ал «мага келдиң, эми босогодон аттатып жибериш уят» деп болбой койду. Жоолукту баса салынып, тагдырдын жазмышына баш ийдим. Жолдошум эскимди чукуп, өткөндү эске салбаска сөз берген. 3 жылдай наристе жытын искей албай жүрүп, удаа 2 балалуу болдук. Кийин Дамирдин досуна кезигип калып болгон чындыкты уктум. Көрсө, мен айылга келем деп Дамирге кеңеш салган күнү күйөөм ага жатакананын алдынан жолугуп, мени ала кача тургандыктарын айткан экен. Ошол жерден Дамир күйөөмө «Азыр алып кете албайсыңар, убарачылык көп болот, 2-3 күндө айылга барат. Ошондо алып кеткиле» дептир. Кыскасы, жолдошума турмушка чыгуума өз махабатымдын ээси себепкер болуптур.
Шүгүр, жанымда мени түшүнгөн балдарымдын атасы бар. Бирок жүрөктүн бир жеринде башка жанга орун бербеген адам жашайт. Ушундан улам сүйүүнүн бир касиетин билдим. Ал миң ирет ырайымсыз болсо да, сенин жүрөгүңдү ээлесе, ал жерден башкага орун бербейт экен.

Сезим
Гүлжан Асанкожоева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
N.Bakazova
2013-12-03 01:53:18
Suiuunun kozu sokur ekendigin dagy bir jolu bekemdep, dalildep ketken eken . . . .
-1
wwwww
2013-12-03 06:54:48
куйоон чыныгы эркек экен
+1
saidka
2013-12-03 11:43:22
чыныгы эркек экен. Суйуп калса керекда куйоо. Чын суйуп калган эркек кыздын кы3дыгына карабайт. Азыр да бир келинди бир бала суйуп калып, кыздыгынды чайга салып ичмек белем деп алдыго.
0
Gulichka.milichka
2013-12-03 21:59:52
мммм
-1
belosnejka1
2013-12-04 10:46:38
Карабай алганы менен кийин кайта эстеткендери жакпайт
0
tilek-x
2013-12-04 14:30:46
Кыздаар суйуу деп эле жигиттердин койнуна жатып бербей шапалактай жан жеринерди ак никенерге чейин сактасанар болотко!ай кыздар кыздаар неге мынча чыдамсызсынаар.
+1
abu_kg
2013-12-05 21:41:32
Эх, никесиз абалың даназалап жаткандыгың уят. Бирок, бул башкаларга сабак болсо болсо анда жакшы. Ар бир кыргыз кызы жан кыргыз жигити ушинтип туула элек муунубузду тундура чөктүрүүдөн алыс босок баары жакшы болмок! Сураныч КЫРГЫЗ Жаш МУУНДАРЫ өз тукумубузду сактайлы! Бул никесиз кошулууга куранда аяттар бар, бул куноо. Ал эми күнөө жасабоо бул адам жашоосундагы ыймандуулуктун жолу!
+4
Elnuram090
2013-12-06 16:07:34
Кудайым бир жактан алып койсо,бир жагынан берет деген чында.Бактылуумун десе эле болот суйуу бул никеден кийинки суйуу чыныгы!
0
piter93
2013-12-06 22:47:22
сердце разбито капает кров вот до чего доводит любовь
0
zamir_kgz
2013-12-08 01:41:49
piter93, ай иним пиши правильно :) Питерликтерге салам, орустарды этияттагыла чет жактан баргандардан.
0
beka90kg
2013-12-09 00:36:28
kuioondun kozu menen ten ailanyp jawagandyn orduna emneni aityp atat bul ayal degi je saga owondoi tagdyr buzkuchtar jagaby bir balany kunoosu jok komup saldynar
0
sadykov88
2013-12-09 01:27:59
Ошон учун кызга кырк уйдон тыю деп илгеркилер туура айткан.Тарбиянын башаты уйдон башталат.Ата катту болсо кыздар кыйык жолго барбайт.Бардык нерсени заманга тонкойбуз,ошол заманды бузган озубуз болуп атпайбызбы?Мин эркек адам каалаган менен аял киши оз намысына бек болсо аны эч нерсе буза албайт.Ошондуктан оз ар намысынарга бек болсонор эки дуйно бактылуу болосунар кыздар.
+1
sultanna_kg
2013-12-12 06:33:13
Саламатсыздарбы Супер Инфо.Мен сиздер менен кантип байланышсам болот.Жан болот.Жан дуйномдун сыры менен болушкум келет. Жооп жазып коёсуздарбы
0
KyrgyzAiba89
2013-12-12 17:29:30
Эээ, кыздар, кыздар прошлое жашоонорду унутсанар куйоонор менен бактылуу болосунар..
0
Aygul
2014-01-07 14:48:37
Бул болгон окуя Тата Уландын "Карындаш" деген ырына окшош го. Кыздар убактылуу бакытка азгырылбай оз келечегинерди ойлоп кыздык-намысынарды коздун карегиндей сактагыла! Никесиз бакыт копко созулбайт.
-1
chomly88
2014-08-21 10:03:17
Кыз балдардын никеден кийин гана багы ачылат. Ошондуктан мин олуп баратсан да ак никеге чейин чыдап турганы он,жигиттин ар кандай создоруно ишенбей.
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан