Эми Гүлнурга биротоло байланат окшойбуз. Неге дебейсизби? Анткени ырчыга жакында кыргыз сериалына тартылууга сунуш түшүптүр. Көбүнчө кайгылуу образдарды жараткан актрисага бул ирет шайыр кыздын ролу туш келиптир. Бул сунуш боюнча азыр ойлонуп жатканын айтып, актриса төмөнкүлөргө токтолду. «Мага башкы каармандын ролун сунушташууда. Азырынча сериалдын аталышы белгисиз жана өзүм сценарий менен толук таанышып чыга элекмин. Бирок тартылам деп ойлонуп жатам»,- дейт Гүлнур.