27-ноябрь күнү ырчы Съездбек Искеналиев кыздуу, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу уулдуу болушту. Бир күндө ата болгон мырзалардын кубанычы канчалык экенин айтпасак да белгилүү эмеспи. Азырынча перзенттерге ысым ыйгарыла элек, эки тарап тең ойлонуп жатышканын айтышты.
Маалымат үчүн: Съездбектин буга чейин бир кыз, бир уулу, ал эми Закирбектин бир кызы бар болчу. Наристелердин бешик боосу бек болсун дейбиз.