Назарыңыздарда «Тамашоунун» тайманбас жигиттеринин бири Куба. Ал алгач «Кg 77» командасында ойночу, кийин команда «Ак-Өргө Сity» менен бириккен соң учурда анын көркүн ачып жүрөт. Келечекте президент, болбоду дегенде мэр болгусу келген жигиттин маеги төмөндө.
Аты-жөнү – Курманбеков Кубанычбек Курманбекович
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 25-май
Туулган жери – Бишкек шаары, 2-төрөт үйү
Билими – КОСУнун архитектура факультетинин 3-курсунун студенти
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу. Сымбат аттуу карындашы жана Санжар деген иниси бар.
– Салам, бүгүнкү маанай кандай?
– Эң сонун. Маекке толугу менен даярмын, суроолорду жаадыра бериңиз.
– Сени эл «тамашоучу» катары тааныйт эмеспи. Долбоорго кантип келип калдың?
– Анда мен мектепте окучумун. Бир күнү силердин гезиттен «Эрмек Нурбаев кыргызча КВНге жигиттерди чакырат» деген жарнаманы окуп калдым. Силер тааныган «тамашоучу» Зияш экөөбүз классташпыз, ал жигиттин сунушу менен команда түзүп, аны «Ак-Өргө Сity» деп атап, Эрмек байкенин алгачкы чогулушуна барганбыз. Ал жакка дагы бир «Ак-Өргө Сity» деген команда келип калыптыр. Бизге «команданын атын өзгөрткүлө» дешип, кийин өзүбүз окуган №77-мектептин атын таанытуу максатында команданы «Kg 77» деп атадык.
Азыр эсептесем, «Тамашоунун» босогосун аттаганыма 6 жыл болуптур. Жетишкендиктерибиздин баары Эрмек байкенин эмгеги. Алгач команда катары чогулганда биз эч нерсени билчү эмеспиз. Нөлдөн баштап баарын үйрөттү.
– Үйдөгүлөр сенин өнөрүңө кандай карашат?
– Атам Курманбек, апам Наркан экөө тең кол өнөрчүлүк менен алектенген адамдар. Тери, кийиз менен иш алпарышат. Артист дегендерден алыс. Ошондуктан «каалаганыңды жаса, бирок окууңду гана таштаба» деп суранышат.
– Силерде да ырчылардай эле сахнага чыкканда сонун сезимдер болсо керек, ээ?
– Айтпаңыз. Тамашага эл каткырган сайын ичиң ысып кетет. Ушунчалык элдин күлкүсүнө көз каранды болуп, кайра-кайра кайталанса экен деп каласың. Кыскасы, баңгизат катары, дагы-дагы сахнага чыксам, элди күлдүрсөм дей бересиң (күлүп).
– Жараткан образдарыңдын ичинен өзүңө кайсынысы көбүрөөк жагат?
– Эсимден эч качан чыкпаган доктур менен официанттын образы го дейм. Мен көбүнчө ошол тамашалар аркылуу таанылгам.
– Ушул убакка чейин өзүң менен сыймыктанган учур болду беле?
– Ар бир кадамым эле мен үчүн сыймык. Мисалы, мурун «Эрмек Нурбаев менин атымды жаттап калса экен, «кандай, Куба?» деп учурашса кана эми...» деп кыялданчумун. Акырындан ал тилегим орундалды. «Мени эл тааныса, чет өлкөгө чыксам сонун болмок, тасмага да тартылып жетишсем экен» деген тилектерим да аткарылды. Анын ар бири ишке ашкан соң ичимден кудуңдап сыймыктанып калам. Ишенбейсиңер, бирок кээде жатып алып «эми «Супер-Инфого» чыксам да жарашмак» деп ойлонуп калчумун. Үнүм Кудайга жетиптир, минтип алдыңызда маек куруп отурам. Кийинки максатым – президент болуу же болбоду дегенде борборубуздун мэри болушум керек. Ошондо «эх, кыйраттым» деп катуу сыймыктансам керек.
– Атактуу болуу жагып жатабы анан?
– Ооба, көчөдө баратсам адамдар келип учурашса, мени менен сүйлөшүүгө умтулушса, аябай кубанам. Себеби «и-и, бул баягы ууру да» дегиче, «бул баягы «тамашоучу» го...» деген сонун да.
– Ата-энең да мактап калган учурлар болсо керек?
– Хм, ойлонсом, такыр макташпайт экен. Эгер командабыз жеңишке жетишсе, атам «ии, жакшы болуптур» дейт, болду. Анан жеңилип калчу болсок, сыналгыдан оюнду көргөндө кемчиликтерибизди айтып турат. «Ушундай да болчу беле, мындай кылсаңар болмок» деген сыяктуу.
Ата-энем 6 жылдын ичинде бир да жолу «Тамашоуго» келишкен эмес. Себеби мен элден көрө үйдөгүлөрдөн көп уялам. Кудай сактасын, бирок сахнадан туруп залда отурган атамды көрсөм, тилим буулуп калса керек. Бир жолу гана Сочи шаарына кетерде отчёттук концерт бергенбиз. Ошондо атам менен апам келип отуруп кетишкени эсимде. Бирок сынак жүрүп жатканда келише элек. Көбүнчө карындашым келет. Аны эптеп бир тешиктен бекитип киргизип коём дегендей.
– Боорду эзген тамашаларды кантип жаратасыңар?
– Тамаша жаратуу өзүнчө бир чо-оң эмгек. Кээ бирөөлөр тамашаны айтканга уста болсо, айрымдар аны жазууга шыктуу болушат. Биздин үй-бүлөдө атам аябай тамашакөй адам. Ошондуктан менде да тамаша жаратуу талантым күч.
Оюндун астында баарыбыз чогулуп тамаша ойлоп табабыз. Кээде бизге маршруткада баратканда, үйдө отурганда эргүү келет. Команда менен чогулганда ар бирибиз топтогон тамашаларыбызды ортого салып, ары-бери тарткылашып жатып аны бышырабыз.
– Жеке жашоого келсек, айланаңдагылардын баары үйлөнүп-жайланып жатат дегендей. Сага кезек келгендир?
– Ооба, баары үйлөнүп эле жатып калышты го. Сүйлөшкөн кызым бар, аты Замира. Татынакай кыз дегендей (күлүп). Сүйлөшкөнүбүзгө үч жыл болду. Менден үч жаш кичүү, бирок менден бир курс өйдө окуйт. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу туугандарыбыздын көпчүлүгү билет. Анын үй-бүлөсүндөгү аял кишилердин баары кабардар, эркектерге али жете элек, жетсе да билмексен болуп коюшса керек (күлүп). Кыскасы, биз бактылуубуз, ошондо 2-3 жылдан соң үйлөнгөнгө даяр болобуз го.
– Сыртыңдан романтик көрүнөт экенсиң, а чындыгында?
– Көп учурда тескерисинче ойлонгон адаммын. Романтиканын да башкача жолу менен жүрөм. Мисалы, бир жолу жаңы жылга сүйлөшкөн кызыма телефон берем деп чечтим. Досторубуздун баары жаңы үлгүдөгү телефон колдонушат да, Замиранын телефону баскычтуу болчу. Кыскасы, сонун телефон алып, батарейкасын бантик менен кооздоп бергем. А телефондун өзүн бир жерге ыргытып койдум. «Ме, бул батарейканы иштетип кой» десем, «эмне кылам муну?» деп жаман болгон. «Карасаң, тиги жакта бир нерсе жатат, ошого салып көр, балким, иштейт» десем, телефонду көрүп аябай сүйүнгөн.
– Ата-энең менен тааныштыргансыңбы?
– Жок, тойго жакын тааныштырам. Болбосо сыйдан кетип калышпайбы (күлүп). Азырынча карындашым менен гана тааныштырып койгом. Кээде баарыбыз тамактанганы отурганда «Зама эже кандай жүрөт?» деп помидордой кызартарын билбей тааныштырып алыпмын.
– Маегиңе рахмат, бизди дагы көп тамашалар менен күлдүрүп жүрө бер.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg