«АКЫЛДУУ» ЭСЕПТЕГИЧ. АНЫН КҮНГӨЙ–ТЕСКЕЙИ

Кылычын алып кыш кирген маал. «Кыштын камын жайда көр» демекчи, отун-суусун камдап жайлата камынганы менен, калктын дээрлик көпчүлүгү электр энергиясына түздөн-түз көз каранды. Жашоонун өзөгүн түзгөн электр энергиясын калкка берүүдө ар түрдүү көйгөйлөр туулуп келет. Өкмөт учурда элдин электр энергиясын керектөөдө ашыкча жоготууга учуроосуна бөгөт коюу максатында «акылдуу» эсептегичтерди орното баштады. Бул эсептегичтер кандай иштеп жатат? Чын эле электр энергиясы боюнча маселени чечип жатабы же, тескерисинче, көйгөй жараттыбы? Ага болгон элдин ою, анын канчалык деңгээлде «акылдуу» экендигин билүү үчүн эсептегичтер коюлган Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушуна барып, элге собол салдык.

«ТҮНКҮСҮН ДА ЖАРЫК ӨЧҮП КАЛЫП ЖАТАТ»
Гүлзат Асанова:
– Арча-Бешиктин Садыбакасов көчөсүндөгү үйлөргө жаңы эсептегичтер коюлуп жатат. Бирок бизге аны кантип колдонуу тууралуу эч ким маалымат берген эмес. Кайсы учурларда өчүп каларын билген да эмеспиз. Көрсө, бир учурда бир нече приборду иштеткенде жарык өчөт тура. Бала уктаган бөлмөнү жылыталы деп жылыткычты иштетсек эле жарык өзүнөн-өзү өчүп калды. Менин жаш балдарым бар. Түн ичинде балага сүт даярдайын деп туруп жарыкты күйгүзсөм күйбөйт. Кайсы прибор канча киловатт энергия талап кыларын баарыбыз эле биле бербейбиз да. Карайлап караңгыда эшикке чыгып, эсептегичтен кайра күйгүзүп келебиз. Улам өчүп-күйө бергени аз келгенсип, жарык бүлбүлдөп араң эле берилип жатат. Жок дегенде кышкысын жөн коюшса болмок. Биз мурунку эсептегич менен деле уурдабай жагып, канча коротсок, ошол сумманы төлөп келгенбиз.

«ЭСЕПТЕГИЧ КОЙГОНДОН КӨРӨ КӨМӨК ЧОРДОНДОРДУ КӨБӨЙТСӨ БОЛМОК»
Соотбек Кубанычбеков:
– Тишинин кирин соруп, нанга жетпей отурган үй-бүлөлөр бар экенин ойлоп койгон жан барбы? Чоңдор элди аралап көрбөгөндөн кийин эмне көйгөй бар экенин билишпейт да. Унчукпайт деп эле калктын социалдык абалы төмөн катмарын кыстай берүүнүн кереги жок. Эмне үчүн кандайдыр бир реформа же эксперимент болсо, дароо калктын жакыр жашаган аймактарынан башташат? Бир эле мисал, ушул эсептегич маселеси. «Акылдуу» эсептегичтер коюлганы жарытылуу электр энергиясын колдоно албай калдык. 2003-жылдан бери бизде 4 ирет электр эсептегичтери алмашылды. Биринчи Союз мезгилинен калган эсептегичти жаңыга алмаштырышкан, кийин «уурдап жагат экенсиңер» деп үйдүн сыртына коюшту. Андан кийин бул да болбойт деп зым карагайдын башына орнотушту. Эми минтип дагы башка «акылдуусу» чыгыптыр.
10 жылдан бери ушунча жабдууларды алмаштыруунун ордуна энергияны бөлүштүрө турган көмөк чордондордон көбүрөөк орнотсо, элге деле жакшы болбойт беле. Трансформаторлордун баары эски. Азыр бир көчөгө бир трансформатор орнотулат. Ага 30 түтүн кошулуш керек болсо, биздикилер кыргызча дагы 20сын кошуп берип коюшат. Анысы аз келгенсип кышында эл жылыткычтарын иштеткенде байкуш трансформатор көтөрө албай күйүп кетет. Анан кайра эле баягы элден тыйын чогултуулар башталат. Электр чубалгылары дагы иштен чыгып, аварияга учурагандар канча? «Акылдуу» эсептегичке кеткен акчаны андан көрө ушул сыяктуу иштерге жумшашпайт беле?!

«ЗАМАНБАП ТЕЙЛӨӨНҮ ТУУРА КАБЫЛ АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК»
Бул «акылдуу» эсептегичтердин натыйжалуулугун айткан жашоочулар да жок эмес. НУРБЕК МАЛАБЕКОВ:
– «Көч бара-бара түзөлөт» деп коёт эмеспи. Бардык нерсе баштаганда эле ийгиликтүү болуп кетпейт. Мен Арча-Бешиктин Термечиков көчөсүндө жашайм. Бул эсептегичти коюп кеткенден кийин башында абдан кыйналдык. Тамак жасап жатканда электр плитага кошуп электр чайнегин иштете албай калдык. Мындайда кадимкидей кыжырдануу пайда болуп, көпчүлүк каршылык көрсөтөлү деп топтолуп жатканбыз. Анан жаңылыктардан мурункудай 5 эмес, 10 киловатт бериле баштады дегенди угуп, тынчып калдык. Чынында, биз, карапайым эл, уурдабай колдонобуз. Көп уурдаган ошол эле чоңдордун, байлардын үйлөрүнө, ишканаларга да орнотушсун, «акылдуу» эсептегичти! Дегеле ушундай өнүккөн технологиянын заманында артка кетпей, сапаттуу тейлөөнү эл өзү талап кылып, өз укуктарын билүүсү керек.

КӨПЧҮЛҮГҮ КАРШЫ
Ушул эле жаңы конуштун Шербет көчөсүнүн тургундары эки ача пикирде. Аталган көчөнүн бир тарабына жарык кадимкидей берилсе, экинчи тарабындагы үйлөрдө жарык үлбүрөп араң күйүп, алар нан бышырып, тамак жасай албай кыйналганына нааразы болушууда. Аталган көчөнүн эки жагына эки башка трансформатор орнотулган. Анын бири эскилиги жеткен же ага кошулган түтүндүн саны көп. Ошондуктан жогорудагыдай айырма келип чыгууда. Кийинки Садыбакасов көчөсүнүн тургундары бир ооздон «акылдуу» эсептегичтин коюлушуна каршы экендиктерин, аны өз үйлөрүнө койдурбай тургандыктарын айтышты.
Эсиңиздерде болсо, бул маселеге гезитибиздин мурунку сандарында да кайрылганбыз. Анда «Түндүк электр» ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаев «электр энергиясынын уурдалып, коромжу болушуна бөгөт коюуда «акылдуу» эсептегичтер жакшы натыйжа берет» деп түшүндүргөн эле. Эгер чындап ашыкча жоготууларга бөгөт коюудан түшкөн каражат мамлекеттин пайдасына жумшалса, анда жогорудагы карапайым эл суранган электр чубалгыларын жаңыртуу, жаңы көмөк чордондорду орнотуу сыяктуу бир катар иштер аткарылып, элди электр энергиясы менен тейлөө стабилдешет беле?
Мындай эксперименттерди чын эле Бишкектин «Ататүрк» эс алуу сейил багынын бир тарабын бүтүндөй ээлеп турган хан сарайлардан баштасак туура болор беле? Ошондо электриктер ал үйлөрдү сагаалап, эшигин ачтыра албай жаткан убарасынан кутулушмак. Жүз миңдеген карызы бар хан сарайлардын электр энергиясын электриктер кеңседе отуруп өчүрүп сала алышмак.

«Супердин» сурак бурчу
«АКЫЛДУУ» ЭСЕПТЕГИЧТИ КОЛДОНУУ СИЗГЕ ЫҢГАЙЛУУБУ?

Ратбек Разакулов, Арча-Бешик конушу:
– Мага бул эсептегич жаккан жок. Мынча койгонго жараша абоненттерге сапаттуу жарык беришпейби. Мисалы, биздин үйдө жарык үлбүрөп, тамак-аш даярдоого тиричилик техникаларынын күчү жетпей жатат. Мурунку эсептегичтер эле ыңгайлуу болчу.

Ширин Мамбеталиева, Арча-Бешик конушу:
– Үйүбүздө бизден сырткары дагы 2 үй-бүлө батирде турат. Алардын бири учурда айылга кеткен. Эл катары биз деле бир жылыткыч сайсак экинчисин сууруп, чаң соргуч иштетсек муздаткычты өчүрүп убараланып жатабыз. Өчүп калганда кайра кошуп турабыз. Бул өтө эле ыңгайсыз экен.

Бактыбек Ийманбердиев, Арча-Бешик конушу:
– Мыйзамдын негизинде коюлуп жаткан болсо, баш ийиш керек. 10 киловатт берилгенден бери нааразычылыгым жок. Жарык сапаттуу эле берилип жатат. Акчасы деле чөнтөктү шыпырып алган жок. Мен ушул айга 729 сом төлөдүм. Кышкысын бул жөндүү эле сумма.

Чолпон Шабралиева, Арча-Бешик конушу:
– Мен бул эсептегичти койдурган жокмун, койдурбайм да. Угушума караганда, ал өтө эле ыңгайсыз экен. Мен азыр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары каттоодо турам. Элдин жашоо шарты күндөн-күнгө оорлошуп жатканда ушундай кысымдардын кереги жок болчу.

Аман Самаров, Бишкек шаары:
– Эгер чындыгында кыргыз элинин байлыгы болгон электр энергиясын ууруларга уурдатпаганга ушул эсептегичтер көмөк болсо, анда бардык жерге коюлсун. Калктын социалдык катмарын жакыр-бай деп бөлүштүрүп алып мамиле кылбоо керек. Бардык жерге бирдей орнотулса, каршылыгым жок.

Ынтымак Таранчиев, Бишкек шаары:
– Пилоттук аймак катары жаңы конуштар тандалып алынган дейт, эмне, башка жактарда уурдашпайбы? Чоң-чоң ишканалардын ээлери колдонгон электр энергиясынын жарым акчасына да жетпеген сумманы төлөп жүрүшөт го. Мага жакканы, эгер бул эсептегичтер коюлса, уурдаганга шериктеш болгон контролёрлор жоголот.

Бактыбек Сопуканов, Бишкек шаары:
– Суу ресурстарынын уюгунда жашайбыз. Электр энергиясы элибизге кеңири жетип, ашышы керек. Мага чындыгында баары бир. «Акылдуусун» деле, «акылсызын» деле коюп бүтө албай жатышат. Жыргап кеткен элди көрө алган жокмун.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Asus84
2013-12-03 11:50:35
кредитке акча алышып ар кайсы олкого самсалашып жасаган иштерин кара шылдын болушуп жеп жарылышсынчы анан эл жарылса тактан тушуп качат бул дагы
0
514947a
2013-12-06 15:59:53
Келишими жок, кол койгон киши жок, зордукчу заман болду, кечээ Эр Тайлак көчөсүнө коюп кетишти, ким эмнеге жооп берет, эч ким билбейт. жарды жаңы конуштарда газ да жок, элге каршы иш деп ушуну айтса болот. Рахмат Энергия министрлиги бийлигиңе да, берген жарыгыңа да.
0
bolotbeck1983
2017-02-07 23:57:16
Ушул кандай эсептегич болду экен админ? Суротун корсом болобу?
+1
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан