«ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ КЫМБАТТАБАЙТ» ДЕП ЭЛДИ АЛДАШТЫ БЕЛЕ?

«Келерки жылдан тарта белгилүү бир лимиттен ашыкча колдонгон керектөөчүлөр жана ишкерлер үчүн электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт». Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев айтты.

УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ УБАДАСЫН УНУТТУБУ?
7-апрелде бийликтин алма-шуусунун негизги себептеринин бири электр энергиясынын баасынын кымбаттаганы болгон. Бакиевдик бийликтин ордуна келген Убактылуу өкмөт «чү» дегенде эле электр энергиясынын тарифтик бааларын баштапкы суммага кайтаруу боюнча токтом чыгарган. 2010-жылдын 1-октябрында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева: «Өлкөдө энергетикалык тармакта тариф жогорулабайт. 7-апрелде адамдар баа өссүн деп өлгөн эмес»,- деп билдирген.
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон, учурдагы экономика министри Темир Сариев 2009-жылдын ноябрь айында басылмалардын бирине берген маегинде экс-премьер Данияр Үсөновдун өкмөтүнүн электр энергиясынын баасын көтөрүүсүн жоопкерчиликсиз чечим деп атаган эле. «Премьердин жалгыз аргументи энергетика тармагына карата каржылоонун жетишсиздиги болду. Бирок кептин баары төмөн тарифтерде эмес, уурдоо менен жоготууларда»,- деп айткан болчу.
2010-жылдын 16-сентябрь күнү Амангелди Муралиев баштаган техникалык өкмөттө энергетика министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев электр энергиясынын тарифтери көтөрүлбөйт деп билдирген.

 


 


«ШИРШОВДУК СХЕМА». БААРЫ АЙТЫШАТ, ТААП ЧЫККАН ЭЧ КИМ ЖОК
«Коррупцияга белчесинен баткандардын башында энергетика тармагы турат» деп саясатчылар да, жогорку мамлекеттик кызматтагылар да дамамат айтышат. Трибуналардан «коррупция менен күрөшүүнү дал ушул тармактан баштоо керек» деп кыйкырышат. Президент Алмазбек Атамбаев да бул тармакта уурдоолор көп деген пикирде. Алсак, үстүбүздөгү жылдын март айында: «Электр энергиясынын баасын жогорулатуу керек деген энергетиктер жакшысы бул тармакта Бакиевдердин тушундагы коррупциялык систем менен «ширшовдук схемалар» дале иштеп жатканын моюнга алып, кызматтарынан кетиши керек»,- деген.
Кыргызстандын энергетика тармагын сазга батырган «ширшовдук схема» канча ирет айтылбасын, ушул күнгө чейин бул тармактагы коррупция ачыкталып, бирөө-жарым кармалып, мамлекеттин казынасына ири суммадагы акча кайтарылып алына элек. Эл Апрель революциясынан кийин ушундай иштер болоруна аябай ишенгиси келген эле. Тилекке каршы, Салянованын командасы да, УКМКдагы, ИИМдеги коррупцияга каршы күрөшүүчү топтор да бул тармактагы ири уурдоолорду таап чыгышкан жок.

АНДА ЭЛДИ АЛДАГАНДАР КЕЧИРИМ СУРАШСЫН...
2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында электр энергия тармагындагы көйгөйлөргө эң көп «Республика» партиясы көңүл буруп, үгүт иштеринде электр энергиянын 70 тыйындык баасын өздүк баасына чейин түшүрөбүз дешкен. Ал учурда «өздүк баа» деген канча сомду же тыйынды түзөрү айтылган эмес. Бирок «республикачылардын» жалындуу сөздөрүнүн контекстинен ошол учурдагы баа – 70 тыйындан арзан сумма айтылып жатканын түшүнүүгө болор эле. Далай адам «электр энергиясын арзандатышат экен» деп да аталган партияга парламенттик шайлоодо добуш беришкен.
Жогорудагы жалындуу сөздөр эстен чыктыбы? Ага ишенген, тагыраагы, алданган элдин абалы эми кандай болот? Тарифти көтөрүүдөн башка чара жокпу? Бар!

  • Энергетикалык тармактагы коррупция менен күрөшүү.
  • 20 пайыздын тегерегин түзгөн техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу.
  • Электриктердин керектөөчүлөр менен «тил табышып алуусун» тыюу.
  • Төлөм кагаздарын фальсификациялоону жана дебитордук карызды негизсиз кечип ийүүнү токтотуу...
  • Башкы энергетик Осмонбек Артыкбаев тарифти көтөрүү деген оңой жана калпыс жолдон көрө дал ушундай иштер менен алек болсо...

Өкмөт энергетика тармагындагы коррупциялык иштердин бетин ачып, айыптуулар жазасын алып, элдин энчиси казынага кайтарыла баштагандан кийин анан тарифтерди жогорулатуу тууралуу сөз кылса жарашат.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aijan
2013-12-02 10:59:45
2010-жылы эл. энергиянын оздук баасы 20 тыйын деп басма соз каражаттарынан айтылып жургон.
+1
ishen
2013-12-02 11:36:26
Артыкбаев артык кылбай еле Тыртык кылмай болду дагы балээ жегенсип жегени жатышат да. Суйлогон создоруно турушпайбы наоборот арзандатышкерек алкымы чондор.
+2
aziz1990
2013-12-02 18:07:59
Кумтор жабылса ел кыйналат токтун баасын которбосок ел пенсия албай калат Чет елдиктерге жер бербесек ел кыйналат УШУНДАЙ бийликтин кереги барбы?
+1
Argymak007
2013-12-03 09:22:39
Саясат саясат, кимди гана алдабайт...
+1
konya
2013-12-03 10:21:27
Артыкбаев Осмонбек деле туура келжиреп жаткан жокпу, ойлонуп туруп айтуу керек го... Энергетика маселеси азыр белчесинен сазга батып турат (техникалык абалы)кийин кыйрап калса мындан деле кымбат баага свет сатып алууга макул болобуз.
-1
tilek-x
2013-12-04 12:11:48
Которсо которсунда биздин энергетик чондор 3 жылдан бери жакшы жей албай арыктап кетишпедиби.Артыкбаевдин жузун карасанар куну кетип калыптыр бечаранын!Которгуло азаматтар которгуло тарифти силердинда тубунорго жетебиз!!!
+1
jazy
2013-12-04 19:26:13
Которсо эле эл унчукпай отура бербейт Бакиевтин эмнеден куулганын унуткангооо азыркы бийлик ойлонуп иш кылышса жакшы болмок жеп тойбостор
0
bek-rusu
2013-12-04 21:26:22
ушуларды коруп жаштарыбыз улгу алатда бизде эч кандай адилеттуулук калбай жок болуп кетип ататко аттин
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан