2011-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу тууралуу мыйзамды кабыл алган. Ага 1-ноябрда экс-президент Роза Отунбаева кол коюп, 2012-жылдын 1-январынан тарта мыйзам күчүнө кирген. Ошентип, баш-аягы 25 казино жана 35 оюн залдары иштерин токтоткон болчу.
Кумар бизнесинин кирешеси айрымдарды уктатпай, саналуу адамдардын кызыкчылыгы элдин мүдөөсүнөн жогору болуп жатат көрүнөт. Казино менен байыган депутаттар да жок эмес. Эми киреше булагынан ажырап калгандар тарабынан депутаттарга сунуш түшүп жаткан өңдүү, казинолорду иштетүүгө уруксат берүү маселесин көтөрө башташты.
«Ар-намыс» фракциясынын депутаты Игорь Гусаров «казинолорду кайрадан ишке киргизүү керек» деген демилгени көтөрүп чыкты. Ал 26-ноябрда «Кыргыз Республикасындагы кумар оюндарынын ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун алып чыгып, оюн автоматтарын колдонбой, бир гана казинолордун ишмердүүлүгүнө уруксат берүүнү сунуштады. «Казинолор 60тан кем эмес номерлери бар мейманканаларда болот. Киреше теңме-тең бөлүнөт, анткени ишмердүүлүккө муниципалдык жана коммерциялык түзүмдүн ортосунда гана уруксат берилет. Бул мамлекет менен жеке тараптын өнөктөштүгү болмокчу. Чектөөлөр да сакталат: казиного 21 жашка чейинкилер киргизилбейт, жакындары менен туугандарынын суранычы боюнча айрым кардарлардын ысымы киргизилген блек-баракча түзүлөт. Жылына мындай казинолор мамлекетке
1,5 миллиард сом киреше алып келет»,- деди ал.
Эльвира Караева
politika@super.kg