«Жогорку Нарын ГЭСтери» ЖЧКсынын Директорлор кеңеши Жогорку Нарын каскадында курулуучу 4 ГЭСтин баасын 727 МИЛЛИОН ДОЛЛАР деп бекитти.
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 28-ноябрь күнү жол кырсыгы катталып, анда 19 жаштагы 5 ЖИГИТ КАЗА ТАПТЫ.
МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы коомдук фонд тарабынан уюштурулган «Жылдын мыкты журналисти- 2013» сынагына макалаларды кабыл алуу токтоду. Анын жыйынтыгы 9-декабрда чыгат.
ИИМдин Түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы ЖЕНГО деген каймана аты бар Кадырбек Досоновго издөө жарыялады.
Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун айтымында, Орусиянын «КАРА ТИЗМЕСИНЕ» миграциялык мыйзамды бузууга байланыштуу 28 миңдей кыргызстандык киргизилген.
Токтогул районунун ЧЫЧКАН дарыясына 26-ноябрда кырсыкка кабылган бензин ташыган унаанын күйүүчү майы төгүлүп, анын кесепетинен массалык түрдө балыктар өлүп баштаганын ӨКМ билдирди.
Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетип чыгуучу заводдун ишке кирүүсү белгисиз убакытка жылдырылганын «ЖУНДА» ЖЧКсынын өкүлдөрү маалымдашты.
«Манас» аэропорту аркылуу БИШКЕК-КИШИНЁВ-ФРАНКФУРТ жаңы транзиттик каттамы ишке кирет.
«Ата Журт» фракциясынын лидери болуп МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ шайланды.
Жогорку Кеңеште «Республика» фракциясынын демилгеси менен вице-премьер ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВДИН мүлкүн текшерүү боюнча комиссия түзүлдү.
ЖАНЫШ БАКИЕВ Сузак райондук соту тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал 2005-жылдын 24-мартында Улуттук банктын Жалал-Абад облустук башкармалыгынан акча каражаттарын уурдоо, талап-тоноону уюштуруу, куралдуу түзүмдү мыйзамсыз түзүү, массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыптуу деп табылды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги төрөтканаларда ВИДЕОБАЙКОО системин киргизүүнү демилгелөөдө.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, өлкөдө 100 МИНЕРАЛДЫК СУУ чыккан булак бар.
2013-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ- инфекциясын жуктуруп алган 5060 АДАМ катталды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tilek-x
2013-12-04 12:56:38
Балыктарга жалко болуптур ал да бир чонду безовозу болсо керек!хе
0
Rostov-on-Don
2013-12-08 20:53:47
ВИЧтен кудай сактасын!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.