2013-жылдын 25-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Абдулда Суранчиевди кабыл алды. Анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын, эркиндигин, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды камсыз кылуудагы маселелер талкууланды.
26-ноябрда мамлекет башчы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов менен жолукту. Алмазбек Атамбаев өнөр жай ишканаларынын ишмердигинде жана жер казынасын пайдалануу иштеринде экологиялык ченемдерди четке кагууга жол бербеш керек экендигин айтты.
Эльвира Караева
politika@super.kg