КЕЛДИБЕКОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ БИЙЛИКТИ КУЛАТУУГА ДАЯРДАНЫП ЖАТЫШАБЫ?

ЭКС-СПИКЕРДИН КЕЛИНЧЕГИ ТИЛИНЕН ЖАҢЫЛДЫ
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «ата журтчу» депутат Ахматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматова «ММКларга жарыяланган мүлктөрдү ак эмгегибиз менен иштеп тапканбыз. Күйөөмдү негизсиз каралагандары үчүн журналисттерди чөгөлөтүп кечирим суратам» деген. Тилинен жаңылганын түшүндүбү же жакындары «түшүндүрүштүбү», айтор, А.Токтоматова кийин журналисттерден кечирим сурады.
Ошол эле тапта Ахматбек Келдибековдун тарапташтары анын туулган айылы Сопу-Коргондон Ош–Эркеч-Там жолун бууп, Кытайдан бери келе жаткан жүк ташуучу машиналар бир нече чакырымга созулган тыгында калышты. 28-ноябрь күнү депутаттын тарапташтары Бишкекте маалымат жыйын берип, алардын бири И.Аттокуров: «Бийлик Ахматбек Келдибековду бошотпосо, биз Бишкек–Ош жолун тосуп, Ош жана Жалал-Абад облустук администрацияларын басып алабыз. Ал жакта 3 облус, 3 миллион эл бар. Андан соң Бишкекке келип, борбордук бийликти кулатабыз»,- деди.

АБАКТАРДА КАЙРАДАН АЧКАЧЫЛЫК...
Ахматбек Келдибеков кармалгандан кийин 26-ноябрда «Бишкектин 1-СИЗОсунда отургандар ачкачылык жарыялашты» деген маалымат чыкты. Журналисттердин «Бул окуя Келдибековдун камалышына байланыштуу болушу мүмкүнбү?» деген суроосуна анын адвокаты Татьяна Чильникина «бул аракеттер Келдибековдун беделине шек келтирүү үчүн атайы жасалууда» деген пикирин билдирди. Көп өтпөй,
1-СИЗОдогу ачкачылык акциясы Лимонти деген каймана аттуу Алмазбек Сулаймановду 50-СИЗОдон №1- тергөө абагына которуу өтүнүчүнөн улам башталганы айтылды.
Эске салсак, ушул сыяктуу окуялар 2011-жылдын аягында, Жогорку Кеңештин төрагалыгынан Ахматбек Келдибековдун кетүүсүн талап кылуу башталганда орун алган болчу. Анда ачкачылык акциясы массалык мүнөзгө ээ болуп, 6 колония менен 3 тергөө изоляторунда 3 миңдей адамдын катышуусу менен өткөн. Аны Келдибековдун спикерликтен кетишине каршылык көрсөтүү катары баалагандардын катарында Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги төрагасы Шейшенбек Байзаков жана башкалар да болгон.
Ал күндөрү интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин криминалдык авторитет Камчы Көлбаев менен Караколдо лыжа базадагы эс алууда түшкөн сүрөттөрү жайылып кеткен. Ахматбек Келдибеков да ушул лыжа базасында ошол күндөрү эс алганы, К.Көлбаев менен жолугушканы тууралуу маалыматтар ЖКнын трибунасынан айтылып, талкуу башталып, окуянын аягы Келдибековдун төрагалыктан кетиши менен жыйынтыкталган эле.
28-ноябрь күнү акыйкатчы Бакытбек Аманбаев Ахматбек Келдибеков менен жолугуп чыкканын айтып: «Ал окуя бир тараптуу чагылдырылып, мени каралоо иштери жүрүп жатат. Соттун чечими чыга элек жатып Келдибековду күнөөлүү кылып коюшту деп айтты»,- деди.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
TolonturCN
2013-12-04 20:00:16
Канчалаган бир туугандарыбыз кор болуп, талаа кезип кеткендери, канчалаган кароосуз балдар, карылар ушундай ууру, мамлекеттин байлыгын жеген, элдин ырыскысын жегендерди тазалабаса өлкө оңолбойт, анан жердештери, туугандары бийликке, мамлекетке сүр көрсөтүп, жаш баланы коркуткандай тап берип жатасыңарбы, мындай ооруңардан айыксаңар боло, ушундай ички чыр чатак менен эле жүрө беребизби өнүкпөй, кыбырап-тыбыра
0
TolonturCN
2013-12-04 20:04:09
Чындап элдин ырысын, мамлекеттин байлыгын жеген болсо "өлүм жазасы" берсе деле болот, башкаларга сабак кылып, анан азыр болгон байлыгын, дүнүйөсүн жеген акчасына айырбаштап, мамлекеттин кемтигине, коомго иштетсе болот.
0
Nara_zi
2013-12-04 20:33:21
Биздин бийликтеги адамдар кылаарга иш таппай, чонтогундо акчасы тугонуп, бармагын соруп калганда, созсуз бироонун артынан тушушот. Ошол адамды каралап, жалаа жаап, " мал-мулкун Жергиликтуу Элдин Казынасына откоробуз" - деп жалган айтып, бийликтегилер бооуп алышат. Бул жегичтер качан эле Элди ойлоп келишкен. Ушунчалык зээним кейип турат. Кыргызстанымдын келечеги кандай болот экен????
0
guard
2013-12-05 10:17:21
Ким ууру,ким ууру эмес кантип айтыш кыйын. онойле го,корунуп эле турат ко баары,болбосо 4 млрд га чукул карызыбыз бар,алтынды берип атабыз,комурубуз,энергетиекабыз ж. б. ушулардан тушкон пайда каякка кетти,алган карыздарчы башкалардан, налогдор. Же эл жыргабаса, кичинекей документ бутуруп корчу акча сурашат,анан таптаза деш кыйын го буларынды,болбосо бийликке неге жанталашышат,жей турган бир нерсени коруп атышат да,же 15-25 мин айлык учун бекен, аларга шапка керек, жашыл акчалар менен да...
0
rs7777777
2013-12-05 11:04:44
Качан кыргыздардын баары дин менен жашаганда гана азыркыдай тоноочулук, уурулук токтойт.Анан биздин чиновниктер таза иштешет,мамлекет онугот.Себеби дин менен жашаган адам аллахтан коркот.
+1
tilek-x
2013-12-05 13:09:53
rs7777777, сага кошулам дин менен гана коом тазаланат адамдын журогу да!
+1
tilek-x
2013-12-05 13:06:39
Эл журт калайык калк эгемендуулукту алган жылда ушул убака чейин иштеген чиновниктердин баары корупцияга арлашкан кыргызстан онугуш учун ошолордун баарынан тазалансак кана онугобуз антпесек кайда барбасак да мамайдын кору боло берет!ай кайран кыргызым ай.
0
alga_kyrgyz
2013-12-05 21:40:46
мага айырмасы жок камалабы олобу айрыкча келдибеков ал эл учун иштеген эмес жана иштей да албайт
0
mig
2013-12-06 10:23:00
Эч нерсени тушунбой эле комментарий жаза бергенди койсок, Келдибеков жонундо соз болуп жатса президентке асылуу керекпи? Жок дегенде жанылыктарды кобуроок окусак билет элек: Куелдибеков Кыргызстандагы эн бай адамдардын бири, президенттин ал списокто аты да жок))
+1
Ukubek
2013-12-06 21:48:34
Тоок уурдап бир байкуш турмодо сасысып жатат а милиондоп уурдагандардын таламын уялбай кантип талашат
0
Ukubek
2013-12-06 21:50:43
Тоок уурдап бир байкуш турмодо сасысып жатат а милиондоп уурдагандардын таламын уялбай кантип талашат
0
arlekino
2013-12-06 23:19:20
ууру жарылганча жеп олгончо карганат демекчи- анча-мынча байлыгын айтканда элдин ээги жерге тийди, чет олкодо счет, вилла, островокторун деле казса болмок.
0
arlekino
2013-12-06 23:23:58
ууру жарылганча жеп олгончо карганат демекчи- анча-мынча байлыгын айтканда элдин ээги жерге тийди, чет олкодо счет, вилла, островокторун деле казса болмок.
0
bogot
2013-12-07 09:52:51
ALLAHYM bailykty kolgo bersin eger jurokko berse al bailykty e4 ka4an jurokdon ala albaisyn atambaevtin jurogugo berilgen bailyk
0
nurik838383
2013-12-07 10:57:23
кандай турдо бешене тери менен тапканын точно айталбагандан кийин унчукпай эле койбоптур, кайсы бир чиновник айтмакчы жакшы бир сааналаштары белек кылган да буларга да ошончо байлыкты ,
+1
Saiha.84
2013-12-11 15:54:25
Жеп эле тим болбостон, дагы элди оздорунун кызыкчылыгына пайдаланып мамлекетке, ишкерлерге зыян келтиргени учун да жоопко тартыш керек Келдибековду
0
№ 578, 29-ноябрь-05-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан