Кыргыздын улуттук колоритин сактап, мукамдуу үн созгон жаш ырчылар саналуу гана. Алардын катарын Ош улуттук драма театрынын актрисасы, ырчы Самара Каримова толуктайт. Жаш ырчынын талантына суктангандар анын эмгек жолу, үй-бүлөсүнө кызыкпай койбойт эмеспи. Анда Самара Каримованын жеке дүйнөсүнө сапар.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Каримова Самара Эрмековна.
Кичи мекени – Лейлек районунун Өзгөрүш айылы.
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-апрель.
Кызыгуусу – Көп нерсеге кызыгат, бир нерсе менен чектелбейт.
Учурда – Жеке ырчы, бир уул, бир кыздын энеси, сүйүктүү жар. Репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар.
– Күйөрмандарыңыз сиз тууралуу «Бул кыз бойдокпу?..» деп кызыгып сурап калышат...
– Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум экөөбүздүн Барсбек, Даткайым деген уул-кызыбыз бар. Ал коомдук ишмер, чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн эң негизги адамым, продюсерим десем да болот. Анын көмөгү менен чыгармачылыгым да аксабай келе жатат.
Үй-бүлөмдө да, чыгармачылыгымда да бул жыл жемиштүү жылдардан болду. Ош шаарында 4 күн жеке концертимди бердим, чыгармачылыгым менен башка аймактарга чыктым, спектаклде роль жаратуу жагынан да бир топ жетишкендиктер болду. Ырларыма клиптерди тарттырдым.
– Спектаклде роль жаратсаңыз, актрисалык шыгыңыз бар экен да?
– Мен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окугам. Турмушка чыкканыма байланыштуу окуумду Ош шаарына которуп, бул жактан билим алып жатам. Устатым Гүлайым Каниметовадан 2 жыл тарбия алгам. Актрисалык да, ырчылык да талантым бар. Жакында Алматыга барып, Асылбек Шериктин «Күзгү романс» деген спектаклиндеги башкы каарман Сюзананын ролун жараттым. Казак эли аябай жакшы кабыл алды. Бул спектаклди Ош шаарында 2 күн койдук. Мындан сырткары да бир топ ролдорду жараткам.
– Жаш болсоңуз да, улуу муундагы ырчылар менен мамиле түзгөнүңүздү байкадым...
– Ооба. Атам Эрмек Каримов – чыгармачыл инсан. Токон Эшпаев, Абдыманап Төрөбеков, Жолболду Алыбаев, Бабаравшан Тургунбаев, деги эле улуу муундагы чыгармачыл адамдардын көбү аяш аталарым болот. «Биздин кызыбыз» деп колдоп, дем берип турушат. Алардан сырткары Алтынай Нарбаева, Чырмаш Төрөбеков менен жакшы санаалаштарданбыз. Жанымда ушундай инсандардын бар экенине ыраазы болом.
Менин ырга, кийимге болгон табитим, сахнадагы стилим да заманбап жаштарга окшобойт. Ошол себептен да улуулар менен байланышып калгандаймын. Индиялыктардын ырларын жана түрк, орус тилдеринде да ырдайм, ошондо да кыргыздын улуттук кийимин чечпейм. Муну элге, сахнага болгон урматым деп эсептейм. Ырды тандаарда биринчи кезекте маанисине көңүл буруп, агайларыма сындатып көрүп, анан ырдап чыгам.
– Сыймыктанып айтчу ийгилигиңиз барбы?
– Артист болуу оор экен. 5 айлык боюмда бар кезде концерт бердим. Клиптерди тарттырдым. Гастролдоп аймактарга кетесиң, кээде ач каласың. Жай мезгилинде Нарын шаарына Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган фестиваль болуп өттү. Ага катышып жүргөндө Таттыбүбү эже түшүмө кирди. Бул тууралуу Эл артистибиз Ташбек Кудайбердиевге айтсам, «бул жакшы нерсе, зоболоң бийиктейт, жакшы жышаан экен, куран окуп кой» деди. Эртеси эле ырчы, актрисаларга биринчи жолу тапшырылып жаткан Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси болдум. Сөз кылчу ийгиликтерим көп эле. Жашмын, мен жаратчу ийгиликтер али алдыда деп ойлойм.
– Кандай сындарды көп угасыз?
– Бардык адамдарга жага бербейсиң. Кээси көрө албастыктан айтат, дагы бири «ушул катасын жойсун, дагы өссүн» деп айтат. Көбүнчө мени колдоп жүргөн, жогоруда атап өткөн чыгармачыл ага-эжелеримдин сындарын кабыл алам. Алар сын айтышпайт, кеңеш беришет.
– Маегиңизге рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg