СОЧИ-2014: КЫМБАТ, БИРОК АБРОЙЛУУ

Кышкы XXII Олимпиада оюндарынын башталышына 2 ай убакыт калды. Бул оюндарга катышуучу спортчулар конькилерин курчутуп, лыжаларын камдап жатса, Орусия бийлиги оюндарды мыкты өткөрүп алууга даярдык көрүүдө. Ал эми Олимпиада оюндары өтүүчү Сочи шаарынын тургундарын Жаңы жылда Аяз атаны күткөн кичинекей балдарга салыштырууга болот.

7 МИҢДЕН АШУУН СПОРТЧУ КАТЫШАТ
Кышкы XXII Олимпиада оюндары Сочиде 2014-жылы 7-23-февраль аралыгында өтмөкчү. Оюндар аяктагандан кийин ошол эле объекттерде 7-марттан 16-мартка чейин Кышкы паралимпиадалык оюндар өтөт. Олимпиадага 80дей өлкөнүн 6 миңдей спортчусу, ал эми паралимпиадалык оюндарга 44төй өлкөнүн 1400дөй спортчусу катышары күтүлүүдө. Азырынча Кыргызстандан канча спортчу барары белгисиз. Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, слалом спорту боюнча 1, сноуборд боюнча 2 спортчу Олимпиадага жолдомо берилүүчү мелдештерге даярданышууда.

СИМВОЛИКАЛАР
Олимпиаданын тарыхында биринчи жолу Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын тумарлары жалпы элдик добуш берүү менен тандалды. Жыйынтыгында Сочиде өтүүчү оюндардын тумарлары (талисман) болуп Ак аюу, Илбирс жана Коён табылган.

ОЛИМПИАДА ОТУ
«Сочи-2014түн» Олимпиада отунун эстафетасы Кышкы Олимпиада оюндарынын тарыхында эң масштабдуу жана узакка созулган болуп калды. Ал 2013-жылдын 7-октябрында башталып, 2014-жылдын 7-февралында Олимпиаданын ачылышында аяктамакчы. 123 күндүн ичинде Олимпиада оту автоунаа, поезд, учак, ат араба жана бугу чегилген чана менен
65 миң чакырым жолду басып өтүп, Орусиянын 2900 калктуу пунктун кыдырат. Мындан сырткары от Түндүк уюлда, Байкал көлүнүн түбүндө, Орусиянын эң бийик чокусу болгон Эльбруста болуп, ал тургай космоско да учуп барып келди.

ДАЯРДЫК
Өлкөлөрдүн кезектеги Олимпиаданы өзүндө кабыл алуу үчүн болгон күрөшүнө эмне себеп? Ооба, бул эл аралык деңгээлдеги аброй, кадыр-барк. Андан сырткары да оюндар өтүүчү аймактын экономикалык жактан өсүүсүнө, ири инвестициялардын келүүсүнө, жаңы жумуш орундарынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт. Олимпиада өткөндөн кийин да курулган спорттук объекттер жергиликтүү калктын жашоо шартынын жакшырышына, туристтердин агымынын көбөйүшүнө жана инвесторлордун кошумча кызыгуусунун жаралышына алып келет. Ошондуктан Олимпиада оюндары аны кабыл алган өлкө үчүн эң масштабдуу жана каражат көп жумшалган иш-чара болуп эсептелет.
Сочиде өтүүчү бул оюндар тарыхта «эң кымбат Олимпиада» деп атала турган болуп калды. Маалыматтарга караганда, оюндарды өткөрүүгө жумшалган каражат 50 миллиард долларды чапчыйт. Бул акчалар оюндарга даярдануу жана өткөрүү үчүн эле эмес, аймактын инфраструктурасын оңдоого да жумшалган. Буга чейин 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндары «тарыхтагы эң кымбат оюндар» деп аталып келген эле. Анда болжол менен 43 миллиард доллар (анын 20 миллиарды Олимпиада айылы, стадион жана башка курулуштарга) корогон. Ал эми 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарынын бюджети 15 миллиард долларды чапчыган. Анда коопсуздук чараларына эле 1 миллиард акча корогон, 14 миң полиция, 17 миң аскер кызматкерлерин кошкондо оюндарды 40 миң адам кайтарган.

ИНФРАСТРУКТУРА – ОЮНДАРГА ДАЯРДАНУУНУН ЭҢ КЫМБАТ БӨЛҮГҮ
367 чакырым жол жана көпүрөлөр, 22 тоннель, 201 чакырым темир жол курулуп, 967 миң чарчы метр жол жабуусу жана тротуар төшөлгөн. Мындан сырткары канчалаган стадиондор, мейманканалар курулбады дейсиз. Мелдештердин бир топ бөлүгү өтүүчү Адлер шаары менен Красная Поляна курортун бириктирген жолго 266 миллиард рубль корогон. Ошондой эле Олимпиаданын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземи өтүүчү 40 миң көрүүчү бата турган «Фишт» стадионун курууга 23,5 миллиарддай рубль корогон.

МИГРАНТТАРДЫ КАРМАШУУДА
Олимпиада учурунда автоунаалардын шаарга кирүүсүнө чектөө коюлуп, Сочи шаарына катталган автоунаалардан башкаларын киргизбөө чечилген.
Укук коргоочу уюмдардын билдиришинче, полиция тарабынан өткөрүлгөн рейддерде миңдеген мигранттар кармалып, анын көпчүлүгү алдын ала камоочу борборлорго камалган. Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев да Олимпиадага чейин шаарда бир да легалдуу эмес мигранттар калбай турганын билдирген.

Кызыктуу фактылар

  • 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада XXII Жайкы болсо, Сочиде өтүүчү XXII Кышкы болмокчу.
  • Сочинин айланасы кышында кар аз болуучу аймактардын катарына кирет. Эгер бул жылы кар аз болуп калса, ташып келүү да пландалган.
  • Сочи шаарында жана анын айланасындагы аймактарда үйлөрдүн баасы асмандап кеткен. Аналитиктердин маалыматында, деңизге жакын жайгашкан жаңы үйлөрдүн 1 чарчы метр аянтынын баасы 15 миң долларга чейин өсүп кеткен. Ал эми шаардын башка тарабындагы кадимки жөнөкөй үйлөрдүн 1 чарчы метр аянтынын баасы 2 миң доллардын тегереги.
1300дөй медаль жасалган: олимпиадалык оюндарга 98 комплект, паралимпиадалык оюндарга 72 комплект даярдалган

Сочиде спорттун кышкы 15 түрү боюнча мелдештер өтөт. Биатлон, бобслей, скелетон, кёрлинг, чана спорту, муз үстүндөгү хоккей, муз үстүндөгү бий, шорт-трек, коньки менен ылдам чуркоо, тоо лыжасы, лыжа менен жарышуу, лыжа күрөшү, лыжа менен трамплинден секирүү, фристайл жана сноуборд.

Паралимпиада оюндарынын тумарлары – Шоола жана Кар бүртүгү

Олимпиада оюндарынын башталышына туура 1000 күн калганда Орусиянын көптөгөн шаарларында аркага эсептеген сааттар иштеп баштаган. Бул сааттар аркылуу Олимпиаданын ачылышына канча күн, саат, мүнөт жана секунда калганын билүүгө болот.

«Фишт» стадиону.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
eldish12
2013-12-09 19:16:08
ai oshol saatty da korup kaldym
0
rozka
2013-12-09 20:08:44
Мен дагы олимпиада отун коруп келдим кечее
. Супер инфого рахмат качан башталганын канча кеткенин баарын маалымат бериптир
0
syimyk92
2013-12-09 21:42:36
биз да онугобуз кыргызстандын келечеги алдыда
0
nurikkg1
2013-12-09 23:31:44
мен ушул сочидемин айлыгымды берсе кыргызстанга кетет элем
+1
nurikkg1
2013-12-09 23:32:32
бул фишт стадиону буто элек
0
look
2013-12-10 00:28:17
орустар кандай кыйын фантазияга бай калк эсимде Евровидение конкурсун аябай шумдук,жомоктогудай откорушкон.эми бул олимпиаданы да укмуш откорушот
+1
Адам
2013-12-10 14:03:13
*иштеП эмес, иштеЙ баштаган
-1
Мэри
2013-12-10 14:15:22
Эми бул жерде одоно ката жок, катаны башка жактан издесенер жакшы болмок...
+2
Ali.Ht
2013-12-10 16:10:00
Ех жанната мындан 1000 10000000 есе ех санда жетпейтко аябай кооз керемтко ким ошол жерге киришти каалайт анда билет алышка даярдангыла омур тез еле отуп кетет бул дуйнонун 4 кундук байлыгына азгырылбагыла!
0
zamir0580
2013-12-11 01:30:34
малыматынарга рахмат
0
goodman02
2013-12-11 10:22:21
Олимпиаданы коргону Сочиге барабыз буйруса! Маалымат бергенинер учун Супер Инфо рахмат силерге!
0
myshka406
2013-12-11 16:54:05
стадион - тим эле го класс!!!
0
Nice0101
2013-12-11 18:05:24
Orustar kyiyn chyn ele,biz da jetisheerbiz buirusa!
0
Nice0101
2013-12-11 18:09:20
Orustar kyiyn chyn ele,biz da jetisheerbiz buirusa!
0
kanatchik94
2013-12-11 19:56:18
Олимпиада 7синен 23-февральга чейин эле болобу же жакында да уланабы
0
muslimkg
2013-12-12 00:16:35
kanatchik94, Ооба 7нен 23чейин болот,билсен керек.Кышкы Олимпиада ар торт жылда болорун
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан