Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Новопавловка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар Кылмыш кодексинин 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (жер мыйзамдарын бузуу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) боюнча айыпталышууда.
Сокулук районунун прокуратура кызматкерлери тарабынан Жер кодексинин жана «Жеке турак жай курулуштарына жер тилкелерин берүүнүн тартиби тууралуу» жобонун талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү ишинин жүрүшүндө мыйзамсыз жер тилкелери берилгендиги аныкталды. Тактап айтканда, Новопавловка айыл өкмөтүнүн чечими менен эч кандай арызы, тиешелүү документтери жок жарандар жер тилкелерине ээ болушкан. Жер боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын жыйынында жер тилкелерин бөлүү маселелерин карабастан, ошондой эле кезек күтүү тартибин сактабастан К.К., Г.Т. жана Ш.Ж. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн Новопавловка айылынын Лавровых көчөсүнөн жер тилкелери берилген. Учурда бул боюнча аталган айыл өкмөттүн айрым кызматкерлеринин үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.