Өлкөбүздө унаалар күн санап өсүүдө. Арасында жол эрежелерин мыкты билген айдоочулар да, жең ичинен акча берип, 2 сааттын ичинде айдоочулук күбөлүккө ээ болгондор да бар. Төмөндө айдоочулар кандай жол менен айдоочулук күбөлүккө ээ болуп жаткандарын териштирип, ким канча акча берип алып жатканын айталы деген жерибиз жок. Айталы дегенибиз, рулга отурганда бир же бир нече адамдын өмүрү сиздин колуңузда экенин түшүнүп, жол эрежелерин бузбай, абайлап айдаса деген эле чакырык.
КЫЙЫРЫ КӨРҮНБӨГӨН ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ
Учурда маалымат булактары ар тараптуу багытта өнүгүп, маалымат алуучу анын каалаган түрүн тандап алса боло тургандай абалга келип калдык. Уккан же окуган жаңылыгыңыздын болбоду дегенде экиден ашыгы жол кырсыгына багытталган. Унаанын көптүгүнөн кырсыктар болуп жатат дейин десең, унаа аз делген аймактардагы жолдордо дагы адам өмүрүн алып кеткен кырсыктар байма-бай катталууда. Бири бакты сүзүп, төрткө бөлүнүп калган, дагы бири жардан алыс учкан, бири адамды сүзө качып, анысы аз келгенсип ал адамды артында шашып келе жаткан унаа тебелеп кеткен... Айтор, үрөйдү учурган автокырсыктар тууралуу укканда жакаңды кармайсың.
БИРИ СҮЗСӨ, ЭКИНЧИСИ ТЕБЕЛЕП...
Айдын башында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын берген маалыматтарынын ичинен окшош 2 факты катталды. Декабрь айынын алгачкы күнүндө саат 23:00 чамасында Хонда Стрим үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан айдоочу жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсык Фучик көчөсүндө катталып, айдоочу түндүк тарапты көздөй баратканда болгон. Ошол эле учурда Хонда Стримдин артынан Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан 24 жаштагы О.М. аттуу айдоочу жерде жатып калган кишини тебелеп өткөн. Эки унаа тебелеп кеткен Сокулук районунун 48 жаштагы К.Т. аттуу тургуну окуя болгон жерден көз жумган.
Оперативдик иликтөө иштеринин жыйынтыгында биринчи сүзүп качып кеткен Хонда Стрим автоунаасынын айдоочусу, 26 жаштагы М.Замирбек аттуу жаран кармалып, тергөөгө жиберилген.
2-декабрга караган түнү саат 2лер чамасында ушуга окшош окуя катталган. Мында Хонда Фит автоунаасын башкарып бараткан 19 жаштагы О.А. жолдон өтүп бараткан адамды сүзүп, анын артынан келаткан Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусу жыгылган адамды дагы тебелеп кеткен. Азиат улутундагы 35-40 жаш чамасындагы аял кырсыктан алган оор жаракаттан улам ошол жерден жан берген. Кичи автобустун айдоочусу из жашырып кеткен.
Азыр качып кеткен айдоочуну издөө иштери жүрүп жатат. Ал эми биринчи автоунаанын айдоочусу кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жол-кайгуул кызматынын тергөө бөлүмү жогорудагы окуяларга кимиси күнөөлүү экенин аныктап, жооптуусун тиешелүү жазаларга тартмакчы.
Учурда кырсыктан каза тапкан аялдын өздүгү такталбай жатат. Белгилери: чачы кара, бою 162 сантиметр, орто түзүлүштөгү келбетте. Кийип жүргөн кийимдери: ачык көгүш түстөгү водолазка, боорунда күрөң түстөгү мех кошулган кара жилет, кара түстөгү ичке шым, көк түстөгү өтүк. Сол колунун ортонунда жана аты жогунда күмүш шакектери болгон. Таанып-билгендер болсо, төмөнкү телефондорго (0312) 53-01-84, 53-01-96, 53-01-81 жана 0558 83-83-46 номерлерине кабарлап коюшуңуздарды Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы өтүнөт. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
Кырсыкты кайдан деп болбойт. Жогорудагы окуялардан кийин жалгыз эле айдоочуларды эмес, жөө жүргүнчүлөр да эрежени сактап, этият боло жүрүшсө дейсиң...
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg