Яна Рудковская - БИЗНЕСВУМЕН

Дима Биланды бүгүнкү Билан даражасына жеткирген продюсери Яна Рудковская экенинен шек жок. Яна – Орусиядагы белгилүү продюсер жана бизнесвумен. Жакында эле ал муз бийчиси Евгений Плющенкого турмушка чыкты. Эгер Янанын тегерегинде болгон ушактар, жеке жашоосундагы интригалар, үйлөнүү тою кандай өткөндүгү тууралуу кенен билгиңиз келсе, төмөнкү макалага көз салыңыз.

Батурин Рудковскаяны Мерседеске сатып алганбы?

2008-жылы апрель айында Рудковская жолдошу, олигарх Виктор Батурин менен соттошуп, Андрей менен Николай аттуу балдарын талашып, айтор, чоң чыр-чатак менен ажырашкан. Экөөнүн мамилелери ортодогу пикир келишпестик, атаандаштыктын айынан муздаган. Мындан бир канча жыл мурун эле экөө "бири-бирибизсиз жашай албайбыз" деп айтышчу.

Мындан алты жыл мурун Яна менен Виктор футбол талаасынан таа­нышып, та­­­быш­кан. Анда бирөөсүнүн жигити, экинчисинин аялы бар кез. Виктор Янага бир көргөндө көзү түшүп, жубайынан кол үзүп, жактырган сулууну имерип алууга мергенчиликке чыгат. “Ал перинин жигити бар, жакында турмушка чыгат” деген маалымат Батуринди ойлондуруп да койгон эмес. Олигарх өзүнүн күчүнө ишенгенби же чөнтөгүнө ишенгенби, айтор, “ал айым меники болот!” деп чуркап жүрүп, акыры арзуусуна жетет. Ал Янага алгач Mercedes SLK үлгүсүндөгү машинаны белек кылыпкөңүлүн алган.

Капчыгы толо акча болгон олигархтын үйлөнүү тою жөнөкөй өтөт деп эч ким ойлогон эмес. Бул Рудковскаянын каалоосу эле. Ал башка кыз-келиндердей болуп тоюна ак көйнөк кийбестен, классикалык стилде кийингени менен көпчүлүктү таң калтырган.

Тапанча такаганга чейин барган

“Үй-бүлөдө бирөө гана лидерлик кылуу керек” деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Яна катардагы үй кожойкеси эмес, тескерисинче, бизнесвумен болгон. Ал кесиби боюнча иштебесе да, мода дүйнөсүнөн орун ээлеп, пайда табуу жолун таап алган. Рудковская шаардын ар бурчунан сулуулук салонун, фирмалык бутиктерин ачып иштеткен. Ошентип, анын үйдө отурбай, жолдошу менен тең тайлашып иштегени экөөнүн мамилесинин бузулуусуна алып келген. Алар үйдө гана эмес, бизнесте да бири-бирине атаандаша башташкан.

Бир пикирге келе албай чарчаган түгөйлөр ажырашууну туура көрүшөт. Бирок ортодо бөлө албай талашканы уулдары Андрей менен Коля болгон. Батурин Рудковскаяга жини келип “өлтүрүп салам” деп тапанча такагандыгы үчүн эки жыл темир тор артында жашоо коркунучуна кабылган. Бирок бул иш кандайдыр бир жол менен жабылып калгандыгын Яна айтып келет. Учурда балдары соттун чечими менен бирде атасынын, бирде апасынын колунда тарбияланып жатат.

Рудковскаянын 1 миллион евролук үйлөнүү тою

Яна Рудковская Батуринге турмушка чыкканда ак көйнөк кийүүдөн баш тартып, аябай жөнөкөй кийинген эле. Эми мына эмесе дегениби, бул ирет Евгений Плющенко менен Яна үлпөт тоюн шаан-шөкөттө өткөрүштү. Той күнү эки жолу которунган продюсердин кийими эле 100 миң еврону түзгөн. Анын жанында күйөө баланын костюму ит бекердей, башкача айтканда, 20 миң еврого алынган. Ал эми нике шакеги 150 миң еврону чапчыган.

Той ээлерин куттуктап баш-аягы 150 адам келишти. Евгенийге күйөө жолдош Николай Басков, Янанын курбу кызы телеалпаруучу Лера Кудрявцева болду. Үйлөнүү тойго 1 миллион евро жумшалды.

Жаш жубайлар тоюнда эки жолдомо белекке алышты. Бири – Грецияга, экинчиси – Мальдив аралдарына. Грецияга Евгений маанилүү машыгуусунун айынан бара албай калат окшойт. Жолдомо күйүп кетпеси үчүн Киркоров менен Биланды жибермекчи болушту. Ал эми бактылуулар бал айын 2010-жылы март айында Мальдив аралдарында өткөрүүнү чечишти.

Яна жөнүндө

  • Яна Рудковская 1975-жылы Москва шаарында төрөлгөн.
  • "Янанын чыныгы аты Алла. Ал 1968-жылы туулган" деген маалымат бар.
  • Кесиби боюнча врач-дерматовенеролог.
  • Порше (Porsche) үлгүсүндөгү машинаны аябай жакшы көргөндүктөн, учурда короосунда андан үчөө токтоп турат.
  • Максаты – Дима Биланга “Грэмми” сыйлыгын алып берүү.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kgjigit
2009-09-29 18:19:06
уйлонуу тойлору кут болсун!"!!! бирок чын эле кымбат болуптур туугандар....
0
tentek
2009-10-03 02:38:33
уйлону тойунар кут болсун бирок жашыныз отуп_деле кеткен го!!!
0
tentek
2009-10-03 02:38:52
чын
0
AygerimUrmat
2009-10-04 22:20:00
уйлонуу кары жашка карабайт...
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан