Ош шаардык жетекчилиги тарабынан түзүлгөн атайын ыкчам топ Ош шаарындагы санитардык тазалыкты жакшыртуу боюнча иш-чараларды улантып, күндүзгү жана түнкү рейддерди калаанын бардык аймактык кеңештеринде жүргүзүүдө. Ыкчам топтун төрагасы Өмүрбек Эрнисовдун билдиргенине караганда, Курманжан датка жана Ленин көчөлөрүндөгү бир катар объектилерге, соода түйүндөрүнө карата актылар түзүлдү.
Мындан сырткары шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан «Лас-Вегас» түнкү клубу жана «Миллениум» сулуулук салону жолдун боюна таштанды таштап, ал эми «Тазалык» муниципалдык мекемеси менен келишим түзгөн эмес. Учурда аталган ишканаларга «Тазалык» муниципалдык мекемеси тарабынан административдик жаза колдонулуп, келишим түзүлдү.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg