«DOCTOR LIFE (ӨМҮР ДАРЫГЕРИ)». ЖЫЙЫНТЫГЫ. ПРОФЕССОР НАЗАРАЛИЕВ – КЫРГЫЗСТАНДЫН СЫЙМЫГЫ

Профессор Жеңишбек Назаралиевдин коомчулукка дүң болгон КТРКдагы «Doctor Life» реалити-шоусу соңуна чыкты. «Бир жылдан кийин. Жыйынтыктар» деген аталыштагы 20-сериясында көрүүчүлөр теледолбоорго катышып сакайып кеткен АКШлык, орусиялык жана германиялык каармандардын тагдыры кандай болгонун көрө алышты.
«Doctor Life» реалити-шоусун тартуу иштери 2012-жылдын сентябрында башталган. 45 күн аралыгында 8 катышуучу видеокамералардын алдында баңгизат көз карандылыгынан кутулуу үчүн доктор Назаралиевдин медициналык борборунда толук реабилитациялык курстан өтүштү. Клиникадагы дарылануу жана жашоо 24 саат бою 85 жашыруун жана 7 телевизиондук камерага жазылып турду. Назаралиев клиникасындагы техникалык байланышты камсыз кылган өткөргүч зымдар жана кабелдердин узундугу 16 чакырымды түзгөн. Телевидениеге тартуу иштерине профессор Назаралиев тарабынан НТВнын Москвадагы бөлүмү чакырылган. Бийиктиктен чагылдырылган пландарды аткаруу үчүн оператордук кранды да пайдаланышты. Бардыгы болуп техникалык топто 80ге чукул адам эмгектенди.
«Doctor Life» сериялары жолдо жүргөн мезгилде атайын жабдылган чатырларда жана боз үйлөрдө монтаждалып жатты. Даяр болгон сериялар аптасына эки ирет телевидениеде жана www.doctorlife.tv расмий сайтына эл аралык байланышты камсыздаган 7 тилде (англис, француз, испан, орус, араб, кытай жана япон) көрсөтүлүп жатты.
Сериалды тартуу учурунда  каармандар: Москвадан келген италиялык жана калининграддык Алекс медициналык өргүү алышса, дагы эки катышуучу: москвалык Ирина Анисимова менен Сиэтлден келген АКШ жараны Глеб Антонов ыйык Таштар-Ата тоосуна зыярат кылууга бараткан жолдо катардан чыгып калышты. Ошентип, финалда төртөө калды. Кийинчерээк Глеб Антонов кыргыз тоолорун кайрадан басып өтүп, баңгиликтен айыгуу үчүн АКШдан учуп келди. Ошондой эле Анатолий Несмеянов баңгизатка азгырылуусу күчөгөндүктөн, ага «эскертүү коңгуроолору» берилди. Буга байланыштуу ал катардан чыгып калбоо үчүн жана баңгизат менен түбөлүк коштошууну көздөп, профессор Назаралиевдин жанына барды. Бир жылдан кийин «Doctor Life» сериалын тартуучу топ теледолбоордун бардык каармандары менен жолукту. Сегиз адамдын жетөөсү жылдык ремиссиядан ийгиликтүү өтүп, Назаралиевдин ыкмасы өтө эффективдүү экенин далилдеди. Медициналык борбордо айтылгандай, баңгиликтен айыккандар 87,5 пайызды түзгөн көрсөткүч буга чейин дүйнөлүк тажрыйбада болгон эмес. Профессор Назаралиевдин айтымында, ийне-жибине чейин иликтенип түзүлгөн ыкманын, кыргыз дарыгерлер тобунун жыйынтыкка өзгөчө көңүл буруусу жана реалити-шоуго берилүү менен көз салып жаткан дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигинин аркасында ушундай ийгиликтүү көрсөткүчкө жетүүгө мүмкүн болду.
Көп жылдардан бери көрүнүктүү бренди жок Кыргызстанда болуп өткөн «Doctor Life» дүйнөдөгү көрөрмандарга чоң жаңылык киргизди. Профессор Назаралиев долбоордогу өзүнүн ыкмасын коомчулукка ийгиликтүү жеткирүү менен катар Кыргызстандын имиджин жана биздин өлкөнүн кадыр-баркын эл аралык деңгээлге көтөрүлгөнүн белгилейт. Бүгүн «Doctor Life» Кыргызстандын эң чоң сыймыгы деп эсептесек болот.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Almabek
2013-12-09 11:44:14
Урматтуу Суперинфо, ушул шоунун видеосу болсо жуктоп кое аласынарбы? Рахмат!
0
admin_media
2013-12-09 17:33:06
Almabek,
Саламатсызбы! Аракет кылабыз. Сунушуңузга рахмат!
0
Shekerbek
2013-12-09 17:50:32
чын эле ушундай болсо азамат а так!
0
KyrgyzstanTugoiloru
2013-12-10 20:50:38
Эн соонун, таланты бар жакшы адам экен, жакшы дарыгер экен!
0
tilek-x
2013-12-12 11:09:39
Ошондой болсо чындап азамат экен.Ийгилик доктору Назаралиеву.
0
Aju90.01
2013-12-13 12:00:25
Азаматсыздар!Ушинтип жакшы конул буруп,бир эле бул ишке эмес башка иштерге да кайдыгер болбосо кыргыз элим аты_денгээли жогорулай бермекчи.
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан