БАКПАГАН СОҢ БАЛАНЫ ТАППАЙ ЭЛЕ КОЮШСА...

Ата-эненин эң башкы милдети бул – баланы үй-бүлөдө асырап, ага мээрим төгүү. Бирок жумушсуздуктун, тиричиликтин айынан балдарын кароосуз калтырып же туугандарына табыштап кеткен ата-энелер жок эмес. Мунун кесепетинен балдар жапа чегүүдө.

«КИРДИН СУУСУН ИЧИРГЕМ»
Жаш балага ырайымсыз мамиле жасап, анын ооруканага оор абалда түшүшүнө себепкер болгон ГҮЛМИРА ДУБАНАЕВА аттуу аял милиция тарабынан кармалды. Үрөйдү учурган бул окуяга кошул-ташыл бала багуучунун көрсөтмөсү болду. Натыйжада жабыркаган наристе шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кылмышка шектүү наристеге кантип кордук жасагандыгы тууралуу айтып берди:
– Кайним келинчеги экөө 1 жаш 8 айлык Мирана аттуу кызын мага бактырышчу. Өзүмдүн 2 балам бар. Батирдин акчасын төлөш керек болчу, көмүр да алыш керек эле. Анан «сенин иниңдин деле кызын багып жатабыз го, иниң (ред. Мирананын атасы) акча берсин» деп күйөөм менен уруша кеткем. Ошого жиним келип жаткан. Анан Мирана төшөгүнө заара ушатып, заңдап да салган экен. Мен аны түртүп жиберсем, жерге катуу кулап түштү. Анан башы менен дубалды сүздүргөм. Тамакты да көп жегендиктен, ченеп берчүмүн. Ошол күнү кир жууп отурсам жаныма келгенде кирдин суусун ичирип койгом.


Мындан сырткары, көргөн күбөлөрдүн айтымында, Гүлмира кар жаап жатканда дагарага муздак сууну толтуруп, ага Мирананы отургузуп, аязга чыгарып койгон. Аял туруп, эне туруп ушул жорукка барганына таң каласың.

«БАШЫНДА АЙТСА, АКЧАСЫН ДЕЛЕ БЕРМЕКМИН...»
Кылмышка шектүү Гүлмиранын айтымында, жабыр тарткан Мирананын ата-энеси кызын багып берген акысына 2000 сом өлчөмүндөгү акча бермек экен. Ошол акчаны бербегендиктен кызын сабагам дейт. Бирок Мирананын апасы бул көрсөтмөнү төгүнгө чыгарды:
– Жолдошум экөөбүз тең автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Кызымды караганга киши жок, өзүм менен ээрчитип алчумун. Бир күнү кайнагам көрүп, «бул жерде кызыңар буту-колу суу болот экен. Жеңеңер балдарга кошуп карап берсин, мен айтайын» деди. Эртеси кызыбызды жеткизип бердик. Бирок Мирананы берерде ортодо атайын келишим түзүп, «бакканың үчүн мынча сом берем» деген сыяктуу сүйлөшүүлөр болгон эмес. Эгерде айтса, кызымды ушунчалык кордотпой акчасын бермек экенбиз.
Кызымды мурда эле уруп-сабап жүрчү экен. Аны тергөө иштеринин жүрүшүндө жеңемдин 8-класста окуган сиңдиси айтып бериптир. Кызым комага түшкөнүнө бүгүн 11 күн болду, эсине келе элек. Колун бир аз кыймылдатып калды. Тамакты болсо ашказанына түтүкчө киргизип, ошону менен суюктук берип жатабыз.

2 БАЛАСЫН КАРООСУЗ ТАШТАШКАН
Балдарын эч кимге тапшырбай, кароосуз калтырып кеткен ата-энелер да бар экен. Жакында мектеп жашындагы балдар үйүндө көптөн бери ата-энеси жок күн кечирип жүргөндүктөрү тууралуу маалымат тараган. Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында бул факт катталган.
Бир туугандар окуган шаардагы №74-мектептин мугалимдери 9 жаштагы Айканыш жана 7 жаштагы Байбол Алимбаевдер окууга дайым кечигип жана кир кийимдер менен келишерин айтып укук коргоочуларга кайрылышкан. Сурамжылап көрүшсө, ата-энеси Ошко иштеп кетишип, балдар 3-4 айлап өздөрү жалгыз жашашчу экен. Биз дагы балдардын кандай шартта жашап жаткандыгын билели деп Ала-Тоо жаңы конушундагы бир туугандар жашаган дарекке бардык. Биз барганда бир туугандардын таякеси аларды ата-энеси турган Ош облусунун Араван районуна жөнөтүп жибергени дайын болду.

Бишкек шаарына караштуу Ленин РИИБинин жашы жете элек балдар менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы ТУРАР БАЗАРАЛИЕВ балдар тууралуу жалпы маалымат берди:

– Жогорудагы Алимбаевдердин үй-бүлөсү 2 жылдан бери 3-класста окуган Айканыш жана 2-класста окуган Байбол аттуу балдарын узак убакытка калтырып, өздөрү Ош облусуна иштеп келебиз деп кетип калышкан.
Өткөндө балдар кандай шартта жашап жаткандыгын көрүп, ата-энеси менен байланышып алып кетүүлөрүн талап кылалы деп келсек, Айканыш камыр жууруп отуруптур. Комиссияга тиешелүү документтерди топтоп бергенибизде, балдардын ата-энесине эскертүү берилип, эгер жылыш болбосо, ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу документтер даярдала баштамак. Атасы Тагдыр менен байланышсак, ал 1 ай мурда балдарды таякеси Ошко салып жибергенин айтып, ал жакта мектепте окуп жатканын кабарлады. Бирок бул жактагы мектебинен балдардын өздүк делосу алына элек экен. Биздин өндүрүштөгү бул ишти Араван РИИБине тапшырып, бир айдын ичинде алардан жооп күтөбүз. Эгерде биз күткөн жыйынтык болбосо, анда атайын түзүлгөн комиссия балдар үчүн өз чечимин чыгарат.

«КУРМА ТЕРГЕНИ КЕТИШКЕН»
Алимбаевдердин салынып бүтө элек 2 кабат үйү бар экен. Ошол үйдүн күн батыш бөлүгүндөгү бир бөлмөсүндө 2 тестиер бала кароосуз күн кечирип келген. Ал эми өзүн ГҮЛНАРА АХУНБАЕВА деп тааныштырган Алимбаевдердин кошунасы жана жеңеси мындай нерсе жыл сайын кайталанарын айтат:
– Булар жылда эле ушинтип күзүндө балдарын таштап, Араван районуна курма терип келебиз деп кетип калышат. Бизге деле таштап кетсе карап турбайт белек. Кечинде аман-эсенби карап коёлу деп үйүнө барсак, эшикти бекитип алып ачпай коюшат. Апасы ошентип үйрөтүп койсо керек. Сырттан күйгөн жарыгын карап, «ии, үйдө экен» деп санаабызды тындырып кетебиз. Бир нерсе десең милицияга арыз жазып, «сен чогултуп келип жатасың» деп мени жаман көрүшөт. Үй-бүлөдө булардан кичүү дагы 3 баласы бар.

 


Ала-Тоо жаңы конушунан чыгып, сапарымды Айканыш менен Байбол окуган №74-орто мектепке уладым. Байболдун класс жетекчиси ГҮЛЗАТ АБДЫКЕРИМОВА буларды айтты:

–Байболдун окуусу канааттандырарлык эмес. Менин классым түшкө чейинки сменде окуйт. Ал эми Айканыш түшкү сменде сабакка келет. Ал сабактарын окуп аягына чыккыча Байбол эртеден кечке эжесин күтүп кетпей, мектептин айланасында кечки саат 6ларга чейин жүрө берчү экен. Байбол апасын «Дыйкан» базарында иштейт дечү. Бирок калп айтып коюптур, алар балдарды таштап, Ошко иштегени кетип калышыптыр.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Наристени башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичирген
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (55)
kadam
2013-12-12 13:08:31
Буга Батыш,Чыгыш,орус,дунган күнөөлү эмес,ойрону чыккан дал өзүбүз күнөөлүбүз.Колубуздан эч нерсе келбей калганда болгон өчүбүздү балдарга жумшайбыз.Андай эмеспи?
0
kadam
2013-12-12 13:52:58
Дүйнөдөгү эң аёо,жан дүйнөсү баёо балдарды кор кылып курал катары колдонобуз,дары-дармек сайып коюп жертөлөдө кайыр сурайбыз,же арендага беребиз үч кошкондо көтөрүп кайыр сураганга. Кайран гана балалык бизге кор болгон!
0
Rus_Gul90
2013-12-12 18:13:07
Ошол, наристени урганча озунду ура турган адам жок экен. Олуп кетейин азыр Жанымда болсон олтуруп салмакмын, комуп туйун менен жок кылат болчумун.кандай акын айбан! Ушунчалык да журок жокпу? Окуп алып ушунчалык ызааланып жиним кайнап турат!желаю по жизненно посадить ее. Это преступление.
0
shanur
2013-12-12 19:06:20
Озунун бала кезиндеги коргондорун бироонун баласына корсотуптур келесоо.
0
boztalaa
2013-12-13 14:37:46
Бир адамга зар дуйно, бир адамга кор дуйно!
0
boztalaa
2013-12-13 15:07:07
Баланын убалынан коркуш керек!!!
0
atiram
2013-12-13 23:54:58
Айбан, мыкаачы десе! Түбөлүккө кесилишине мен дагы макулмун. Антпесе бул эртең эле чыгып алып сайраңдап жыргап, баарын унутуп калат. Түбөлүккө кесилсе эсине келе түшөт. Менин оюмча, балдарды кордогондун баарын түбөлүккө камаш керек же жок дегенде 20-25 жылдап, "без амнистии" деп туруп
0
Chtc
2013-12-14 20:29:25
Эх!Гүлмираны кичинесинде Гүлира дечүбүз.Ушунчалык эрке анан татынакай кыз эле.Чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган.Ошол чоң ата,чоң энеси бир айыл сыйлаган жакшы эле эмес,эң кадырлуу адамдар эле.Укканда ишене албай шок болдум.Жамандан жаан, жакшыдан бөөн деген ушул окшойт...
0
klara1990.90
2013-12-15 16:09:25
Эмне деген аял?баладан не куно бала эч нерсени билбейткоо акмактын иши соттош керек баланы эми мурдагы абалына кайтарыш кыйын
0
urmat_88-kg
2013-12-15 22:09:59
Ээх адамбдар кайда деги кайда баражатабыз. Курма тергени кетип балдарын таштап коюш акмактар. Кечке мектептен кетпей эжесин куткон баланы элестетип козумо жаш тегеренди.
0
nuri2201
2013-12-16 08:28:23
Тооба кылайын тамакты кооп жейт эле ошого ченеп бурчумун деп ошол кичинекей 2жашар кыз кайсы тамагын жеп коду экен тооба кылайын эй алла озун пенделерине ыйман ынсап бере кор озу деле эне экенго кантип жаш баланы чыркыратып урганга колу барды экен дейм да анан да тошоко сийип чычканына жинимде дегенине бир жиним келди баардык бала сийип чычып чоноёт да эгер озу жакшы болсо тошоко сийдирбей убагында тосуп карап койсо болот просто озу генебес экен да.
0
nuri2201
2013-12-16 08:29:50
Ал эми жаш ымыркайга жараткан Аллах озу шыпаасын берсин. Эртераак айыгып кетсин... бул дуйно сыноочу дуйно адамдар акча акча деп эмес кичине акырет учун да иштеп коёлу туугандар
0
gugus
2013-12-22 13:09:05
ее таким сделала жизнь. наша государство где нет ни денег ни работы. она виновата и на даж не сожалеет ни капельку. ее просто надо наказать . отобрать детей. жизнь теперь ее накажит
0
tazagul86
2014-01-16 11:18:46
эч Качан авысындын баласын авысын жактырбайт ушуну Бир билип алгыла,жана бактырбагылаа,менинделе Кызымы кайненем багатле,авысыным куйугуп ошонуле жакшы корот деп,кайненеме корсотпой чымчыйт экенле,болбосо жоош корунот,чоюлат.эч ким ойлобойт аны чымчыйт деп.
0
samira8589
2015-06-12 12:01:32
Энелердин, баланын ширинин билгендердин баарынын журогу ооруду болуш керек. Кандай мээримсиз, журогу жок
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан