Мына, жыл жыйынтыгын чыгарчу Супер концертке саналуу гана күндөр калды. 13-14-декабрда Улуттук филармонияда өтчү жарышка жылдын мыктылары кандай даярдык көрүшүүдө? Концерт алдынан жылдыздардын даярдыгына кызыгып көрдүк.
Асел Кадырбекова, «Жылдын супер дебюту» наамына талапкер:«ЖҮРӨГҮМ БАШКАЧА СОГУП ЖАТАТ...»
Асел Кадырбекова деген ысым шоу чөйрөсүндө көптөн бери келатат. Ошентсе да быйыл гана эл оозуна алына баштады десек, ырчы бийкеч таарынбас. Мына ошол аракети, эмгеги эске алынып, Асел «Жылдын супер дебюту» наамына көрсөтүлгөн.
– Азыр Супер концертте ырчылар элге сюрприз даярдап жатышпайбы. Ошого ал жактагы репетицияга да калбай катышып, өзүмдүн номерим эсте каларлык болуш үчүн катуу даярдык көрүүдөмүн. Ырдап гана эмес, бийлегенге да аракет кылам. Супер концертке деп атайын кийим сатып алдым. Жеңем деп аябай ишенбесем да, үмүтүм бар. Бирок жүрөгүм башкача согуп жатат...
Маңдайыма жазса наамга жетем, болбосо өтө деле кайгырбайм. Катышканымдын өзү деле чоң стимул мага. Курбуларым, жакындарым азыртадан эле «албай калсаң да, биз үчүн сен баары бир жеңүүчүсүң» деп көңүлүмдү алышууда. Апам экөөбүз да күнү-түнү «ийгиликке жетишсем экен» деп Кудайдан тилеп жатабыз.
Аваз Акимов, «Жылдын супер ремейки», «Жылдын супер клиби» наамдарына талапкер:«ДОСТОРУБУЗ ЭМИТЕН ЭЛЕ КУТТУКТАП ЖАТЫШАТ»
Аваз Акимовдун «Ай-ай-ай», «Гүл кыздар» деген ырлары элге жугумдуу болуп, дароо оозго алынып кетти. Андан сырткары ырчы мырза катуу эмгектенип, досу Нурлан Насип менен биргеликте «Атаман» деген ырды жаңылап ырдап чыгышты. Бул ыр элдин купулуна толуп, минтип жыл жыйынтыгын чыгарарда «Жылдын супер ремейки» наамына көрсөтүлсө, «Ай-ай-ай» ырынын клиби «Жылдын супер клиби» наамына ат салышууда.
– Ар дайым эле мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Былтыр Нукеш досум (ред. Нурлан Насип) «Супер ырчы мырза» наамын алганда аябай жууп, өзүм да ниет кылып койдум эле. Баары убактысы менен болот экен, минтип менин да кезегим келип калды. Нукеш экөөбүз Мухтар Атаналиевдин «Атаман» деген ырын жаңылап ырдап, «Ремейк» наамына көрсөтүлдүк. Азыр бизди коштоп бийлөөчү кыздар менен жарыша бийлеп жатабыз. Кызыгы, досторубуз эмитен эле мени «Супер клип», Нурланды «Супер ырчы мырза» наамы менен куттуктап жатышат, кой десек болбой :) «Коё тургула, чыныгы таймаш филармонияда болот» деп жатабыз. Азыр кесиптештерибиз менен кошумча бийге катышып, ар күнүбүз кызык менен коштолуп жатат. Дагы көп кызыктар бар, аны айтсам сюрприз болбой калат, аны концерттен көрөсүздөр.
Каныкей, «Жылдын супер саундтреги» наамына талапкер:«САДАГАМ» ЖЕҢЕТ ДЕП ИШЕНЕМ»
Бир эмес, үч жолу «Жылдын супер ырчы айымы» аталган Каныкей бул ирет «Жылдын супер саундтреги» наамына көрсөтүлдү. Ал ыр «Жылдын супер тасмасы» наамы боюнча лидерликти багынтып келаткан «Салам, Нью-Йорк!» фильмине жазылган.
– Былтыр «Жылдын супер ырчы айымы» наамына ат салышып жатканда абдан эле катуу толкундангам. Ага салыштырмалуу бул жолу «Садагам» деген ырыма ишенимим күч. Саундтрек чынында эле жакшы чыкты. Бул ырымды концертте адаттагыдай эле жандуу ырдамакчымын.
Даниель, «Жылдын супер клиби» наамына талапкер:«КЫЗЫКТЫ КОНЦЕРТТЕН КӨРӨСҮЗДӨР»
Жакында гана Даниелдин «Айрылуу» аттуу клиби чыгып, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк табууга үлгүрдү. Андыктан ырчынын бул эмгеги да «Жылдын мыкты клиби» наамына көрсөтүлгөн.
– Чынында, клибим наамга көрсөтүлүп, сурамжылоого коюлганда жакындарымдан «добуш берип койгула» деп суранган жокмун. А бирок карасам, астыда экенмин. Демек, сапаттуу, жакшы клип болуп, элге жагыптыр деп калдым. Негизи эле бул клип өзүмө да аябай жаккан, ал наамды алса-албаса да мен үчүн супер клип болуп кала берет (күлүп). Досторум болсо, Ильяз Андаштын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» деген клиби менен меникин татыктуу деп жатышат. Буюрса, концертке өзгөчө бир номер даярдоодобуз. Анын кандай болорун сыр кылып, картаны ачпай турайын. Концертке келсеңиздер, кызыкты ошол жактан көрөсүздөр.
Нурмат Садыров, «Жылдын супер ыры» наамына талапкер:«УТУЛУП КАЛСАМ ӨЛТҮРҮШӨТ :)»
Кайсы жерге барба, быйыл «Мен сүйгөн менен пайда жок, кантейин, жаным, айлам жо-ок» деген ыр саптары жаңырып турду. Жаштарга майдай жаккан бул ырдын автору Нурмат Садыров деген жигит. Анын ыры «Жылдын супер ыры» наамына ат салышып, сурамжылоодо лидерликти бербей келатат.
– Менин кубанганым, эл менин ырымды жактырып угуп, хит кылды. Азыртадан эле дос-туугандарым «сен «Жылдын супер ыры» наамын алууга татыктуусуң» деп толкундантып жатышат. Баары мага ишенип жаткандан кийин аракет кылбасам болбойт.
Концертте «Мен сүйгөн менен пайда жок» ырымдын клибиндеги актёрлор менен театрлаштырылган сценка уюштурсакпы деп турам. Бул идеяны жакшы иштеп чыгалы деп актёр досум менен күнү-түнү чогуу ойлонуп, кээде таң атканча уктабай, үкүгө окшошуп калдык (күлүп).
Ии, баса, «эгер жеңип алсаң, жууп беребиз» дегендер көп. А эгер утулуп калсам өлтүрүшөт го :)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg