АЛАЧЫК АЙЫЛ ЖЕ 21- КЫЛЫМДАН ОРТО КЫЛЫМГА

Бул кичинекей айылга келгенде өзүңдү көчмөн жашоого түшүп калгандай сезесиң. Ал таңкалычтуу аймак Бишкектин Туңгуч кичирайонунун жанында жайгашкан.

Көчмөндөрдүн урпактары...

Туңгуч кичирайонундагы айдоо талаасынын четинде Чүй каналын жээктей боз үй, чатырлардан турган кичинекей кыргыз айылы кимди гана таң калтырбасын?! Жаңы конуш деп айтайын десең, болгону жыйырма түтүн бар. Бирок Үсөн Кудайбергенов атындагы жаңы конуш деп кездемеге бакыйта жазып илип коюшкан. Айылдын аталышы айылдыктардын айтымына караганда, жер басып алуучулукка каршы чыккан Үсөн Кудайбергеновдун атынан коюлган. Эптеп улаштырылган таякка тагылган Кыргызстандын желеги да алыстан көзгө урунбай койбойт.

Айылдын жашоочулары менен тааныша баштаганда өзүн Кудайбергенов Ормон деп тааныштырган адам сөзгө аралашты. Көрсө, бул мырза алачык айылдын төрагасынын кызматын аткарат экен.

– Бул жерге кандайча отурукташып калгансыздар?
– Биздин айылда майыптардан баштап Ооган согушунда кызмат кылып келгендерден бери бар. Колунан келгендер боз үйүн, чатырын тигип, керек болсо өзүңөр көрүп тургандай, темир-тезектерден кепе салып жашагандар бар. Бизди жер басып алуучулар менен алмаштырбоо керек. Биз болгону мыйзам чегинде жер талап кылгандарбыз. Эгерде биз жер басып алуучулардан болсок, эчак жерпай тургузуп, үй салып алмакпыз. Мына үч жылдан бери мыйзамдуу чечимди күтүп жатабыз. Бул жерге 2006-жылы "айдоо аянт үлүшкө берилип жатат” деген маалыматты угуп келип, отурукташып калганбыз.Чын-чынына келгенде бул жерде жашап жаткан 20 түтүн батирге чыгууга шарты жок, айласы куругандар. Бул жердегилердин тапкан акчасы күнүмдүк нанга араң жетет. Ал эми бир бөлмөлүү батирге чыгуу үчүн айына жок дегенде 5 миң сом айлык алып иштеш керек да.

– Ошентип, 3 жылдан бери жер маселеси чечилбей келе жаткан турбайбы?
– Биз тиешелүү жерлерге бутубуз үзүлгөнчө чуркап кайрылганбыз. Негизи, чечип беребиз дегенинен улам үмүт кылып жашап келе жатабыз. Учурда 20 түтүн жашаганы менен, өлкөбүздүн туш-тарабынан келген 2876 үй-бүлө жер алууну күтүп жүрөт. Мына ошол адамдардын баары азыр батирден-батирге көчүп, кыйналып жүргөн кездери.

– Эгин талаасынын жээгине келип, отурукташып алганыңар үчүн куугунтуктоо болгон жокпу?
– Көп эле жолу болду. Бирок биз да өзүбүздүн таламыбызды жактап жашап келе жатабыз.

Үңкүр да болсо...

Айылды аралай басканыбызда колунда бар лар боз үй же чатыр тигип жашап жаткандарына күбө болдук. Жарнама үчүн колдонулган тактайлардан кураштырып, үй өңдөнтүп алып жашагандар да бар болуп чыкты. Ушундай үйлөрдү аралай жаш балдар боз ала чаң болуп ойноп жүрүшүптүр. Бир үйгө кайрылып, очокко калама нан жасап жаткан жаш келиндин үстүнөн чыктык. Апасынын жапкан нанынан улам сындырып жеп коюп отурган балдарды көрүп, аргасыз ичибизден сызылат. Келин менен тааныша келгенибизде аты Айнура болуп чыкты. Айнура чиедей 4 баласы бар экендигин, жолдошу болсо аскерде кокустукка кабылып майып болуп келгендигин айтып, бышактап алды. Экөө күнүмдүк жумуштарга жалданып иштеп, тапкан тыйындары менен күн көрүп келишет экен.

“Бир да төрөткана кабыл албай койду”

Кепелердин биринде баласын эмизип отурган Жаңыл деген жаш келинге көңүлүбүз түштү.

– Жаңыл, кыш келе жатат, жаш балалуу экенсиң, кандай камылгаларды көрүп жатасыңар?
– Азырынча эч кандай камылга көрө элекпиз. Болгону, ар кайсы жактан “бомжго” окшоп отун чогултуу менен алекпиз. Жолдошум курулушта иштегенде арткан жыгачтарды ала келчү. Азыр бутун кокустатып алып үйдө. Суук түшпөй турса экен деп тилеп жатам. Баарынан да баламды төрөөрдө абдан кыйналдым. Кайсы төрөтканага барбайлы “катталган жериңер жок” деп кабыл албай коюшту. Кээ бирлери “дареги жок кандай жерде жашайсыңар?” деп шылдыңдап да күлүштү. Акыры эртең төрөйм деп калганымда жолдошум туугандардан карыздап акча сурап, анан акча берип жатып төрөтканага кирдим. Эми жолдошум "карызды бериш керек" деп күндө кейийт. Какаганга муштаган болуп, бутун да кокустатып алып отурбайбы.

“Сызда жатып, кулактарым укпай калды”

Бир айлык баласын бооруна кыскан Жаңыл арыз-муңун айтып бүткүчө Зина аттуу аял кепке аралаша кетти.

–Биздин жашообуз итке минерлик болуп калды. Баарыбыздын эле коркконубуз катуу жаан, бороон, кар. Мурда ата-энелерибиз “боз үйдө эле кыштачубуз” десе, кантип деп таң калчубуз. Эми боз үй эмес, чатырда күн көрүп жатам. Баарынан да катуу жаан болгондо чатырды суу каптап кетет. Калчылдап суу төшөктө жаткан күндөрүбүз канча болду. Кышында колунда барлар көмүр алып жагышат. Колунда жоктор ар нерсе жагып, жылынып, тамак кылышат. Төрт жылдын ичинде суук катуу өткөн окшойт, кулактарым укпай калды. Сызда жатканым аз келгенсип, иштеген жерим да оңдуу эмес. Кечке колум суудан чыкпай пол жууйм. Бизге насыя акча да берилбейт. Свет жок болгондуктан телевизор деген нерсе түшүбүзгө да кирбей калды.

“Катуу шамалда чатырларыбыз учуп кетет”

5 баласы менен жарнамалар жазылган матадан чатыр тигип күн кечирген Апал апа өз көйгөйүн айта кетти.

– Минтип күн кечирип жатканыбызга эч кимди күнөөлөбөйбүз. Катуу шамал болсо эле жаман чатырыбызды учуруп кетет. Жаан жааса көрүнгөн жеринен суу агат. Болгон идиш-аягыбызды тамчыга тосуп, жаандын токтошун тилейбиз. Колдон келсе жер алып, үй кургуча батирге жашаганга не жетсин. Бирок учурда бир бөлмөлүү батирге 5 миң сомдон кем төлөбөйсүң. Андай акча жок, минтип кор болуп отурабыз.

Чоңдорго чоң үй

Жер кепелердеги катаал турмушту көрүп кайгырсак, чоңдордун заңгыраган үйлөрүн көрүп көзүбүз жайнады.
Мындай үйлөрдүн бири ЖКнын депутаты Бегалы Наргозуевге тиешелүү. Биз эл өкүлүнө эки ооз суроо узаттык.

– Агай, батирде жашап көрдүңүз беле?
– Албетте, үйлөнгөндөн кийин Совет көчөсү менен темир жолдун кесилиши тараптагы бир үйдө батирде турчумун. Кийин жубайыма иштеген жеринен бир бөлмөлүү үй тийди. Анан атам У.Салиева көчөсүнөн жарым үй сатып берди. Кийин 90-жылдары ушул Көк-Жар кичирайонунан жерге ээ болдум. Бирок салганга жараша шаардын четине, абасы таза жерге үй салууну чечип, алган жериме үй салбадым. Акыры Арашан айылына дача өңдөнгөн үй салып, жашап калдым. Бирок, биринчиден, ал айылдын эли үйлөрүн сатып, көчүп кетип жатышса, экинчиден, жумушка барып келгенге алыстык кылды. Ошондон улам Көк-Жарга үй тургузууга туура келди.

– Сизди “усталык жайы бар” деп угуп калдык эле...
– Укканыңыз чын. Бул үйдү курууга өзүмдүн да колум тийди. Үйдүн дизайнын да өзүм ойлоп чыккам. Мисалы, тепкич орнотууда усталар эмне кылабыз деп баштары катып жаткан кезде устундарды экиге бөлүп тепкич жасоону сунуштагам. Кийин бул идеяны да көпчүлүк жаңы салынган үйлөргө колдонуп жүрүшөт.

– Үйүңүз куттуу үйлөрдөн болсун, маеги­ңизге рахмат.


Батир алмаштыруу жагынан рекордчу

Жылдыздарыбыздын арасында деле батирлеп жүргөндөрдүн саны көп. Мисалы, "куудул Назира Жетигенова батир алмаштыруу боюнча алдыга киши салдырбайт" деп угуп, ага байланышсак, төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Канча жолу батир алмаштырганымды бир жолу отуруп алып санасам, 10-15ке жетип калса болобу! Бир жолу батирдин акчасын таба албай, бүт оокатымды кожоюнга калтырып кеткенге мажбур болгом. Батирде жашасаң аял өңдөнүп буюм-тайым жыйгың келбейт, кожоюн эмне деп урушат деп жүрөкзаада болуп жашайсың. Азыр апамдын үйүндө кетпес мейман болуп жүргөн учурум.


Үйлөр сүрдүрүлүп салынабы?

Бишкек мэриясынын алдындагы Менчик турак жай куруу департаментинин директору Айдаров Расул Ибраимович жаңы конуштар тууралуу суроолорубузга жооп берди.

– Расул мырза, “басып алуу менен пайда болгон конуштарга тиешелүү чечим чыкпаса, салынган үйлөр сүрдүрүлүп салынат” дегенге сиздин пикириңиз...
– Жер басып алуучулук – учурдун көйгөйлүү маселелеринин бири. Эгерде басып алынган жерге мамлекеттик мекеме, спорт аянтчасы же коомдук эс алуучу жайларды куруу белгиленсе (генпланга кирген жер болсо), албетте, салынган тамдар сүрдүрүлүп салынат.

– Үсөн Кудайбергенов атындагы жаңы конуш деп аталган айыл тууралуу маалыматыңыз болсо керек...
– Албетте, биз ал жерди бир нече ирет барып текшерип келгенбиз. Негизинен, ал жер мамлекетке тиешелүү айдоо аянты. Аны жаңы конуш кылуу үчүн айдоо аянтын турак жай курууга ылайыкташтыруу (трансформациялоо) керек. Бирок азырынча өкмөттүн чечими жок болгондуктан, биз турак жай курууга уруксат бере албайбыз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
коенек
2009-10-01 00:41:00
А биздин бийлик кайсы жакты карайт, тушунуксуз.Борбордун тегерегине конул бурбаса,алыстагы койгойду козгобой койсо да болчудай.......
0
almazi
2009-11-04 11:23:13
ee Alla kaida barabyz kantip jashaibyz ..jashtar kandai kylsak bizda osabniakta jashaibyz .uuruluk kylsan erten kudaidyn aldynda emne deibiz ...je biilik karabait bul maseleni..
0
diash
2009-12-21 18:17:37
ooooi biilik karasa kun batyshtan chykpaiby....
0
№ 360, 25-сентябрь - 1-октябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан