Жамиля Муратова: «УУЛУМДУН АТАСЫ БИЗДЕН ЭРТЕ КЕТИП КАЛГАН»

Арабызда жан дүйнөсүн, өмүрүн музыкага арнаган инсан бар. Жамиля Муратованын «Ак кайың», «Кызгалдак», «Сизге», «Каркыралар» аттуу ырларын билсеңиз керек. Бул жолу ырчынын балалыгына, жан дүйнөсүнө сапар алдык.

«АПАМ МЕНИ САХНАДАН КЕТИРЕ АЛБАЙ ЭСИ ООГОН»
-Мен Бишкек шаарында туулгам. Бала чагым борбор шаарыбызда өттү. Эң сүйүктүү шаарым. Балалыгымды эң бактылуу балалык десем болот. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Улуусу мен, иним Данияр, сиңдим Зулайка.
Ата-энем да мен улантып келе жаткан асыл өнөрдү аркалашчу. Алар музыканттар, атам Эдил Муратов кларнетте, апам Хадима Берикбаева кыл кыякта ойночу. Өмүр бою Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенип келишти. Алар Асанкан Жумакматов, Токтосун Тыныбеков, Чоро Кожомжаров, Чалагыз Исабаев сыяктуу улуу инсандар менен чогуу эмгектеништи.
Кичинемде ата-энем менен гастролго көп чыгып калдым. Андагы гастролдор аябай узакка созулчу. Оркестр Кыргызстанды толук айланып концерт коёр эле. Менимче, ошол убак оркестрдин да дүңгүрөп турган убагы болчу. Бир жолу Ош шаарындагы бир концертке бардык. Сахнанын капталында отургам, анан бир сулуу эжеке чыгып бир нерселерди сүйлөп жатты. Көрсө, Гүлсүн Мамашева экен. Андан кийин эле кыяк көтөргөн байке сахнага чыгып ырдай баштады. Эмне себептен экенин билбейм, бирок ошол байкенин ырдаганы ушунчалык жакты. Анын жанына барып бутунан кучактап отурганым эсимде. Байке ырын токтоткон жок... Мен бутун кучактап алып ырдаганын угуп отурам... Эл кол чаап жатат... Капталдан, көшөгөнүн ары жагынан апам «Жамиля, Жамика, кел жаныма, бери кел» деп жатат. Ошентип апам мени сахнадан кетире албай эси оогон.
Ырын аткарып бүткөндө тиги байке кыягын асынып, мени көтөрүп алып көшөгөнү көздөй басты. Кийин апам ал Рыспай Абды­ка­ды­ров экенин айтып берген.
Анан дагы эсимде, Рыспай ага мага кооз, ар түрдүү боёк менен боёлгон кичинекей оюнчук бешик белек кылган. Ошол бешикти көп жыл сактап жүрдүм. Кийин иним Данияр ойноп жүрүп жоготуп алды.

«КЫЗДАР МЕНЕН ОЙНОГУМ КЕЛЧҮ ЭМЕС»
-Бала кезде ойноок, тентек элем. Эмнегедир кыздар менен ойногум келчү эмес. Эркек балдар менен согуш, казаки-разбойники оюндарын көп ойночумун. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн дубалдарына чыгып, гараждардын чатырынан секирип, «биз парашютчубуз» деп ойногонубуз эсимде.
Шаарыбыздагы №24-орто мектепте окудум. 1-класска барганымда жаныма парталаш болуп Виталик деген орус бала отуруп калды. Өзү кичинекей, кулактары делдейген бала эле. Ал байкушту башка балдар кулагынан чоюп ыйлатып кетишчү. Бир күнү боорум ооруп, Виталикти уруп, таарынтып жаткан Турат деген классташымды аябай сабадым. Китеп менен баштан ары уруп жатам. Бутум менен тээп жатам. «Ещё раз тронешь... всё расскажу Александре Григорьевне!» деп кыйкырып жатам... Айтор, билбейм, катуу сабап койсом керек, экинчи Виталикке эч ким тийген жок. Ашканага баратканда колунан кармап «не бойся, тебя никто не тронет» деп койчумун...
Арашан айылында жашаган таенемдикине каникулда барып, жай бою ойноп-чардап жүргөн, мандалак, байчечекей терип же жолдогу тизеден келген чаңды кечкен күндөрүмдү көп эстейм. Чырпык минип «атчан солдатпыз» деп чуркачу элек.

«15-20 РУБЛЬ ГОНОРАР АЛЧУМУН»
-Ата-энем мени борбордогу Шубин атындагы музыкалык мектепке окууга киргизишти. Фортепиано бөлүмүндө окуй баштадым. Аябай жакшы окудум. Мектептен соң Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктагам. Кийин Искусство институтун да бүтүрдүм. Бала кезимден ырдаганды аябай жакшы көрчүмүн. Артист болом деп деле ойлогон жокмун, музыка сабагын берген мугалим болом деп элестетчүмүн.
Чыгармачылык жол – кандайдыр бир сырдуу жол, сырдуу дүйнө. Андыктан сахнага чыгып, обон жаратып, ал обондорумду ырдап чыгуу – мен үчүн маанилүү иш. Союз учурунда музыка жазып, ал ырларымды теледен, радиоберүүлөрдөн аткарганым үчүн почта аркылуу 15-20 рубль гонорар алчумун.

«УЧУРДА БИЗДИН ҮЙДҮН МААНИЛҮҮ АДАМЫ – НЕБЕРЕМ»
-Өзүмдүн жеке жашоомду ойдогудай кура алган жокмун. Эң маанилүүсү – уулдуу болгонум. Уулум Адилеттин атасы бизден эрте эле кетип калды. Ал адам менен кийинки турмуш жолумду куруп кетериме көзүм жеткен жок. Ансыз оокатымды кылам деп чечтим. Баланы да чоңойтуп, окуумду да окуганга, музыкалык мектепте да иштегенге жетиштим. Албетте, ата-энем, бир туугандарым чоң жардам кылышкан.
Эми Адилетим чоңоюп, үй-бүлө куруп, бир үйдүн ээси болуп отурат. Учурда биздин үйдүн эң маанилүү адамы – неберем Алимхан. 1 жаштан ашып, күндөн-күнгө кылыгы чыгып, баарыбызды багынтып алды. Музыкага шыгы бар экени азыр эле билинип турат. Эртең менен ойгонор замат менин бөлмөмө келет да, музыка коюп бер дейт. Мен ага биринчи классикалык чыгармаларды, анан шаңдуу музыка коюп берем.
Бир жолу апам кыл кыягы менен Алимханга күү ойноп берди. Аны уккан Алимхан оозу ачылып, бир үн чыгарбай угуп отурду. Анан кантип музыканын сыйкырдуу сырын айтпайсың! Музыка адамды жыргатат, ыйлатат, ойлонтот, ойготот. Алга карай сүрөп, албан ийгиликтерге жеткирет. Баланы кичине кезинен музыкага аралаштырса, ал бала жаман адам болбойт, жаман ишке барбайт деп ойлойм...

«Неберем Алимханым – бар байлыгым».

«200ГӨ ЖАКЫН ОБОНДОРУМ БАР»
-Азыр Күрөңкеевде жана консерваториянын эстрада кафедрасында вокалдан сабак берем. Ийгиликтүү, профессионал жаштарды таптоодомун. Менин тарбиямды алган, менден сабак алган таланттуу, белгилүү жаштар көп. Алардын ийгиликтерине ар дайым кубанам. Окуучуларымды атап кетсем, Минюра Рахимжанова, Каныкей, Иса Өмүркулов, Даниель, Максат Бегалиев, Гүлжигит Калыков, Адилет Азим уулу. Булардын арасында, өзүңөр билгендей, эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү да бар.
Мен деле убагында эл аралык сынактарга катышкам, бирок өзүмдү сынакка ылайыктуу ырчы деп эсептебей, ыр жазууга жана жөн гана аткаруучулукка умтулдум. Азыркы убакта 200гө жакын обондорум бар. Аларды таланттуу курбу-курдаштарым, жаш ырчылар ырдап жүрүшөт.

«Шумит весна» ырына клип тартуу учурунда».

«Оорумду колдон, жеңилимди жерден алчу уул-келиним Адилет менен Мээрим».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жамиля Муратова: "Жакшы бүлө күтө алган жокмун"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
piramida
2013-12-09 10:06:37
Жарайсыз Жамиля еже таланттарды таптай бериниз,уйунузго береке неберелер кобойо берсин.
0
umutai.86kg
2013-12-09 10:49:54
сонун кайнэне болуш кеерек
0
jibeka_foreve.live
2013-12-09 12:47:48
Талантынызды сыйлаймын ийгилик сизге
0
Jamalym
2013-12-09 14:46:54
Апам экообуз тен унуно суктанабыз аябай жакшы ырдайт."Сизге" деген ырынызды угуштан тажабайм.Жалгыз болсо да уулунузга мыктай тарбия берипсиз,бул сиздин чон жетишкендигиниз.Таланттарды дагы кооп-коп чыгара берин.
0
aijan
2013-12-09 17:23:52
Таланттуу композитор, вах, вах, вах. Аябай чыгармачылыгы жагат. Башкасын айтпаганда да бир эле 'Ак кайыны' кандай уккулуктуу! Азаматсыз, эже!
0
Nice0101
2013-12-09 17:46:56
Uulunuz,kelininiz kadyrynyzga jetip,ar daiym syilawsyn!
Azamatsyz,iygilik kaalaym!
0
tilek-x
2013-12-10 12:32:58
Чыгармачылык ийгилик каалайм!
0
yrysbek
2013-12-10 13:50:48
Негизинен баардык сапаттарыныз жагат, чыгармачылык ийгилик эже Сизге, денсоолукта бар болунуз.
0
allan
2013-12-10 23:56:53
Уул келини жакшынакай экен)
0
Zarema94
2013-12-11 01:36:15
баарыбызга бакыт каалайм!
0
Saiha.84
2013-12-12 10:12:12
Кыргыздын ушундай таланттуу кыздары кобойо берсин,унунуз абдан уккулуктуу профессионалдык денгеелиниз абдан жогору,сураныч мектебинизден коп жаштарды тарбиялай бериниз
0
Gsuita
2013-12-14 20:37:33
Эженин талантын баалайм,сыйлайм,бар болунуз эжеке кыргыздын бактысына!!!
0
gulperi.kg
2013-12-16 02:37:50
Бар болунуз!ден-соолукта журунуз
0
nurjana83
2013-12-23 11:40:04
Гулнара Тойгонбаева досунузга караганда сиздин ырларыныныз маанилуу, Гулнара эже капа болбосун.
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан