БИШКЕКТИН БАШЧЫЛЫГЫНА БАБАНОВ КЕЛЕБИ?

Ош менен Бишкек шаарлары башчысыз калды. Иса Өмүркулов өз каалоосу менен отставкага кетсе, Мелис Мырзакматовду өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кызматынан бошотту.
Бул шаарлардын мэрлерин шайлоо процесси жаңы «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу» мыйзам долбоорунун алкагында жүрүшү керек. Эске салсак, ал айрым мүчүлүштүктөрдөн улам президент тарабынан парламентке кайтарылган. Кийин Жогорку Кеңештин бир сыйра макулдашуусунан кийин мамлекет башчынын кол коюусуна жөнөтүлгөн болчу. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев: «Президент «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы тууралуу» мыйзам долбооруна кол койсо, бул эки шаардын мэрлери 2014-жылдын январь айынын биринчи жарымында шайланат. Эски мыйзам боюнча, шаар башчысын дайындоо президенттин бийлигинде болчу. Азыр мындай эмес. Жаңы мыйзам кабыл алынса, шаардык кеңештеги фракциялар менен өкмөт башчы мэрликке өз талапкерлерин көрсөтө алат»,- деп жооп берди.
Ал эми интернетте Иса Өмүркуловдун ордуна келет деп Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлү Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун ысымдары эң көп аталууда.
Бишкек шаардык кеңеши КСДПнын 21, «Республиканын» 11, «Ата Мекендин» 7, «Замандаштын» 6 депутатынан турат. Ал эми Ош шаардык кеңешинин курамында «Улуттар биримдигинин» 21, КСДПнын 11, «Республиканын» 8, «Адилет Кыргызстандын» 2, «Ата Мекендин» 1, «Замандаштын» 1 жана Кыргызстандын элдик демократиялык партиясынын 1 эл өкүлү бар.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
adiletaltynbek
2013-12-10 11:19:38
Бабанов мэр болсо онуктурот деп ойлойм,анткени ал буга чейин берген убадаларын аткарган,бир гана светти оз баасына тушургонго жетишпей калды,Текебаев менен Шерниязовдун кылмышын ачам деп иштен алынып кетти
+1
jazy
2013-12-10 21:09:14
adiletaltynbek, туура айтсын мэрлике кайтып келсе жакшы болмок Бабановту колдош керек
0
tilek-x
2013-12-10 13:24:02
Кыргызстандын эн бай адамы Бабанов экенго менин билишимче анын 1.5миллиард доллардан ашык байлыгы бар экен азыр мындан да коп болсо керек!
0
tilek-x
2013-12-10 13:31:45
Эми мындан ары кыргызтанга эле таза кызмат кылып берин онугуп кетсек тарыхта каласыз деген ойдомун урматтуу Бабанов Омурбек Токтогулович!
+1
yrysbek
2013-12-10 13:39:52
Бул жерде мэр Омурбек Токтогулович болобу башкасы кеп анда эмес, кеп Алмазбек Шаршенович айтып атат жан жоокорлоруно кана Биз элге азыр кайсы СПЕКТАКЛЬди коебуз деди. Бирок бизге азырынча табышмак ким башкы рольду жаратат ким тер ким он каармандын рольун жаратат аны бир гана Алмазбек Шаршенович, Омурбек Чиркешович билет. тасманын автору Алмазбек Шаршенович, койгон Омурбек Чиркешович.
+1
nurinisa_88
2013-12-10 22:31:08
Мен дагы Омурбек Токтогуловичти колдойм!!!!былтыр жакшы иштеп келе жаткан жеринен алып салышты, коро албагандар дагы коп болсо керек бирок иштей турган адам экени корунуп турат........
+1
rianna
2013-12-10 23:27:04
Озу Бабанов президенттике татыктуу адам мер болсо коп иштерди аткарат деп ишенем
+1
guard
2013-12-11 10:12:13
Ай ким билет, ким билет, мунун да жеп ичип, тоноп анан баса берет ко, дунуйого кызыкпаган эле бир жонокой , билимдуу-илимдуу бироо келсе жакшы болбойт беле, буларын деле мер эмес андан чон кызматын деле кыйраткан жок ко, кайра эле ишене бересинер ээ..
0
sladkaja_konfetka
2013-12-11 14:13:52
Мэр болсо жакшы! "Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" дейт.
0
Saiha.84
2013-12-11 15:30:01
Бабанов жаман иштеген жок,бирок озун коррупциядан арылта албады а азыр бизге эн негизги маселе бул коррупцияны туп тамыры менен жоготуу!!!
0
asha302
2013-12-11 18:47:11
I do not choosing nobody'!!!
0
adiletaltynbek
2013-12-12 11:53:33
урматтуу byshakov албетте окмот чечет баасын,анткени бул инвестиция аркылуу экспорттолот,башка товарлардай эмес.мисалы эмдиги жылы фасольдун баасы канча болорун быйыл эле чечип койот окмот,анан албетте процентине да отурат
0
mirbakg
2013-12-12 15:53:31
Биз Бул болсун ал болсун дегенибиз мн Жогоркуларга ким кобуроок таштаса ошол болот да !
0
zamir_kgz
2013-12-12 15:58:17
Биз КЫРГЫЗдар бир куну Бабановго да эс алууга жолдомо табабыз, балким азыр аракеттедир.
0
Miregia91
2013-12-13 00:33:58
Zamir-kgz, bul biylik Babanov baykushtu da bir atty beleke algandygy uchun kylmyshker korrupsioner, jegich dep ishten chettetpedi bele. Azyrky biylik ushunday bolup kalgan, mykty chygaan uuldardy buttan syndyryp jygytat
0
meka
2013-12-14 21:52:29
Бабанов татыктуу эле го, Иса Омуркулов жакшы эле планка коюп кетти, ким келсе да андан ашып иштөөсү керек. Бишкекте жаңы жолдор жакшы эле ачылды, көпчүлүк жол оңдолду.
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан