Бул жумада милиция кызматкерлерине уникалдуу учур жаралып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев 2-декабрь күнү «дөңгөлөк уурдамакчы болгон» деген шек менен кармалды. Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы берген маалыматка ылайык, Тимурлан Ташиев үч теңтушу менен «Авто-ууру» рейдинин жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. Сурак учурунда тартылган видеодо кармалгандардын бири кайра-кайра Ташиев деген фамилияга басым жасаганы одоно түрүндө байкалат. Тимурлан Ташиевден айырмаланып, берки үч жигиттин фамилиясы шаардык милиция тараткан маалыматта айтылган жок.
Бул окуя Өмүрбек Текебаевди салмактуу саясатчыдан героин ташуучуга айлантуу аракетин аргасыздан эске салды. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы күрөш мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок ал күрөшкө 18ге эми чыккан балдарды аралаштырышпай эле коюшса болмок деген нааразычылыктарды жаратты.
Кийинчерээк Камчыбек Ташиев интернеттеги баракчасына: «Уулум чыкты. Күнөөсү такталган жок»,- деген билдирүү калтырды.
Эльвира Караева
politika@super.kg