ОШТУН «КОЖОЮНУ» МЫРЗАКМАТОВ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Мелис Мырзакматов 2-декабрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары уюштурган митингге келип, өзү иштеп жаткан системди «арам бийлик» атаган эле. Ал сөзү үчүн 3 күндөн соң кызматтан алынды. Мырзакматовдун аянттагы сөзү катуу талкуу жаратканы үчүн аны өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

Митингчилер: – Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.
М.Мырзакматов: – Саламатсыздарбы, урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн, акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок.
Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул – «Кыргызгазды» 65 депутат сатып жиберди, 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн «Кумтөрдү» чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес.

Митингчилер: – Ур-рра-аа!
М.Мырзакматов: – Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат – адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык.
Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, «бардыгын камай бер, биз болсок болду» дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам, Камчынын баласын «машинанын баллонун уурдап алды» деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди! Булардын көзүн май басты.
Урматтуу эл! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес.
Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп, менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар.
Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: – Элге кошул!
М.Мырзакматов: – Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм.
Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби (ред. Хажинаби Ишматов) деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, «мени коркутуп жатат, менин жүрөгүм чыдабай калды» деп. Мына – Шайлоо (ред. Шайлообек Атазов, шаардык кеңештин депутаты). Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машинанын баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана «Ширшовдун схемасын» тапкандары?
Газды эптей албай 1 долларга сатып жатат. Ушу Ахмат айтты эле, «1 долларга мага эле бер, мен иштетейин» деп. Жок, бул «шапкесин» бербейт да. «Шапкесинен» калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз.
Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер – кошоматчылар, шыпыргылар. Булар «камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз» деп жатышат. «Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз» деп жатышат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошол жерде турат. Боз үйдү талкалатып, тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги.
Бүгүнкү күндөгү шаардагы «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тээтиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, «митинг өткөрө бер» деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, «өткөрө бер» деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле.
Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Айпери Ганыжан кызы
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (91)
arzumat
2013-12-11 23:20:51
melis myrza siz bizge en kerek adamsiz.
0
otin
2013-12-12 09:32:32
у нас один рот и два уха, значит мы должны больше слушать, чем говорить. Но пара глаз расположена выше ушей, поэтому мы должны видеть, а не верить слухам. Над всем этим есть мозг, поэтому мы обязаны сначала думать, прежде, чем, увидев отрывок и услышав слухи, ,,выливать' все через рот
+1
aydynza86
2013-12-12 10:47:16
Бийлик талаша бербей. Бир адамды ойлогончо талаада жургон миндеген кыргыздарды ойлосонор кыргыз баатырлары
+1
Shekerbek
2013-12-12 11:21:23
бирин кайын бирин тал! бирин кемпир бирин чал! бирин маймыл бирин мал! бирин .... бирин кал! деген соз бар экен! анан ТАТА улан деген ырчынын "ЧЫН Журоктон БААРы БИР" Мен Ош учун бардык нерсеге даярмын! Мэлис алга!
+1
Mika8330
2013-12-12 13:28:05
Кудайым буйруса Мелис кыргыз республикасынын президенти,мен ишенем ошого!Мелисти колдойлу.
+1
Mika8330
2013-12-12 13:32:06
muxammet созуно 100% кошулам.
0
ratmir
2013-12-12 15:58:18
Мелистин иштегенинде соз жок, бирок алайлык Ахматтын туугандарынан коркуп кеткенинен суйлоп жиберген го. баары мыйзам чегинде болуш керек, Иштейм деген адам бийликсиз да иштесе болот,Биздин чиновниктерге бир нерсе керек болгондо гана элди ойлошот.
Чыныгы патриоттор элди эч качан болбойт.
-1
Adahan.myrza
2013-12-12 20:43:46
ratmir, Потриот деген создун п сын тушунбогонундон кийин жазбай эле койчу сен. Бул жерде сен болуп жатасын элди Ахматтын алайлык туугандарынан коркуп деп.Митингде бир гана Алай эмес бутундой кыргызстандан делегация бар болчу.Алайдын элин жана атчандарын Чыйырчык ашуусунан эле милициялар откорбой койгон.
0
Saiha.84
2013-12-13 14:09:13
ratmir,Кошулам созунузго.,эки жуздуу адам экенин корсотуп койду
0
kg90.2012
2013-12-12 23:19:30
мелис шайланбаса пикет чыгат барибир эл которулот эл колдойт аны
0
nurjana83
2013-12-23 11:55:06
kg90.2012, шаардын, элдин кызыкчылыгы учун мен деле пикетке чыкмакмын, Мелисти бийлик сындырам деген менен баары бир эл билет анын эмгегин, ал президент болгонго татыктуу
0
aziz2000
2013-12-13 00:25:04
Ушунча жылдан бери кыргыздан единственный бир Мелис чыкса,эми буга да асылып,жандары тынбайт экен да.Коз тийип кетти окшойт.Урматтуу Мелис мырза сизди суук коздон Кудай сактасын,куну-туну тилейбиз.
+1
kg_smile
2013-12-13 03:22:46
Мелис Мырзакматов элдин уулу, буюрса, Кудайым насип кылса Кыргызстанды алдыга жылдырат, гулдотуп, жашартат. Бул иши давно эле Ошто байкалган... . Согуштан кийин мышык ыйлай турган абалда болчу,,,азыр ошол "кандуу кундордун" изи да жок, жыты да жок. Бул ийгиликке мэрдин салымы абдан чон. Урматтуу М.Мырзакматов бутундой Кыргыз эли Иншаллах сиз мененбиз!
+1
kalbek87
2013-12-13 20:36:41
азамат мырзакматов эч бир саясатчы бийликте туруп мындай чындыкты айта алган эмес, ийгилик кайратындан жазба дайыма!
+2
Virtual
2014-04-07 14:13:24
Мелис Мырзакматовдой эч ким жакшы иштей албайт менин оюмча согуштан кийин Ошту караб ичим эзилет эле азыркы убакта Ош гулдоб осуб кетти рахмат Мелис байкеге канчалаган жакшы кишилерди кетиришти эми бийлик кандай иш алыб барышат толук билбейм бирок кудайдын жазган буйругу болот бийликте отуруб иштин баарын бутургондордун да жазасын беришсин кудайым кыргыз элим бар болсун баардык элди жене алышпайт болуш керек!!!
0
admin_media
2014-04-07 14:36:02
Virtual,
Эскертүү! Темадан алыстабай билдирүү жазыңыз!
0
Suiorbek
2014-06-02 00:47:43
Мелис сизге ийгилик
0
bakaika
2014-08-31 14:06:25
Мелис Мырзакматов эми корунбой калдыго
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан