ЖАНСУ ДЕРЕ

Кара чачтуу, бакыраң көз, назик Жансу Дере. Бекеринен бул сулууну «Даңазалуу кылым» тасмасындагы султан Сулеймандын ойношунун ролуна тандабаса керек. Анткени ал келбети, таланты менен канчалаган көрөрмандардын көңүлүн буруп келет.

АКТРИСА ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1980-жыл, 14-октябрь
Туулган жери – Түркия, Анкара шаары
Бою – 176 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Билими – Стамбул университети, археология бөлүмү
Хоббиси – Сүрөт тартуу, дүйнө кыдыруу
Тартылган тасмалары – «Сыла. Үйгө кайтуу» (Сыла), «Эзель» (Эйшан Атай), «Даңазалуу кылым» (Фируза) жана башкалар.

АРХЕОЛОГ, ФОТОМОДЕЛЬ, ЖӨН ГАНА СУЛУУ
Орус классикасын, өзгөчө Достоевскийдин чыгармаларын сүйүп окуган Жансу Дере жашында балерина болууну каалаган. Бирок анын бул кыялы кыял боюнча гана кала берди. Анткени тарых сабагын жата калып окуган Дере археолог болууну чечип, Стамбул университетине сапар алат. Студенттик кези ага моделдик бизнестин эшигин ачат. Тагыраак айтканда, ал «Университет сулуусу» сынагына катышып, алдыңкы орунду ээлейт. Көп өтпөй «Түркия сулуусу» сынагына катышып, баш байге буюрбаса да, 1-орунду ээлеген ага Европа көргөзмөлөрүнөн чакыруу түшөт. Ошентип, Жансу Дере Париж менен Миландагы мода көргөзмөлөрүнө катышып, кыска убакыт ичинде Түркиядагы эң көп каражат тапкан моделдердин катарын толуктайт. Ушундан кийин ал режиссёрлордун да көзүнө чалдыгып, алардан сунуштарды ала баштайт. Анын кино тармагына болгон кадамы 2002-жылдан башталып, алгач «Күүгүм» телесериалында тушоосун кескен. Ал эми атактуулукту ага Гүл Огуздун «Сыла. Үйгө кайтуу» тасмасы алып келген. Өзү да азыркыга чейин «2006-жыл менин жылым, менин ачылышым болгон» деп баса белгилеп келет.
Мындан сырткары Жансу фотоаппарат менен сүрөт тартууга абдан кызыгат. Тарткан сүрөттөрүн Instagram`га киргизип турат. Ал гана эмес, Стамбулда сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүгө сунуш алган. Бирок азырынча ага шашылбай турганын билдирген. Актрисанын дагы бир хоббиси – саякаттоо, дүйнө жүзүнүн ар бир бурчуна барып чыгуу.

ТЕРЕКТЕЙ БОЮНАН УЯЛГАН ЖАНСУ
Жансу Дере мектепте бою узун кыздардын катарын толуктап, арткы партаны эч кимге берчү эмес. «Эмнеге экенин билбейм, теректей болгон боюмдан тартына берчүмүн. Азыр, тескерисинче, келбетим менен сыймыктанам. Келбетимди сактайм деп диетага отурбайм. Болгону майлуу, куурулган тамактардан баш тартам, кээде эле жакшы көргөн пирожкимди жегеним болбосо. Кофе, Кока-Кола жана спирт ичимдиктерин да четке кагам. Таттуу азыктарга башынан эле жокмун. Күнүмдүк рационума сөзсүз зайтун майы кошулат. Анан да сууну көп ичем»,- дейт сулуулугу тууралуу актриса.
Сулуулугуна өзгөчө кам көргөн актриса бүгүнкү күнгө чейин «Magnum», «Avon», «Loreal Paris» косметикалык фирмаларынын жүзү болууга жетишкен. Эске салсак, «Loreal Paris» фирмасы Түркиядан алгачкылардан болуп Жансу Дерени тандап алган.

КЕЛБЕТТҮҮ МЫРЗАЛАРДАН КОРКОТ
Чынында, түрк сулуусуна кимдердин гана көзү түшпөдү. Бирок актриса «түзүлгөн келишим боюнча мен жеке жашоом жана саясат жөнүндө айтпашым, сүйлөбөшүм керек» деп жеке жашоосун ачыкка чыгарбайт. Ошентсе да папараццичилер, журналисттер ал тууралуу көп маалыматтардын башын чыгарып келишет.
Актрисага көз салгандардын бири куудул Жем Йылмаз. Экөө 4 жыл сүйлөшкөнү менен, жыйынтыгы мышык ыйлагыдай болуп аяктаган. Тактап айтканда, Илмаз Жансунун жакын курбусу менен мамиле түзүп, ага баш кошуп алган. Актриса «Сылага» тартылып жатканда сүйүктүүсүнө көп убактысын бөлүп, съёмкага кечигип, тартуучу топтон тил уккан. Ал гана эмес, өнөктөшү актёр Мехмет Алакурттун «экинчи Жансу катышкан долбоорго катышпайм» деп айтканы да бар.
Бул ажырашуусунан кийин Жансу өзгөчө ысымдуу Аху Ятум аттуу мырза, «Догуш медиа» компаниясынын башкы директору Жем Айдын, Кенан Имирзалыоглу менен мамиле түзгөнү айтылат. Ал тургай анын Аху Ятум менен жарандык никеде жашагандыгын түрк журналисттери тастыкташкан. Мындан сырткары эл арасында Халит Эргенч («Даңазалуу кылым», султан Сулейман) экөөнүн арзуусу жөнүндө да кептер айтылган. Бирок Эргенчтин аялы бул маалыматты четке кагып, «Жансу менен жакын мамиледемин. Ал мындай ишке барбайт» деген жообун берген. Жигиттерден көңүлү калганбы, айтор, актриса акыркы маектеринде «Келбеттүү мырзалардан көңүлүм калды. Алардан жамандыкты гана күтсө болот. Азырынча жан биргем жок. Эгер тапсам, мындан аркы жашоомду үй-бүлөмө арнайм» дейт.

Жансу менен куудул Жем Йылмаздын сүйүүсү аянычтуу аяктаган.

«Бош убактымдын көпчүлүк бөлүгүн деңиз жээгинде өткөрөм. Андыктан папараццичилер мени ошол жактан издешсин» дейт.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
umutai.86kg
2013-12-09 10:39:35
рольдорду жакшы ойнойт мага жагат.
0
aygesha
2013-12-09 11:08:12
ииии эч жакпай ушул актриса))))))
0
AikoWka
2013-12-09 17:25:12
Мен бул актрисадан Слейманды Хюрремге кошулуп кызганчумун...
+2
tilek-x
2013-12-09 22:47:02
да красавица экен.
0
yildirim
2013-12-10 00:51:44
Урматтуу Супер инфо жамааты! Маалыматтарды туура берсенер жакшы болот эле. Же туура которгула демекчимин. Биринчиден, Аху Ятум эмес Аху Ягту. Экинчиден, Аху Ягту эркек эмес аял. Аху кыздарга берилчү ысым. Жана ошондой эле Аху Ягту Жем Йылмаздын жубайы. Жансу Дере Аху Ягту менен жарандык никеде жашаган деген маалыматты кайсы жерден таптынар? Тактап туруп чыгарбайсыздарбы.
+3
admin_media
2013-12-10 10:35:52
yildirim,
Саламатсызбы! Маалыматтын баары так жана туура.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
RACh
2013-12-10 11:25:23
Эзель деген киносунда жон эле жанымда болсо жеп жибергим келген, бирок эн жакшы актриса экен го, берки кинодо.
0
Elnuram090
2013-12-10 16:41:27
Жашоосу жакпады мага,женил желпи жылдыздарданго чамасы куудул жигити мынча картан чалго кантип журдукен атасындай кылып
+1
zara-919
2013-12-10 22:06:45
yildirim туура айтат. Аху Ягту эркек эмес аял. юморист Жем Йылмаздын жубайы. Турецкая актриса, модель.
0
Датка кыз
2013-12-11 13:54:09
Мен билген маалымат боюнча Джем Илмаздын аялы Аху Яту. 2012-жылы 10-мартта уйлонушкон экоо. Ал мурун Джансу Деренин жакын курбусу болгон. Ал эми Джансунун суйгону Аху Ятум. Бул жерде деле жазылып турат: Следующим избранником актрисы стал мужчина с необычным именем Аху Ятум. Роман длился недолго, но турецкие журналисты утверждают, что пара жила в гражданском браке. Еще одним увлечением Дере стал гендиректор компании "Догуш Медиа", Джем Айдын.
0
Датка кыз
2013-12-11 13:55:01
Анын эмнесин талашасынар кыздын аты, баланчанын аты деп. Бизде деле коюла берет мындай аттар. Мисалы, Толкун, Миржан, Актилек ж.б.

0
Miregia91
2013-12-13 00:08:11
Датка кыз, tuura aytasyn bizde da baldardyn aty, kyzdarga dele koyulup kelet. Misaly "Jyrgal", "Salamat", "Akyl", "Ulan", "Mayram" degen attardy karap korsok, kyzdarda da erkekterde da kop koyulat go.
0
№ 579, 06-декабрь-12-декабрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан